Дүйнөдө дин эркиндиги чектелүүдө

Тунисте салафилер Конституция шариаттын мыйзамдарына негизделишин талап кылышкан митингден, 23-март, 2012

АКШнын Мамдепартаменти жаңы баяндамасында дүйнөдө диний эркиндик кыскарганын белгилеп, муну “тынчсызданта турган көрүнүш” деп атады.
Былтыркы жылга анализ жасаган баяндамада глобалдык алкакта азыр антисемитизм күчөгөнү да баса белгиленет.

Мамлекеттик департаменттин бул жолку баяндамасында 200 өлкөдөгү диний абал талдоого алынганын дүйшөмбүдө Вашингтондо мамкатчы Жон Керри айтты. “Кайсы бир динди тутунуу, ишенүү же ишенбөө, башка динге өтүү – ар бир адамга төрөлгөндөн эле бериле турган фундаменталдык укук”, - деди мамкатчы.

"Өлкөлөр диний эркиндикке чабуул жасаганда кимдир-бирөөгө сокку уруп гана тим болбойт, алар өзүндөгү стабилдүүлүккө коркунуч келтиришет. Биз мындайды көп жерлерде көрүп жатабыз, - деди Керри. - Ошон үчүн дин тутунуу эркиндигине чабуулдар АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн моралдык да, стратегиялык да тынчсызданууну жаратат".

Докладда диний ишенимди өзгөчө кысмактагандардын катарында Кытай, Орусия, Иран, Сауд Арабия жана Борбор Азия өлкөлөрү аталган.

Айрым өлкөлөрдө өкмөттүн чиновниктери адамдарды тутунган дини үчүн кодулаганы, бирок ал үчүн эч кандай жазага тартылбаганы жөнүндө далай мисалдар кеңири сүрөттөлдү.

Эң оор учурлардан

Иранда, маселен, 2012-жылы өкмөт кантип диний азчылыктарга, алардын ичинде сунни мусулмандары менен бахаилерге, ачык кысым көрсөткөн учурлары далилдер менен келтирилген. Бийликтер ирандык-америкалык жаран, христиан динаятчысы Саид Абединини июлда үй камагына алып, кийинчерээк белгилүү “Эвин” түрмөсүнө камашты.

Орусияда болсо өкмөт диний азчылыктарды экстремизмге каршы мыйзамдар менен айыптап, аларга эркин жыйналууга тыюу салды. Бийликтер диний азчылыктарга каршы рейддерди өткөрүп, айрымдарын камап, Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүшүнө жол бербей, миссионерлерге визадан баш тартканы да айтылат.

“Борбор Азияда өзбек бийликтери кандай гана динди кармангандар болбосун, катуу берилгендерин түрмөгө камап, аларды абакта уруп-сабап, диний мазмундагы китеп-баракчаларды жок кылган” делет.

“Ошондуктан, - дешет докладдын авторлору, - көптөгөн өкмөттөр дискриминацияга жол берген мыйзамдары менен өздөрүндөгү диний коомдор ортосунда кастыкты күчөтүп, коркунучтуу абал түзүлүшүнө шарт түзүп беришти”.

Кошмо Штаттардын Эл аралык диний эркиндик боюнча кеңири элчиси Сьюзан Жонсон Кук: “Азыр АКШ өкмөтү дүйнөдөгү бардык өкмөттөрдү адамдын эркин дин тутунууга, динин коркпой алмаштырууга укугун коргоого үндөйт”, - деди. Ал, маселен, мусулмандарга каршы маанай Батыштагы өлкөлөрдө да бар экенин белгиледи.

"Мусулмандарга каршы маанай жана дискриминация азыр Европада да, Азияда да бар. Биз бардык коомдор менен өкмөттөрдү толеранттуу болууга, элди чабуулга тукурган бузукуларды жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз", - деди элчи айым.

Түркмөнстанда да бийликтер өлкөдө каттоодон өтпөгөн диний топтордун жыйынын таркатып, анын өкүлдөрүн опузалап, камап, айып пулга жыгып, жеке мүлкүн опуздап, өздөрүн ур-токмокко алган учурлар болгону жазылган.

"Дискриминациялык мыйзамдар"

Тажикстанда өкмөт түрдүү диний топторго мыйзам менен чектөө киргизип, кандай гана топ болбосун, иши расмий орган тараптан жактырылмайын, иштебешине катуу көзөмөл кылат. Мындан сырткары, 18 жашка чейинкилер мечит-медреселерге барышына тыюу салынганы да укукту чектөө катары сыпатталды.

Казакстандын бийликтерин диний топторго басымды күчөткөнү, рейддерди өткөрүп, айып пул салган учурлар болгону үчүн сындашты. “2011-жылкы мыйзам диний уюмдарга катталыш үчүн оор талаптарды койду, анын айынан 1463 топ мыйзамсыз макамга ээ болуп калды”, - делет докладда.

Кыргызстан жөнүндөгү бөлүгүндө да бийликтердин кайсыл бир деңгээлде дискриминациялык мыйзамды катуу карманышканы белгиленген. Маселен, диний топ түзүш үчүн анын мүчөлөрүнүн саны 200дөн кем болбошу керектиги тууралуу талап 2008-жылкы “Дин ишеними жөнүндөгү” мыйзамда айтылган. Ушул талаптын айынан “Иегованын күбөлөрү” Ошто, Нарында жана Жалал-Абадда өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн былтыр да ача алышпаганы мисал катары айтылган.