Кытай «соода согушунда» АКШга жооп берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай 13-майда жалпы суммасы 60 миллиард доллардык америкалык товарларга бажы тарифин киргизди.

Бул Бээжин менен Вашингтондун соода согушунда кытай тараптын жообу болуп калды. Андан мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифин 25 пайызга чейин көтөргөн. Өткөн жумада АКШ-Кытай соода келишимин түзүү тууралуу Вашингтондогу сүйлөшүүнүн 11-айлампасы жыйынтыксыз аяктаган эле. Кытай менен Кошмо Штаттардын соода согушу дээрлик он айдан бери уланып жатат.

Кытайдын Финансы министрлиги 13-майда тараткан маалыматка караганда, Бээжин 1-июндан тартып АКШдан ташылган 60 миллиард долларлык товарга бажы алымын киргизет. Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И Бээжиндин аракетин мыйзамдуу жооп катары түшүндүрдү:

Ваң И.

«Биз азыркы шартта бири-бирине сөөмөй кезөөнү жөнсүз деп эсептейбиз. Ашыкча басым көрсөтүү мыйзамдуу жооп кайтарууга гана түртөт. Кытайдын чаралары биздин мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоого гана эмес, көп тараптуу соода системасын сактоого багытталган».

10-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Бээжин менен Вашингтондун жаңы соода келишими боюнча сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын күтпөстөн, Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифин 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөргөн. Трамп тарифтерди көтөрүү боюнча чечими үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөп, келишим түзүүгө жакын калганда Кытай буга чейинки «соода боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген убадаларды бузду» деп айыптаган. Андан кийин ал Бээжинди жооп кайтарбоого чакырган.

Дональд Трамп.

«Биздин аракетибиз эң жөнөкөй. Анткени Кытай көптөгөн жылдардан бери АКШга карата артыкчылыкка ээ болуп келди. Мен жалаң эле Обаманын башкарган заманын айтып жаткан жокмун. Бул андан да тереңге кетет. Башкача айтканда, жыл сайын АКШдан 400, 500, 600 миллиард доллар чыгып кетип жаткан. Биз мындайга жол бере албайбыз. Биздин позициябыз абдан күчтүү», - деген Трамп Бээжинге соода келишимин азыр түзүүгө чакырды. Ал «2020-жылдагы президенттик шайлоодо бийликке демократтар бийликке келип калабы» деп үмүт кылбай эле коюш керек экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, быйыл Жапонияда өтө турган «Чоң жыйырманын» жыйынында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугууну пландап жатат.

Өткөн жумада АКШ-Кытай соода келишимин түзүү тууралуу Вашингтондогу сүйлөшүүнүн 11-айлампасы жыйынтыксыз аяктаган.

Кытай менен АКШ дүйнөдө экономикасы ири алдыңкы эки өлкө экени белгилүү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдын АКШга жөнөткөн экспорту 478 миллиард долларды түзсө, америкалык товарлардын экспорту 155 миллиард болгон.

Дагы караңыз АКШ-Кытай: «соода согушунун» уландысы

Былтыр Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ аныкынан төрт эсе чоң Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө бажы тарифтерин көтөрүшкөн. Бирок декабрда АКШ менен Кытайдын лидерлери Дональд Трамп жана Си Цзиньпин Аргентинада, «Чоң жыйырманын» саммитиндеги жолугушууда «соода согушунда» убактылуу тыныгуу алууну макулдашкан.

Бээжин менен Вашингтон декабрдан бери эки тараптын кызыкчылыгына туура келген жаңы соода келишимин түзүүнүн жолдорун издеп, бирок мунаса таба элек. Тескерисинче, жогоруда айтылгандай, эки тарап тең бири-бирине каршы тарифтерди көтөрүүгө барып отурат.

Трамптын администрациясы «эки тараптуу соодада адилетсиздик бар» экенин билдирип, Кытайды «интеллектуалдык менчикти уурдап жатат» деп айыптап келет. Ошондой эле Кытайга «юандын курсун жасалма жол менен төмөн кармап турат» деп доомат артып жүрөт. Батыш экономисттеринин пикирлеринде, юандын төмөн курсу АКШга пайда алып келбейт. Себеби, АКШнын товарларынын атаандаштык сапаты түшүп, Кытайга экспортту көбөйтүүгө жолтоо болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.