Түндүк Корея абагынан бошотулган жигит каза болду

Отто Уормбиер маалымат жыйынында. 29-февраль, 2016-жыл

Түндүк Кореяда абактан бошотулган америкалык студент өзүнө келбей жатып каза болду. Ал 13-июнда мекенине алып келинип, ооруканага жаткырылган. Отто Уормбиер Пхеньянда үгүт плакатын уурдаганы үчүн мамлекетке душмандык кылды деп 15 жылга соттолгон болчу.

Отто Уормбиер мекенине келгени менен өз үйүнүн босогосун аттаган жок. Комадан чыгалбай жатып туулуп-өскөн Цинциннати шаарындагы ооруканада үзүлдү. Ал 22 гана жашта болчу.

Муну менен кошо Оттонун ата-энесинин аз убакытка жанган үмүтү да өчтү. 17-июнда эле Фред Уормбиер уулунун боз күрмөсүн кийип, ал окуган мектепте эл менен жолугушкан эле:

- Акыркы 18 айда бурмаланган маалыматтардан же эч бир маалыматтын жоктугунан улам аябай эзилдик. Азыр эми уулубуз өз жергесинде экенине өтө кубанычтабыз. Биз азыр ал окуган мектепте турабыз. Эми мен силер менен Отто тууралуу сүйлөшө алам. Мен ал сотто көрсөтмө берип жатканда кийген күрмөсүн кие алам. Отто, мен сени ушунчалык жакшы көрөм, сен өз жериңде экениңе ушунчалык кубанычтамын. Сен керемет жигитсиң...

Аны менен бирге эле ата-энеси Отто "түндүк кореялыктар тарабынан аёосуз кыйноого" кабылганын билдиришкен.

Уормбиерди учактан ооруканага алып баратышат

Уормбиер теңтуштары менен адегенде Кытайга туристтик сапарга барган. Жол уланып кетип 25-декабрда Бээжинден Түндүк Кореяга келет. Кайтарында күч кызматтары топтун ичинен аны сууруп чыгышып, камакка алышат.

Бул өлкөнүн бийлиги америкалык туристти “кастык аракеттерге” барган деп айыптаган. Бирок кандай аракеттер экенин ачыктаган эмес.

Уормбиер өзү мейманканада илинип турган саясий плакатты алып салганын жана бул аракети Түндүк Корея элинин мотивациясына доо кетирүү үчүн жасалганын пресс-конференцияда айткан. Ал бул көрсөтмөсүн эч кандай басым, кысымы жок бердиби же жокпу белгисиз. Эл аралык маалымат каражаттарында мындай мазмундагы жыйындар жасалма экени белгиленип жүрөт. Ошентип өткөн жылдын мартында 15 жылга эмгек абагына кесилген.

Түндүк Корея бийлиги студентти "гуманитардык түшүнүктөн" улам кое беришкенин айтышууда. Ошондой эле алар Отто адегенде ботулизмге чалдыгып, уйкунун дарысын ичкенден кийин комага түшкөнүн ырасташат.

Бирок америкалык дарыгерлер ага ишенбей, ал оор неврологиялык травмага чалдыкканын, анын себеби белгисиз экенин билдиришкен. Ошондой эле Уормбиер канча убакыт комада жатканы да беймаалым.

- Көп жаман окуялар болду. Бирок биз жок дегенде анын мекенине, оор абалда болгонуна карабай аны көргөнүнө бактылуу болушкан ата-энесине келүүсүнө жетише алдык. Бирок ал бир аз мурда жан берди. Ал катаал режим, биз аны менен күрөшө алабыз, - деди АКШ президенти Дональд Трамп.

Трамп ошондой эле студенттин өлүмү мыйзам үстөмдүгүн жана адамдык акыл-парасатты тебелеп-тепсеген режимге каршы турууну жана мындай окуяларды болтурбоодогу чечкиндүүлүгүн арттырарын кошумчалады.

Түндүк Кореяда бийлик атадан балага өтөт, каяша айткандар катаал жазаланат

Бул ортодо таасирдүү сенатор-демократ Бен Кардин "варвардык жүрүм-туруму уланып жатканына" байланыштуу Түндүк Корея режимин жоопко тартууга чакырды.

- Кошмо Штаттары душман өлкөлөр жарандарын өлтүрүп жатканы менен келише албайт жана келишпеши керек, - деди дагы бир таасирдүү сенатор-республикачы Жон Маккейн.

Мыйзамгерлер арасында америкалыктардын Түндүк Кореяга баруусуна тыюу салууну сунуштагандар да болду.

Отто Уормбиердин өлүмү эки күндөн кийин Вашингтондо өтө турган АКШ-Кытай коргоо жана тышкы иштер министрлеринин жыйынындагы темалардын бири болору күтүлүүдө. Кытай өзгөчө өзөктүк курал маселесинде Түндүк Кореянын башкы ресурс булагы болгондуктан ортомчулук ролу зор.

Бул арада айрым америкалык маалымат каражаттары жооп чарасы катары Вашингтон Пхеньянга жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүндүгүн да жазышууда.

Түштүк Корея президенти болсо Түндүк Кореядан камактагы башка дагы түштүк кореялык жана америкалык жарандарды тез арада бошотууну талап кылды. Бул үчүн өкмөтү бардык аракетин жумшарына ишендирүүдө.

Мурдараак АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Уормбиерди камактан чыгаруу тууралуу макулдашуу жетишилгенин, АКШнын дагы үч жаранын камактан бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.