АКШ: Дүйнөдө диний эркиндикке коркунуч күчөөдө

Аялдардын диний эркиндикке чакырган демонстрациясы. Германия, Гамбург. 8-март, 2011

Иран, Өзбекстан, Кытай жана Сауд Арабия адамдардын ишеним эркиндиги ашкере тепселген сегиз өлкөнүн катарына кирет.
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү 200дөй өлкөдөгү динзарлардын абалын изилдеген соң ушундай тыянак чыгарды.

Мамдепартаменттин соңку докладына караганда, аталган өлкөлөрдө адамдар диний көз карашы үчүн тынбай, системалуу түрдө куугунтуктоо “жанды кашайткан” деңгээлге чыгып кеткен.

АКШ Мамдепартаменти докладда көрсөткөндөй, изилдөөнүн максаты “ишеними үчүн куугунтукталган” динзарлар бар экенине, "мындай кордоо-кемсинтүүлөргө жол берген же аны жайылткан коомго жана өкмөттөргө" эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу.

Динзарларды бийликтин колдоосу менен кысмакка алуу, мамкатчы Хиллари Клинтон докладдын жарыяланышында айткандай, алардын элден обочолонуусуна, экстремизмдин “тукумдашына”, диний жаатташууга түрткү берип, социалдык стабилдүүлүккө зыян тийгизет. Ал эми динзарларга сый мамиле жасоо коопсуздукка жана байгерчиликке өбөлгө болот.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон
- Диний эркиндикти сыйлаган бийлик жарандык коом менен иштешип, өз ара урматта жашоого салым кошот. Диний азчылыктардын мүчөлөрүн куугунтуктап-кодулоо ырктын кетишине көмөктөшүүсү ыктымал.

Бийлик сөз эркиндигине ылайыксыз жек көрүүчүлүккө үрөн сепкен сөздөргө каршы элде терс мамилени тарбиялай алат. Бийлик муну менен коомдо толеранттуулукту түптөйт. Бул өлкөнүн ого бетер стабилдүү, коопсуз жана байгер болуусуна жардамдашат.


Былтыр июль-декабрь айларында 200дөй өлкөдө өткөрүлгөн изилдөө Иран, Өзбекстан, Кытай, Сауд Арабия, Түндүк Корея, Бурма, Түндүк Корея, Эритерия жана Судан жарандар диний ибадаттарын эркин аткара алышпаганын ачык кылган. Алар докладда “Өзгөчө кооптонуу жараткан өлкөлөр” деп аныкталат.

Клинтон айымдын сөзүнчө, Иран бийликтери мусулман суфийлерди, христиандарды, иудейлерди, суннилерди, ахмадилерди, бахайилерди, дагы бөлөк диний азчылыктарды куугунтуктоону улантууда.

Бирок динзарларга коркунуч дайым эле бийлик тараптан келбейт. 12-сентябрда Иракта зияратчылар тобунун өлтүрүлүшүнө, мамкатчынын айтышынча, диний бөлүнүүчүлүк негиз болгондой.

- Ирандын батышында коопсуздук кызматынын офицерлери сыяктуу кийинген куралчандар шиит зияратчылар түшкөн автобусту буктурмага алышканын биз кечээ эле уктук. Аялдарды четке бөлүп алышкан. Бирок 22 эркекти атып, денелерин чөлдүн ортосуна таштап кетишкен. Булсыяктуу сөз жеткис мыкаачылык коомдогу тынчтыкты бузуудан башка максатты көздөбөйт.

Косово. Ислам кыймылынын мүчөлөрү динди окуу программасына киргизүүнү талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Косово, 2-сентябрь ,2011
Дүйнө өлкөлөрүндөгү диний эркиндиктин абалына арналган изилдөөнүн чыгышына байланыштуу АКШ мамкатчысынын демократия жана адам укугу боюнча орун басары Майкл Познер да сүйлөдү.

Ал Өзбекстанда мусулмандар үчүн диний маселелерди өкмөттүн уруксаты менен ачылган мечиттердин жанында талкуулоо коркунучтуу экенин, жаңы динге кирүүгө тыйуу салынганына, ошон үчүн “Өзгөчө кооптонууну жараткан” сегиз өлкөнүн тобуна киргизилгенин белгиледи. Тизмеде Иран, Кытай, Сауд Арабия, Түндүк Корея, Бурма, Эритерия жана Судан да бар.

Докладга караганда, Кытайда тибеттик кечилдерди, мусулман уйгурларды жана башка улуттук азчылыктарды куугунтуктоо улантылууда. Экс-советтик Тажикстан, Түркмөнстан, Орусияда да жарандардын диний эркиндиктери толук сакталбайт. Орус бийликтери тыйуу салынган диний адабиятты жайылткан жеке адамдарга кылмыш иштерин алгачкы ирет ачкан.

Мамдепартамент “Өзгөчө кооптонууну жараткан өлкө” деген аныктамага таянып, аларга каршы санкция киргизүүнү сунуш кыла алат.

Ташкен шаарындагы Калян мечити. 2007-жыл
Мамкатчы Клинтон Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы элдик козголуш диний жана улуттук азчылыктарга жаңы коркунучту алып келгенине көңүл буруп, эгер региондун эли демократияны көздөй бекем бел байлап, коомду биримдикте сактоону кааласа, репрессияга дарбаза ачпаш керек деди.

Маалыматтарга караганда, региондо диний жана уруулук бөлүнүүлөр ырбап баратканын көрсөткөн белгилер бар.

Кыргызстанга кайрылсак, 2009-жылкы “Дин жөнүндөгү мыйзам” жарандардын ишеним эркиндигин бир кыйла чектеген, өкмөт мусулман уюму коопсуздукка коркунуч туудурат деп тапса, анын ишмердигин чектөөнү улантууда, деп белгиленет береги АКШ Мамдепратментинин жарым жылдын докладында.

Бир катар диний топтор, анын ичинде Иисус Христос (Мормон) чиркөөсү 2004-жылдан бери, Харе Кришна чиркөөсү үч жылдан бери каттала албай жүрөт. Ал эми башка бир диний уюшмалар 200 мүчөсү бар экенин тастыктабагандан улам каттоодон өтө албай калса, айрым тарса (христиан) миссионерлерине акыркы жылдары ар кандай жүйө менен виза берилген эмес.

Мамлекеттик департаменттин жаңы жарыяланган докладында, Европанын көпчүлүк бөлүгүндө мусулмандарга каршы маанай күчөп, исламды шарданалаган белгилерди чектөө жайыла баштаганы, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдө антисемиттик аракеттер жана айыптоолор көбөйгөнү да айтылат.