АКШда жүк ташыган кыргыздар арбын

Чоң жүк ташуучу унаа (трак).

Акыркы жылдары АКШда жашаган кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Учурда бейрасмий эсеп менен 30 миңге жакын журтташ бул өлкөдө окуп, эмгектенип жүрөт. АКШда кыргызстандыктардын арасында эң кирешелүү жумуш катары жүк ташуучу автоунаа айдагандардын иши эсептелет. Бул жумуштун маянасы көп болгону менен түйшүгү да ошого жараша.

АКШнын кан тамырын элестеткен жолдордо күндөп-түндөп автоунаа башкарган кыргыз айдоочуларынын бири Канат (аты өзгөртүлдү - ред.) “Азаттыкка” бул жумуштун оош-кыйышын айтып берди.

Канат 2013-жылы Америкага барып, башка мекендештердей эле мыйзамсыз калып калган. Анын оор жүк ташуучу же трак айдап иштегенине үч жылга аяк басты. Бул ишке чейин бир нече жумушта өзүн сынап көргөн.

"Алгач жолго чыкканда алаканым аябай тердеген"

"Кошмо Штаттарга 2013-жылы келгем. Жүк ташуучу автоунааны айдап иштегениме үч жылдан ашып калды.

Бул жумушка орношуу үчүн алгач окуш керек. Кыргызстандагыдай эле оор машинаны айдаш үчүн атайын класстагы айдоочулук күбөлүктү милдеттүү түрдө алышың керек.

Чоң жүк ташуучу автоунааларды трак деп коебуз да, аны алуу үчүн Е класстагы күбөлүк болушу керек. Ал үчүн эки-үч жума окуп, сынакта теориясын оозеки тапшырасың. Андан соң машине айдап, жөндөмүңдү иш жүзүндө далилдешиң керек.

Мурда машине айдагам, көп кыйналган жокмун. Бирок жеңил болду деп да айта албайм. Күбөлүк алгандан кийин дароо эле кан жолго жалгыз чыгып кете албайсың. Анткени бул өтө оор.

Алгач мен досум менен жолго чыгып, эки жума чогуу жүрдүм. Ал мага жүк жүктөгөң кардар табуу, аны ташуунун жол-жобосун үйрөттү. Узун жолдогу айрым сырлар менен бөлүштү. Мындан соң жүк ташуучу компанияга орноштум. Албетте алгач кооптуу. Ташыган жүгүң үчүн жооп бересиң, баарына көз салышың керек. Эсимде, биринчи жолу узак жолго чыкканда алаканыма чейин тердеп, аябай сүрдөгөм.

Биздин жумуш негизинен кан жолдо жүрмөй. Он күндө бир үйгө келип турам. Өзүм Цинциннати шаарында турам. Ал жакта кыргыздар көп. Эки жумада бир, он күндө бир дем алыш күндөргө тууралап келем. Үй-бүлөм менен чогуу убакыт өткөргөнгө аракет кылам. Он күн ичинде алган жүгүңө жараша бир нече штатка барууга туура келет. Баары аралыктан көз каранды.

Мисалы, Филадельфия штатынан Калифорнияга сапар тартсаң чыгыштан батышка чейин бардык штаттарды басып өтөсүң. Кээде ат чабым жердеги жакынкы аймактарга эле жүк алып калабыз.

Чоң жүк ташуучу унаалар токтой турган атайын жай.

"Кандай жүк алып баратканыбыз менен ишибиз жок"

Кардарды компаниянын диспетчерлери таап берет. Биз алар сунуштагандардын арасынан тандап, баасын соодалашып, анан ишке киребиз.

Жүктүн көлөмүнө эмес, салмагына карайбыз. Тракка 22 тоннадан ашык жүк жүктөй албайбыз. Ар бир штаттын кире беришинде трактын салмагын текшере турган таразалар бар. Жүгүң нормадан ашып кетсе айып пул салат. Негизинен ар кандай тамак-аш, суу, жаныбарлардын жемин жүктөйбүз.

Бизге кандай товар ташыганыбыз айырмасы жок. Фирма айдоочуга жүктү алып бара турган жердин дарегин, жүктүн номерин жана документтерин беришет. Кокус полиция токтотуп калса, биз ошол документти көрсөтөбүз. Айдоочу товарды бүлүнтпөй, убагында жеткирип берүүгө тийиш. Кымбат баалуу же аярлуу товар болсо кулпу тагып коет. Жолдон полиция ачып текшерсе, “биз ачтык” деп кагаз жазып беришет, шектүү эч нерсе жок болсо кайра бекитип коюшат. Жолго жалгыз чыгабыз.

Машиненин канча жүргөнүн, кай жакта токтогонун көзөмөлдөгөн аппарат автоунаанын ичине орнотулган.

"Машиненин ичинде бардык шарттар бар"

Трактын ичинде эле уктайбыз. Ичи бир бөлмөлүү батир сыяктуу, бардык шарттар бар. Тактап айтканда, керебет, муздаткыч, тамак жылыта турган меш коюлган.

