Америкалыктар асырап алган кыргыз балдар

Иш-чарага америкалыктар асырап алган кырктай кыргыз бала чогулду.

Бул жолугушууга балдардын ата-энелери менен бирге жүз чакты адам катышты.

"Кыргызстандын мурасы" аталышындагы иш-чара жыл сайын ​“Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму, АКШдагы Кыргызстандын элчилиги менен бирдикте уюштурулуп келет. Бул жылы ага башка шаарлардан келген кыргыз журтташтар ыктыярчы катары катышты.

Уюштуруучулар жана ыктыярчылардын бардыгы улуттук кийимдерди кийип, чогулган бөбөктөргө кыргыздардын үрп-адаттары, салт-санаалары тууралуу кеңири айтып беришти.

"Кыргызстандын мурасы" иш-чарасына быйыл жети жаштагы Азамат да барды. Аны Пенсильвания штатында жашаган Шимкустардын үй-бүлөсү 2008-жылы асырап алган. Бирок андан көп өтпөй Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна мораторий киргизилгендиктен баланы 2014-жылдын сентябрында гана алып кетишкен. 

Азамат быйыл биринчи классты аяктады. Ал нышан (үстүңкү ээрди жырык) болуп төрөлгөн. АКШдан ага операция жасалып, учурда дарыланып жатат.

Азаматтын энеси Габриелла уулу абдан акылдуу жана сүйкүмдүү экенин айтат. "Уулубуз төрөлгөн элди жана жерди биз да абдан жакшы көрөбүз"-дейт ал. Азамат Эмерсон жана Грейсон аттуу эки карындашын аябай жакшы көрөт.

АКШдагы “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму америкалык үй-бүлөлөр асырап алган кыргыз балдарын чогултуп, 20-21-июнда Вашингтондо “Кыргызстандын мурасы” деген аталыштагы атайын иш-чара өткөрдү.