"Кыргыз-65" балдары үчүн күрөшүүдө

Америкалыктар асыраган кыргызстандык балдар

2008-жылы чет элдиктердин Кыргызстандан бала асыроосуна мораторий жарыяланган. 65 америкалык үй-бүлө Кыргызстандан асыраган балдарын күтүүдө.
Жогорку Кеңеш жактырган мыйзамга өлкө президенти кол койсо, кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөр асыроого жол ачылат. Эл аралык бала асыроого көмөк көрсөткөн ортомчу уюмдар өкмөттүн көзөмөлүндө болoт. Мурда андай көзөмөл болгон эмес.

Элли: «I’m from Kyrgyzstan»

3 жаштагы Элли алыскы Америкада апасы Мария, атасы Кэвин, агасы Жош болуп кичинекей шаарчада жашайт. Мария – фото сүрөтчү, азыр убактылуу өзүн, чыгармачылыгын да үй-бүлөсүнө арнаган. Кэвин болсо геолог, инновациялык жаатта изилдөөчү. Жош мектептин жогорку классында, америкалык футболду мыкты ойнойт.
Элли Кэвин Латтэм: «I’m from Kyrgyzstan», Жоэлтон, Теннесси штаты, 2011-жылдын 15-апрели


Кадимки эле кыргыздын мойтойгон наристеси Аймана-Элли үч жыл мурун ата-энеси, агасы мухиттин ары жагынан атайын Кыргызстанга келип, бир топ түйшүк менен аны асырап кетишкенин азырынча толук аңдабаса да – "I’m from Kyrgyzstan" (Мен Кыргызстанданмын) деп таптак айтат.

Элли мага телефондон «hello» дегенден кийин эле атың ким деди англисче. Мен өз ысымымды айтып, «Элли, мен дагы кыргызстандыкмын» деп кыргызча сүйлөп кирдим.

Ал болсо бир аз тыңшап туруп, анан шашкан өңдүү телефонду энесине берип жатып, «мен анын сүрөтүн тартам» деп божурап калды.

Мария кызын ай-күнгө теңеп эркелетип, «Элли сенин сүрөтүңдү тарта баштады», деп өзү мага 3 жыл мурун Кыргызстан деген өлкөдөн кантип бала асырап алганы тууралуу сөздү баштады.

Элли ата-энеси, агасы Жош менен. Жоэлтон, Теннесси штаты
- 2008-жылдын январында биз бала асырап алууну баштадык. Элли болсо 2008-жылдын март айынын этегинде туулган. Биз ишти бала төрөлө электе эле баштаганбыз. Майдын аягында Токмоктогу балдар үйүнө барып Элли менен жолуктук. Күйөөм, уулум үчөөбүз эки жума бою Бишкектен Токмокко күндө барып, кичинекей Эллини көрүп турдук.

Октябр айында экинчи жолу Кыргызстанга барып, Эллини өз үйүнө алып келдик. Баш аягы 10 айдын ичинде биз бул ишти бүтүрүп, баланы алып кетүүгө жетиштик. Биз кызыбызды Кыргызстан чет элдиктердин бала багып алуусуна чектөө киргизе электе чыгарып кеткен бактылуу үй-бүлө болдук. Азыр өзүңөр билгендей бир канча үй-бүлө балдарын алып кете албай иш токтоп турат. Балдар болсо жетимдер үйүндө калууда .


"Кыргыз-65" балдарын күтүүдө

2008-жылдан бери америкалык 65 үй-бүлө Кыргызстандын жетимдер үйлөрүнөн асыраган балдарын алып кетүүнүн аракетин көрүүдө.

"Биз «Кыргыз-65» деген ат менен таанымал да болуп калдык", дейт Бишкектеги балдар үйүндөгү Азаматтын ата-энеси Франк менен Габриэл Шимкустар.

- 65 үй-бүлө Кыргызстанда бардык тиешелүү кагаздарды бүтүрүп сотту гана күтүп жатканбыз. Анан мораторий киргизилип, биз туңгуюкка кептелдик. Андан берки үч жыл ичинде 65 үй-бүлө бирге балдарыбызды алып келүү үчүн күрөшүп жатабыз. Дем алуу күндөрү да ошону менен алектенебиз. Кудайдын күнү бири-бирибиз менен байланышып, миңдеген каттарды жиберебиз.