Айткандай эле ар бир штаттын кире беришинде трак токтоочу жайлар бар, ошол жерлерде айдоочулар үчүн акысыз жуунучу жайлар, ашкана тапса болот. Ошол жерден тамактанып, автоунаанын ичинде уктап, эс аласың. Кыргыз айдоочулардын көбү муздаткычтарына даяр тамактарды салып алышат, кээ бири мультиваркага бышырып жешет.

Мен көбүнчө үйдөн алам жана сатып жейм. Айдоочуга эреже боюнча он бир саат айдаганга гана уруксат. Он саат укташ керек. Азыр автоунаанын ичине атайын планшет коюлган, ал трактын кыймылынын баарын каттап турат. Полиция ошол трак аркылуу текшерет. Ал программа баарын көрсөтөт.

Кээде түнкүсүн айдоого туура келет. Уйкум келип баратса, энергетикалык суусундук ичем. Ал да жардам бербей баратса, анда машинени токтотуп укташ керек. Чоң жолдордун четтеринде атайын сызыктар бар, уктап кетип жолдон чыгып баратсаң машине термелип, белги берет. Вибрациянын күчүнөн көзүң умачтай ачылат.

Бирок ага жеткирбегенге аракет кылыш керек. Жок дегенде эки саат уктап алган оң. Жолдон музыка, даректүү аудиотасмаларды, Кыргызстандын радиолорун онлайн угабыз. Жолдогу башка балдар менен телефондон конференц-чат кылып сүйлөшөбүз.

Унаа токтой турган жердеги жуунучу жай.

"Трак айдаган кыргыздар көп"

АКШда айдоочу болуп иштеген кыргыз балдар көп эле. Цинциннатиден башка, чоң жүк ташуучу автоунаа айдаган кыргыздарга Чикагодон, Нью-Йорктон жана Филадельфиядан жолугасың.

Мени менен чогуу эмгектенген кыргызстандыктардын "Вотсапта" атайын чатыбыз бар. Анын катышуучулары 60-70ке жетет. Башка компанияларда иштеген кыргызстандыктар да көп.

“Жол азабы, көр азабы” деп коёт эмеспи. Жолдо жүргөндө ар кандай кырдаал болот. Түрдүү шаарларга барасың. Маселен, Нью-Йорктун Бруклин районунда жолдор тар, тыгын көп, жүк алып чыгыш кыйын.

Батыш жагынын жолдору тоолор аркылуу өтөт. Кышында кар жааганда барып калсаң, тракты токтотуп дөңгөлөктөргө чынжыр салышың керек, салбасаң айланбай калат. Чынжыр тагылбаганын көрсө, полиция токтотуп айып салат. Ошондуктан жолдордо белги пайда болгондо эле чынжыр салып, кайра чечүүчү жерден аласың. Айтор, кышкысын бир топ эле убара болосуң.

Кырсыкка кабылып, жумуштан чыгып кеткендер болот. Маселен, жүк оор салып тракты оодарып алгандар болот. Кыйналып кетип такси айдап же башка жумушка өтө качкандар деле бар.

Машиненин ичиндеги керебет.

"Акча асмандан түшпөйт"

Машинени ижарага алып иштеткендер акысын апта сайын төлөп турат. Болжол менен 1100-1200 доллардай болот. Анда машинени айдайсыңбы же эс алып үйдө жатасыңбы баары бир аптасына төлөйсүң.

Насыяга сатып алсаң болот, кийин өзүңдүкү болуп калат, ижара ээсин ойлобой үйдө каалаганча эс алганга да ыңгайлуу. Ижарага алсаң үйгө зарыл болгондо гана келип, бош отурбаганга аракет кыласың. Трактын жаңысын сатып алам десең 145 миң доллардан жогору турат, 200 миң долларга чейин тапса болот. Ал эми колдонулган тракты 30-50 миң долларга табасың.

Машинелер токтоочу жердеги ашкана.

Бирок 30 миң доллар тургандары өтө эскилер. Азыр бул жумушта иштеген кыргыздар көбөйгөндөн бери тракты сатып алып эле иштегенди туура көрүп калышты. Жумасына 1000 доллардан 3500-4000 долларга чейин тапса болот.

Айдоочулук иштин жакшы жагы - жакшы акча тапканың, экинчиден, эл көрүп, жер көрөбүз. Айрымдар ар апта сайын үйүнө барганга аракет кылат, бойдок балдар зарыл жумуштары болуп эле үйүнө барбаса, жолдо жүрө беришет. Эс алгысы келсе жүк алып океан жээгине барып ошол жактан эс алышат.

Менин уулум кичинекей, аны менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылам. Келгенден кийин иштеш керек, канча тапканың менен ошончо чыгымы бар. Батир, тамак-аш, кийим-кече, күнүмдүк майда-чүйдөлөргө сарптайсың. Бул жерден өзүңө гана ишенишиң керек, башка эч ким жардам бербейт. Кыргызстандан деле иштесең акча табасың. Мен Москваны деле көрдүм, эч жерде асмандан акча жаабайт.

Автоунаа токтоочу жердеги кир жууй турган машинелер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.