АКШнын ЖОЖдорунда паракорлук табылды

Лос-Анжелес, Калифорния. 22-май, 2018-жыл.

АКШда чоң пара төлөп балдарын Йел, Стэнфорд өңдүү абройлуу университеттерге өткөргөн ата-энелер менен 25 миллион долларлык коррупциялык схемага катышкандарга айып коюлду.

Массачусетс штатынын прокуратурасы колунда бар, бай адамдардын балдарын эң мыкты жогорку окуу жайларына пара берип киргиздирген схеманын бети ачылганын билдирди. 11-мартта бир нече киши кармалган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Калифорниядагы Ньюпорт Бич деген жердеги окууга дайындоочу компания Йел, Стэнфорд, Жоржтаун, Техас жана башка абройлуу университеттерге тапшырууга жардам берчү.

Расмий документтерде фирма соопчулук менен алектенгени көргөзүлсө да полиция иш жүзүндө ал арам акчаны адалдачу деп эсептейт. Шейшемби күнү компаниянын негиздөөчүсү, 58 жаштагы Уильям Сингер 2011-2018-жылдар аралыгында бай ата-энелерден 25 миллион доллардан көп акча алганын мойнуна алды.

Анын кардарлары кайрымдуулукка жамынып бир бала үчүн 100 миңден бир нече миллион долларга чейин төлөшкөнү ачыкка чыкты. Тергөөдө аныкталгандай, акчанын бир бөлүгү спорттук аттестаттарды жасоого жардам берген машыктыруучуларга, балдарды чоң мелдештерге катышкан атлет кылып көргөзгөн фотомонтаж даярдагандарга берилип турчу. Анткени айрым университеттерде спорттогу жетишкендиктери мыкты абитуриенттер үчүн квоталар каралган. Компания окууга кирүү экзамендеринин жыйынтыктарын бурмалоого катышканы да аныкталган.

Ошондой эле ата-энелерге Техастагы же Калифорниядагы тест тапшыруу борборун тандоо сунуш кылынчу экен. Ал жерлерде иштеген администраторлор Сингердин компаниясынан пара алып, туура эмес жоопторду оңдоп же тестти таптакыр башка кишиге жазууга шарт түзүп келишкен.

Прокурорлор айрым учурларда балдар ата-энелеринин андай былыктары тууралуу кабарсыз болгонун билдиришүүдө.

Стэнфорд университети.

Жаңжалга кириптер болгон окуу жайларынын студенттерин мындай бурмалоо кайдыгер калтырган жок. Түштүк Калифорния университетинин студенти, 19 жаштагы Анжелика окууга өтүүдөгү алдамчылык аны иренжиткенин айтты:

«Университетте капчыгы жука, азчылыктардын өкүлдөрү үчүн атайын программа бар. Окуу жайы андай студенттерди чындап колдойт. Анан андай жардамга татыктуу эмес адамдар программадан пайдаланып жатканы абдан өкүнүчтүү».

Мындай адилетсиздик менен ошол эле университетти аяктаган Жэсон Сан да макул эмес.

«Коллеждерге, университеттерге кабыл алуу студенттин эмгегине, билимине, тажрыйбасына таянышы керек деп ойлойм. Ата-эненин колдоосу, катышуусу албетте, жакшы. Бирок адамды адам кылган акча эмес. Менимче университеттен орун сатып алуу окуу жайына гана эмес, өзүңө, мүмкүнчүлүктөрүңө, жөндөмүңө кыянаттык кылууга тете», - деди ал.

Бул АКШдагы жогорку окуу жайларына байланышкан биринчи жаңжал эмес. Буга чейин Бостон прокуратурасы окууга кирүү экзамендерин бурмалаган кытайлыктарга айып койгон. 2016-жылы тестирлөө борборундагы жооптордун коопсуздугу жакшы камсыздалбай ачыкка чыгып кеткенде чоң чыр чыккан.

Бул ирет коррупциялык ишке катышкан деп айыпталгандардын арасында 33 ата-эне, алардын катарында Голливуддун белгилүү эки актрисасы жана коррупциялык схемага катышкан 13 башка киши бар. Алар күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.