Бардык күч аракетибизди бириктирип кыргыз өкмөтү, бул жактан өзүбүздүн өкмөт менен сүйлөшүп жатабыз. Анан кээде телефон жыйын өткөрөбүз. Көптөгөн балдардын ден соолугунда оор илдеттери бар. Алардын бардыгын бул жерде дарылап, оңдоп койсо болот. 65 баланын экөө чарчап калды, эгер алар ата-энесинин колуна тийсе аман-эсен болмок»,
деди Азаматтын энеси Габриэл.

Азамат (Аidan Josiah-Azamat Shimkus) Бишкек балдар үйүндө, 2011-жылдын январы
Азамат (Aidan Josiah-Azamat Shimkus) июнда 3кө толот. Учурда Бишкектеги балдар үйүндө. Ал үстүңкү ээрди жырык, таңдайы жок төрөлгөн. Жакында эле Габриэл Америкада туруп болгон күчүн салып жатып Германиядан Бишкекке келген дарыгерлерге Азаматтын ээрдин операция жасатканга жетишти. Азамат АКШга жетээри менен таңдайын америкалык доктурлар оңдойт экен.

2008-жылы Франк менен Габриэл Азаматты алып кетүүгө 1 ай калганда жол жабылган. Андан бери бул үй-бүлө дагы эки кыздуу болгон, «эми балдарыбыздын улуусу Азаматты эле күтүп жатабыз» дейт Габриэл. Ал эми Азаматтын кооздолгон бөлмөсүндөгү керебет 2 жылдан бери томсоруп ээсин күтүп турат.

Франк, Габриэл Шимкустар Азаматты 2008-жылы ноябрда асыроого уруксат алып, бирок Кыргызстандан алып кете албай калышкан. Бишкек.
Кыргыз бийлиги чет элдик жарандарга жетимдер үйүнөн оорукчан балдарды багып алууга уруксат берет. Азыр да чет өлкөлүк асыроону күткөн балдардын 95 пайызы ар кандай илдетке чалдыккан наристелер экенин Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева айтат:

- Андай оорулуу балдарды биздин жарандар албайт. Эгер алгылары келсе азыр эле барышсын, көрүшсүн. Мисалы сифилис менен ооруган баланы ким алат? Анан бул балдардын арасында өтө кымбат, биздин өлкөдө эмес, чет мамлекетте операцияга муктаждары бар.

Бала асыроо: жооптуу, татаал, кымбат

Америкалыктар үчүн башка өлкөдөн бала багып алуу өтө жооптуу, татаал жана кымбат чечим. Алды менен мындай чечимге келген үй-бүлө Америкадагы чет элдик бала асыроо боюнча агенттиктердин бирине кайрылып, атайын кагаздарды толтурат.

Полициядан расмий кагаз, финансылык мүмкүнчүлүгү тууралуу банктан кат, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы, жакын билген адамдардан мүнөздөмө, дагы толгон токой кагаз тапшырылат. Бир айга чукул агенттик үй-бүлөнүн арызын, документтерин карап чыгат.

Эгер бардык маалымат тастыкталса гана агенттиктен өкүлдөрү келип үй-бүлөнүн жашоо шартын көрүп, коңшу-колоңдор менен маектешет. Ал аралыкта алардын өздүк делосу федералдык иликтөө бюросунан текшерүүдөн өтүп, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү манжа тагын тапшырат.

Азаматты ата-энеси, эки карындашы, бул үйдө кооздолгон бөлмөсү күтүп жатат, Скрентон, Пенсилвания штаты
Андан кийин гана эл аралык бала асыроо боюнча агенттик берилген арыз боюнча Кыргызстан менен иштеше баштайт. Бул мөөнөт орто эсеп менен жарым жылга чейин созулат. Иш оңунан чыгып, уруксат жолдомо колго тийсе үй-бүлө Кыргызстанга сапар алат.

Кыргызстанга келгенден кийин америкалыктар жашоонун «жаңы мектебинен» өтөт. Тил, каада-салт, баскан тургандагы айырма, жетимдер үйүнөн тартып, жергиликтүү бийлик, тиешелүү министрликтердеги аткаминерлердин түрдүү элегине түшөт.

2005-06 жылдары америкалык үй-бүлөгө тилмеч болуп, Кыргызстандан эки майып баланы алып кетүүгө жардам берген Назгүл кыргыз аткаминерлери көмүскө канча акча тапканын мындайча айтып берди:



Эми сөзүбүздү кайра Эллинин энеси Марияга бурсак. Мен андан бала асырап алууга канча каражат сарптаганын сурадым:

- Бала асыроо жалпысынан 53 миң доллар болду. Ооба мунун ичине АКШдагы төлөнгөн чыгымдар дагы кирет. Бала асыроо өзү 20 миң доллар турат. Биз болсо 53 миң жумшадык. Бир топ акчаны сапарга кетирдик. 1-жолу Кыргызстанга 3 киши бардык, андан кийин күйөөм экөөбүзгө кошулуп, менин курбум барды. Кыргызстанга барган сайын эки жумадай мейманканада турдук. 15 миңдей жалаң сапарга кетти десе болот. Агенттикке болсо 15 миң төктүк. Калган 23-24 миң долларды Кыргызстандын ичинде короттук.

