СССРди тараткан төңкөрүш

Москванын борборундагы Калинин проспектисинде турган танктар. 19-август, 1991-жыл

Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат жыйыны. Анда президенттин милдетин аткаруучу Геннадий Янаевдин (ортодо) колдору титиреп турганын журналисттер байкаган.

Москванын борборунда Ак үйгө коюлган тосмолордо отурган жаштар. 20-август, 1991-жыл

Аскер техникасынын колоннасы. Москва

Манеж аянтындагы жүздөгөн адамдар. Москва, 20-август, 1991-жыл

Орусия федерациясынын президенти Борис Ельцин танкага чыгып алып, элди жалпы нааразылык акцияларына чыгууга чакырууда. 19-август, 1991-жыл

Бородинск көпүрөсүндөгү танк. 2-август, 1991-жыл

Ак үйдү коргоочулар, 21-август, 1991-жыл

Борис Ельцин Жогорку Советтин кезексиз чакырылган сессиясында сөз сүйлөп жатат. 21-август, 1991-жыл

Борис Ельцин жана миңдеген адамдар ПУТЧтун ишке ашпай калганын майрамдашууда. 22-август, 1991-жыл

Виолончелист Мстислав Ростропович москвалыктар менен бирге ПУТЧтун жеңилишин майрамдоодо

Миңдеген москвалыктар Орусиянын чоң байрагын көтөрүп баратышат. 22-август, 1991-жыл

Ак үйдү коргоодо каза тапкандарды жерге берүү учуру. Алардын бири Дмитрий Комар  кыргызстандык, тагыраак айтканда, Ысык- Ата районунан болгон. 24-август, 1991-жыл

 

Совет өлкөсүндөгү ГКЧП деп ат менен белгилүү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 30 жыл толду.