Сеулдагы Ханянг университетинин студенти Нурсултан Алтыбаевге суроо узаттык.
"Азаттык": Учурда Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда тирешүү күчөп, бири-биринин дарегине коркутуу-үркүтүүлөрдү айтып жатышат. Жалпысынан Түштүк Кореядагы жай тургундардын бул боюнча ою кандай? Тынчсыздануу болгон жокпу? Студенттер, кызматкерлер эмне деп жатышат?
Нурсултан Алтыбаев: Ушу тапта АКШ менен Түндүк Кореянын алакасы абдан чыңалып турган кези. Мунун себептери баарыбызга эле белгилүү болуп калды окшойт. Мындан улам соңку күндөрү жасаган билдирүүлөрүндө Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин анын мамлекети Корей жарым аралында эч кандай согушту каалабасын баса белгилеп, улам кайталап жатат.
Мун Чже Ин "Эч бир мамлекет Корей жарым аралына Сеулдун уруксатысыз согуш баштоого укугу жок" деген мааниде билдирүүлөрдү жасап жатат. Түштүк Кореянын элинин көбү президенттин мындай позициясын колдойт.
Акыркы сурамжылоолорго көз чаптырсак, калктын алтымыш пайыздайы "бул жөн гана коркутуп-үркүтүү, мындай чырлар болуп келген, боло берет, өтүп кетет" деген пикирде болсо, 33% согуш тутанып кетиши мүмкүн деген ойдо, ал эми сурамжылоого катышкандардын үч пайызы "согуш болбойт" деп ишенет экен. Жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү иш менен алек болгондуктан ашкере тынчсыздануу деле байкалган жок.
"Азаттык": Айрым чет өлкөлүк эксперттер эгер эки мамлекет ортосунда согуш тутанып кетсе, ортодо түштүк кореялыктар эле запкы тартып калышы ыктымалдыгын айтууда. Бул боюнча маалымат каражаттары же жергиликтүү эксперттер эмне деп жатышат?
Нурсултан Алтыбаев: Жергиликтүү эксперттер деле ошондой көз карашта. Алар кокус согуш чыгып кетсе, баарынан да Түштүк Корея жабыр тартарын айтып жатышат. Анткени Түштүк Кореянын аймагында америкалык аскерий базалар жайгашкан. Сеул менен Түндүк Кореянын чек арасынын ортосундагы аралык болгону 30 чакырымды түзөт. Бул албетте өтө чоң коркунучту жаратат.
Ошондуктан президент баш болгон бир катар саясатчылар, ошол эле коргоо министри "Түштүк Корея согушту каалбайт" деп утур-утур билдирүү жасап жатат.
Айрым серепчилердин айтымында, Пхеньян Сеулду эмес, Вашингтонду өзүнүн душманы катары эсептеп жатканы чындык. Мындан улам Түндүк Корея Америка же Батыш мамлекеттери менен кандайдыр бир сүйлөшүүгө барууну көздөп же алардын көңүлүн бурдуруу максатында ракеталык сыноолорду байма-бай өткөрүп жаткандыр дешет.
Ошондуктан байкоочулар балким Кошмо Штаттар бир кадам артка барып, Түндүк Кореяны диалогго чакырып чатакты жөнгө салуунун айласын көрөт деген пикирин маалымат каражаттарында билдирип жатышат.
Негизинен түштүк кореялыктардын көпчүлүгү мындай апааттын болушун каалабайт. Корей жарым аралындагы 1950-53-жылдар аралыгындагы согуш миллиондой адамдын өмүрүн жалмап, шаарларды урандыга айлантып, аймактын экиге бөлүнүп калышын бекемдеген. Мына ошол кандуу, кыйын кезеңди башынан кечирген кореялыктар ушундай деңгээлге жеткенде кайрадан согуш болушун каалабайт.
"Азаттык": Өткөн аптанын соңунда Сеул Түндүк Корея менен чектешкен аймакта концерт коюп, тынчтыкка чакырган экен. Мындай иш-чаралар дайыма өтүп турабы?
Нурсултан Алтыбаев: Ооба, Түштүк Корея былтыр да, быйыл да ошол чек аралаш аймакка үн күчөткүч аппараттарды орнотуп, концерт өткөрдү.
Анда популярдуу ырчылар Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын патриоттук маанидеги ырларын аткарат. Муну менен алар коңшуларынын бир туугандык сезимдерин ойготууну максат кылып келет. Айрым учурда мындай иш-чаралар тескерисинче Пхеньяндын кыжырына тиет. Бир күн мурда Түштүк Кореянын Жапониядан эгемен болгонуна 72 жыл толду. Ошол датаны белгилеп, Сеулдун башкы аянтында чоң иш-чара өттү. Анда эки Кореянын тең улуттук тамагы деп эсептелген күрүчтөн жасалган даамдар таркатылып "Биздин тамагыбыз да бир, биз бир элбиз" деген сөздөр айтылып жатты. Тынчтыкка, ынтымакка чакырган концерт, фестивалдар дайыма уюштурулуп турат.
"Азаттык": Негизи Сеулда коңшусунун буга чейин да болуп келген коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам коопсуздук чаралары аябай күчөтүлгөнүн айтышат. Ал кандай чаралар? Бул ирет да коопсуздук жаатында кандайдыр бир иш-аракеттер байкалып жатабы?
Нурсултан Алтыбаев: Түштүк Кореяда азыр эле эмес жана бир гана согуш чыгып кетүү коркунучунан эмес жалпысынан коопсуздук чаралары абдан дыкат каралган. Маселен, ошол эле өрт болобу же сел каптайбы, ар бир райондо, ар бир метродо жана автовокзалдарда жашырына турган бункерлер бар. Андан тышкары кандай гана чукул кырдаал болбосун, аба ырайынын өзгөрүүсү же бузулушу күтүлүп жатса да телефон аркылуу тиешелүү мекемелер жарандарды кабардар кылып, эскертүү берип турат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.