Баккан балага көзөмөл көп

2008-жылы Кыргызстандан чет элдик жарандардын бала асырап алуусунда олуттуу мыйзам бузуулар бар деген негизде мораторий жарыяланган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул негизде бир дагы кылмыш иши козголгон эместигин айта кетели.

Орусиялык медианын таасиринен улам кыргыз коомунда чет өлкөлүктөр балдарды алып кетип, кордук көрсөтүп, ал тургай дене мүчөсүнүн айрым бөлүктөрүн сатып жиберет экен деген сөздү угуп калабыз.

Биз менен маегинде Бишкектеги Азаматтын Америкадагы энеси Габриэл кыргызстандыктар кантип ушундай сөзгө ишенет деген таңкалуусун жашырган жок.

- Биз ал балдарды жаныбыздан артык көрөбүз. Ал балдар жетимдер үйүндө калып, өмүрү кыйылып же коомдон окчун болбой үй-бүлөдө ата-энеси менен жашаса деп тилейбиз. Биз аларга бардык жакшылыкты гана каалайбыз. Кудай күбө, мен Азаматка өзүмдүн болгон органымды берүүгө даярмын. Мен ал бала үчүн колумдан келгендин баарын жасайм, - дейт үнү каргылданган Габриэл.

Америкада чет жактан бала асыраган үй-бүлө агенттиктин социалдык кызматкеринин, бала барган мектептин, ал тургай коңшу-колоңдун такай көзөмөлүндө турат.

Кыргызстандык жетим балдарга колдоо көрсөткөн Виржиния штатындагы “Кыргыз балдардын келечеги” уюмунун директорлор кеңешинин мүчөсү Айбек Исмаилов кыргыз бийлиги америкалыктар асырап кеткен балдарды оңой эле көзөмөлдөп тураарын айтат.

- Мен бул жердеги элчиликтеги консулдук кызматтын балдары менен сүйлөшүп турам. Алардын кызматтык милдеттерине бул жактагылар асырап алган кыргызстандык балдар-кыздардын жашоосун текшерип туруу дагы кирет. Алар үй-бүлөлөргө чалып, ал-ахвалды сурап, эгер бала чоңураак болсо анын өзү менен сүйлөшөт. Кээде өздөрү барып, жеринен балдарды көрүп да келишет. Бул консулдук кызматтагылардын милдети.

Тарыхый журтту таанытуу

Чет жактан бала баккан америкалык үй-бүлө балдарга алардын тарыхый мекени тууралуу эс тарткандан айтып, үйрөтө баштайт. 3 жыл мурун Америкага кеткен Элли ата-энеси менен кийинки жылы Кыргызстанга саякаттап келүүгө камынууда.

Кыргызстанды таанытуунун кезектеги иш-чарасы
- Мен Кыргызстанды сүрөткө тарткым келет. Бул менин адистик кызыгуум. Анан дагы Элли өз өлкөсү жөнүндө көп нерсе үйрөнүп, түшүнсө деп ойлойм. Биз азыр эле ал кичине экендигине карабастан такай айтып турабыз. Элли Кыргызстанда туулганын, Кыргызстан эмне экенин түшүнөт. Ар бир эки айда бул жактагы кыргызстандык достору менен жолугуп турат. Мен өзүм Кыргызстан керемет өлкө деп билем, - дейт Эллинин энеси Мария.

Баяныбызды Мариянын интернет баракчасындагы Эллинин туулган күнүн утурлап жазган катындагы саптар менен аяктасак

“...тээ алыскы Кыргызстанда марттын 29унун таңы эбак атты. Эне мындан үч жыл мурунку көз жарганын эстеп жаткандыр. Эне жүрөгү - ал жарык дүйнөгө алып келген наристени мен кандай мээрим менен сүйөөрүмдү, анын ушунчалык жакшы турмуш кечирип жатканын, биздин үй-бүлөгө жарык берген теңирдин белеги экенин туйса керек. Энеге жолугуп, ушул сөздөрдү айтууну самаар элем...”