АКШда бир нече штат COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү азайтат

Мичиган штатында карантинге каршы чыккандар. 15-апрель, 2020-жыл

Америкада бир нече штатта катаал карантин, социалдык обочолонуу эрежелерине каршы нааразылык акциялары өтүп, кээ бир штаттар жакынкы апталарда чектөөлөр азайтыларын билдиришти.

Мичиган штатынын губернатору экономиканы акырындап ачуу шарттары 1-майда башталарын жарыялады. Шаршембиде ушул штатта 3000дей киши "жумушка, окууга кайткыбыз келет" деп нааразылык акциясына чыгышкан.

Вермонт, Батыш Виржиния, Гавайи жана Монтана штаттары экономиканы жандантуу планы 4-майдан тарта акырындап ишке ашарын билдиришти.

АКШда азыркыга чейин 22 миллиондой киши жумушсуз катары расмий катталып, өкмөттөн жөлөкпул сурап кайрылды. Америкада жаңы вирусту жуктуруп, илдеттин айынан каза тапкандардын саны ишембиге карата 37 миң кишиден ашты. Президент Трамп нааразылык акцияларын уюштургандарды түшүнүп турганын айтса, айрым эксперттер социалдык обочолонуу эрежелери сакталбаса, коронавирусту жуктургандардын саны кескин көбөйүп кетиши мүмкүн деп эскертүүдө.