Мусулмандардын укугун коргоо маселеси Сенатта көтөрүлдү

АКШда мусулмандардын радикалдашуусу боюнча угууга каршы нааразылык акциялары өткөн. Нью-Йорк, 6- арт, 2011-жыл.

АКШда Сенаттын комитетиндеги угууда америкалык мусулмандардын жарандык укуктары корголушу керек деген чакырыктар айтылды. Ага чейин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында, талаш жараткан угууда америкалык мусулмандардын радикалдашуусунун коркунучу жөнүндө сөз болгон эле.
“Азаттык” радиосунун Вашингтондогу кабарчысы маалымдагандай, “Америка мусулмандарынын жарандык укуктарын коргоо” деген тема астындагы угууга коомчулуктун көңүл буруусу мурдагы угуудай болгон жок. Ага чейин Конгресстин эл өкүлдөр палатасында америкалык мусулмандардын радикалдашуусу боюнча өткөн угууну нааразылык акциялары коштоп, адам укугун коргоочулар ал жыйында демилгечиси, республикачыл конгрессмен Питер Кингди айыпташып, жыйын өткөн залда телекамералар тирешип, ал эми мусулман конгрессмендин көзүнөн жаш куюлуп кеткен.

Бул жолку угууну уюштурган Сенатта азыр президент Барак Обаманын Демократиялык партиясы үстөмдүк кылат. Анын Конституция, жарандык укуктар, адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы, Иллинойс штатынан шайланган сенатор Ричард Дурбин буларга токтолду:

-Саналуу адамдардын катачылыгы үчүн бүткүл жамаатты айыптоо туура эместигине биз баарыбыз макул болушубуз керек. Жалпылап күнөөгө жыгуу бул америкалык жол эмес. Америкалык мусулмандар да башка америкалыктардай эле конституциялык коргоого ээ.

Сенатор Ричард Дурбин угууда АКШнын Юстиция министрлигинин статистикасын келтирди. Ал маалыматка караганда, АКШда мусулмандар калктын 1 пайыздан азын түзөт. Ал эми диний уюмдарга каршы дискриминация факты боюнча өкмөт иликтеп жаткан окуялардын 14 пайызына мусулман жамааты кабылган.

Сенатор белгилегендей, жек көрүүчүлүктөн улам жасалган кылмыштар, ишке орношуудагы дискриминация, мектептердеги мазактоолор, мечит салуудагы чектөөлөр, "Куранды" өрттөйбүз деген коркутуулар соңку жылдары мусулмандарга каршы маанай өсүшүнө тушташ жалпы өлкө боюнча жайылган тенденциянын формалары.

Бул тенденцияны Сенатта көрсөтмө берген учурунда АКШнын Башкы прокурорунун жарандык укуктар боюнча жардамчысы Томас Перес да ырастады:

-11-сентябрь окуясынан бери он жылга жакын убакыт өтсө да, биз мусулман, араб, Түштүк Азия жамааттарына каршы багытталган кыянатчылыктардын, дискриминациянын туруктуу агымына азыр деле күбө болуп жатканыбыз өкүнүчтүү. Мен жамааттардын лидерлери менен кездешкен ар бир шаарда жана шаарчада кыянатчылыктан, жек көрүүчүлүктөн, фанатизмден коркуу сезими менен жашап жаткандарга кабылдым.

Эл өкүлү күмөн санайт

АКШ Башкы прокуратурасынын өкүлү буга катар алар мусулмандарга каршы кылмыштарды тергөө үчүн мыйзамда каралган мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонууну улантарын жана акыркы эки жылда мусулман жамааттарына багытталган үгүт иштери күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Сенаттагы угуу мусулмандардын радикалдашуусу боюнча мурдагы угууга каршы чара катары расмий сыпатталбаганы менен, мусулмандарга каршы маанайга атүгүл расмий добуштар да кошумча болуп жаткан кезде америкалык мусулмандардын жарандык укуктарын коргоо маселесине көңүл бурууну максат кылган иш-чара катары мүнөздөлдү.

Республикачылардын Сенаттагы өкүлдөрүнүн бири Линдсей Грэхем америкалык мусулмандардын укугун коргоо зарылдыгын, бирок ошол эле учурда мусулман жамаатынын радикалдашуусу күчөп жаткан көйгөй экендигин моюнга алуу керектигине токтолду.

Бул угуунун алдында мусулмандардын радикалдашуусу боюнча мурдагы угууну уюштурган конгрессмен, Эл өкүлдөр палатасынын ички коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Питер Кинг “Вашингтон Пост” гезитинде жарыяланган маегинде мусулмандарга каршы жек көрүү жүйөсү менен жасалган кылмыштар өсүп жатканына күмөн саноо билдирген.

Конгрессмендин көз карашында, Сенаттагы угуу “мусулман жамааты арасындагы жабыр тарткандар тууралуу мифти” дагы бекемдөөсү мүмкүн.

Питер Кинг америкалык мусулмандардын радикалдашуусу боюнча экинчи угууну июнь айында өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми демократ сенатор Ричард Дурбин дагы бир угуу уюштуруу планы бардыгын азырынча жарыялай элек.