АКШнын БУУдагы миссиясынын өкүлү Эрин Пелтондун айтымында, шектүү өзөктүк программасына байланыштуу Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши менен Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ алдындагы милдеттемелерин “такай бузган” өлкө БУУдагы расмий кызмат орундарынан четтетилиши абзел.
АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасап жатат деп көптөн бери эле шек санайт.
Президент Барак Обама 13-майда эле Вашингтондо британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен кездешкенден кийин буларды айткан:
- Биз Иранды талкууладык жана ал өзөктүк чөйрөдөгү милдеттемелерин такай аткарбаганы үчүн ага кысым көргөзүүнү улантууну макулдаштык. Өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн тынчсызданууларын чететтүү үчүн Иран биз жана биздин П + 5 тобундагы өнөктөштөр менен конструктивдүү карым-катышта болушу абзел.
Иран болсо Батыштын ал өзөктүк куралды жашыруун жасап жатат деген ырастоолорун төгүндөп жүрөт.
Ал төрагалыкты алфавит боюнча Индонезиядан өткөрүп алып жаткан конференциянын тарыхы 1979-жылга барып такалат. Азыр 65 мамлекет кирген конференция кезинде кансыз согуш доорундагы жарыша куралданууну ооздуктоо аргасы менен уюшулган. Бирок азыр деле куралсыздануу маселелери сүйлөшүлүүчү эл аралык маанилүү форум катары саналат.
Кийинки жылдары конференциянын мүчөлөрү арасында ажырым жаралганы менен анын алкагында буга чейин Өзөктүк куралды жайылтпоо жана Өзөктүк сынакка тыюу салуу боюнча эл аралык келишимдер кабыл алынган.
“Франс Пресс” агенттигинин жазганына караганда, Иран тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Аракчи АКШнын бойкотун комментарийлеп, алар “катышабы, кысым көргөзөбү же бойкоттойбу биз үчүн маанилүү эмес”, - деп айткан.
Бул аралыкта Ирандын куралсыздануу конференциясындагы төрагалыгына нааразылык билдирүүгө эл аралык бейөкмөт уюмдар да даярданууда.
UN Watch деген Женевадагы укук коргоо уюмунун аткаруучу директору Хиллел Нойер “Ассошейтед Пресс” агенттигинин кабарчысы менен маегинде Иранды “алдамчы режим” деп атап, “анын дүйнөнүн куралды көзөмөлдөө боюнча жыйынына төрагалык кылуусу кыжырлантат”, - деп белгиледи жана конференция учурунда нааразылык акциясын уюштурарын билдирди.
Иран төрагалык кылуучу жыйындын күн тартибине ажырап кетүүчү материалдарды, атап айтканда уран менен плутонийди өзөктүк бомба жасоого жарагыдай деңгээлде өндүрүүгө тыюу салууну караган келишим долбоору да коюлган.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга буга чейин төрт жолку санкцияны ал уран байытууну токтотпогону үчүн да киргизген эле.