"Оома" штаттар Ромниге оойбу же Обамагабы?

Таманына АКШ президентине талапкерлер Митт Ромни жана Барак Обаманын сүрөттөрү түшүрүлгөн сандал. 2012

Соңку маалыматтарга караганда, Обама “арсар” штаттарда бир аз озуп чыкты. Мындай штаттардын добуштары Ак үйдүн жаңы кожоюнун шайлоодо чечүүчү болот.
Социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, президент Барак Обама же анын бирден бир атаандашы, республикачыл Митт Ромни жеңет деп так айтуу кыйын. Жекшемби күнкү шайлоочулар менен жолугушууда Обама дагы төрт жылга шайланып калса, “реалдуу өзгөрүүлөрдү” жасаганга бар жөндөмүн жумшаарын айтты. Ромни болсо Обаманы кайра шайланганга татыктуу иш жасабады, кайчы пикирлерди укпайт деп сындады.

Президент Барак Обама(оңдо) жана республикачыл талапкер Митт Ромни 22-октябрдагы финалдык үчүнчү теледебаттан кийин. 2012

Республикачыл талапкер Митт Ромни жекшемби күнү Огайо штатындагы шайлоочулар менен кездешүүдө Барак Обама өткөн төрт жылда экинчи мөөнөт президент болуп калганга татыктуу иш жасабады деди:

- Мен аларды бардык сөзүңөрдү, бардык жарлыктарды жана бардык кайым айтууларды четке койгула дагы фактыларга карагыла деп айтам. Сүйлөшүүлөр эч нерсеге арзыбаганын, фактылар реалдуу жана алар реалдуу аракеттин натыйжасы экенин көрөсүңөр. Өзгөрүү сөз менен өлчөнбөйт. Өзгөрүү жетишкендик менен ченелет. Ошон үчүн фактыларга карагыла.

Ромни демократ атаандашын партиялык кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албады, республикачыдардын пикирлерине таназар бербеди, а түгүл бейтарап адамдардын үнүн укпайт деп күнөөлөгөнгө чейин барды.

Президентке талапкерлер үчүн маанилүү саналган Огайо штаты шайлоочулар коллегиясында 18 добушка ээ. Бардыгы Шайлоочулар коллегиясында 538 мүчөсү бар. Президенттикке шайлануу үчүн аз дегенде коллегиянын 270 мүчөсүнүн колдоосу керек.

Барак Обама жекшемби күнү АКШнын түндүк-чыгышындагы Нью-Гемпшир штатына барды. Ал эл менен кездешкенде ага ишеним көрсөтүлүп, кайра президент шайланса, бар кудуретин саясий-экономикалык турмушка нукура өзгөрүүлөрдү алып келгенге үрөй турганын баса белгиледи:

- Менин позициям, менин көз карашым сиздерге маалым. Мен чындыкты сүйлөйм жана ар күнү сиздер үчүн, сиздердин үй-бүлөңүздөр үчүн күрөшөм. Анткени, сиздер мени президент кылып шайлагансыздар. Ошон үчүн сиздер өзүңүздөрдөн: “Ким мен үчүн күрөшөт? Ким реалдуу өзгөрүү алып келет?” деп сураганда, сиздер билесиздер: мен чыныгы өзгөрүү эмне экенин билем, анткени ал үчүн сиздер менен чогуу күрөшүп жаттык. Менде андай далилим бар. Анын түйшүгү менен жүрүп, чачым агарды.

Огайо сындуу эле “оома” шаттардын тизмегиндеги Нью-Гемпширдин шайлоочулар коллегиясында 6 добушу бар. Акыркы сурамжылоолордун ырасташынча, бул экөөнөн башка да Висконсин, Колорадо жана Айова сыяктуу “оома” штаттарда Барак Обама республикачыл атаандашына караганда көбүрөөк колдоого ээ.

Серепчилер мурдакы шайлоолордун тажрыйбасына таянышып, дал ушундай бюллетенди салганча аркы-терки болуп турган “оома” штаттар 6-ноябрдагы саясий таймаштын тагдырын чечет дешет.

Вашингтондогу акча каражаттарынын шайлоого жана саясатка тийгизчү таасирин изилдөөчү бейөкмөттүк борбордун (Center for Responsive politics) маалыматы боюнча, быйылкы президенттик шайлоого 2, 6 миллиард доллар сарпталат. Бул 2008-жылы Барак Обама жеңген шайлоодогуга салыштырганда 0, 2 млрд долларга аз.