Сенаттын чалгындоо комитетинин башчысынын айтышынча, ал АКШнын союздаштары тууралуу чалгындоо маалыматтарын чогултканга “карамандай каршы”.
Дайан Файнстайн айым мындай билдирүүнү дүйшөмбү күнү жасады. Буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги Германиянын канцлери Ангела Меркелдин уюлдук телефонун угуп, Франция, Италия, Испания жана башка мамлекеттердин лидерлеринин электрондук байланыштарын тыңшаганы маалымдалган.
Сенаттын чалгындоо комитетинин төрайымы Дайан Файнстайн 28-октябрдагы билдирүүсүндө, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги - НСАнын айрым программаларын коргоого алып, жашыруун маалымат жыйноо глобалдык терроризмге каршы күрөшүүдө абдан маанилүү роль ойноду деди. НСАнын Вашингтондун союздаштарынын лидерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын агенттиктин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден ашкере кылган.
Калифорниялык демократ Файнстайн ошондой эле Ак үй ага эми союздаштар боюнча берегидей маалымат топтоо токтотулат деп сөз бергенин жана Сенаттын өзү жетектеген комитети НСАнын маалымат жыйноо программасын ар тараптан иликтеп чыгарын билдирди.
АКШнын европалык союздаштары, алардын ичинде Германия, Франция, Италия, Испания Вашингтондон лидерлердин телефон сүйлөшүүлөрүн НСАнын угуусу боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Германия канцлери Ангела Меркел ага байланыштуу президент Обамага телефон чалганга чейин барган болчу.
Мындай жагдайда Барак Обама НСАнын жашыруун программасына байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал дүйшөмбү күнү Вашингтондун Fusion телеканалынан сүйлөп, жогорудагыдай кабарларды ырастай албасын айтты:
- Эң алды айтарым, мен басма сөздө жасалган ырастоолорду тастыктабайм. Бирок улуттук коопсуздукка байланыштуу операциялар, эрежеге ылайык, бир максатты: Америка эли коопсуз экенине ишенүүнү көздөгөнүн мен айткам.
АКШ президенти технология ылдам өнүгүп бараткан шартта маалымат топтоо мүмкүнчүлүгү да жакшырарын, бирок чалгындоо кызматы ишти мыйзам чегинде жүргүзгөнү маанилүү экенин жууктата белгиледи:
- Эл аралык деңгээлде биздин чалгындоо командаларыбыз кандай иштөөсү тууралуу чектөөлөр аз. Мен айткам, атүгүл Сноуден ашкере кылганга чейин айткам: технологиянын өнүгүүсү чалгындоо маалыматтарын чогултууну жана мүмкүнчүлүктү алда канча кеңейтет, андыктан биз ишти туура багытта жасаганыбызга ишенгенибиз маанилүү. Бул биздин баалуулуктарыбызга жооп берет.
Ага дейре Европадагы нааразылыктарга байланыштуу Ак үй маалымат чогултуу программасы каралып чыгып, кыскартыларын кулак какты кылган.
“Маалымат жыйноо мүмкүн болгону үчүн эле чогултулбай, биздин коопсуздук тармагындагы керектөөбүзгө ылайык болгондой кылышыбыз керек,”- деп билдирген Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни.
Карни билдирүүнү дүйшөмбү күнү Испания АКШ элчисинен өлкө жарандарынын сөздөрүн тыңшалган деген каңшаар боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылгандан кийин жасады. Расмий Мадриддин айтымында, бул кабар ырас чыкса, эки өлкө арасындагы мамилеге зыян келтириши мүмкүн. Испаниянын El Mundo гезити Сноуден жарыялаган жашыруун документтерге таянып, НСА бир айда Испанияда 60 миллиондон ашуун телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын жазды.
Бу сыяктуу айыптоолор АКШ менен Евробиримдик ортосундагы соода жана маалымат алмашуу жөнүндөгү келишимдерге кол койгонго тоскоол болуп калышы мүмкүн.