Нурматов: "Харвидей" бороонду мурда көргөн эмесмин

Хьюстон шаарында жашаган журтташыбыз Мирланбек Нурматов уулдары менен.

“Харви” бороону каптаган Техас штатынын Хьюстон шаарында кырктан ашуун кыргызстандык бар. Алардын арасында бороондон жабыркагандар жок. Бул тууралуу аталган шаарда жашаган журтташыбыз, Техастагы кыргыз коомчулугунун координатору Мирланбек Нурматов “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

"Азаттык": Мирланбек учурда «Харви» бороонуна туш болуп, суу алдында калган Хьюстон шаарында канча кыргызстандык бар? Алар менен кабарлашып жатасыздарбы? Жабыркагандар жокпу?

Мирланбек Нурматов: Бул жакта жыйырмадай үй-бүлө, андан тышкары студенттерибиз да бар. Биз бири-бирибиз менен байланыштык. Социалдык тармактарда да жалпы чат аркылуу кабарлашып, ал- акыбалыбызды сурашып жатабыз. Баары аман-эсен, жабыркагандар жок. Кыргызстандагылар кыжаалат болушпасын.

Айрым мекендештерибиздин үйлөрүнүн биринчи кабатына суу кирип кетти, аларды бул жактагы кыргыздар өз үйүнө көчүрүп кетти. Үч күндөн бери бороон менен кошо нөшөрлөгөн жаан токтобой жатат. Бирок бул тууралуу бизге алдын ала эскертүү берилген. Бир апта мурда катуу бороон болот азык-түлүк камдап алгыла дешкен. Бат эле өтүп кетет деп ойлогонбуз. Дагы эки-үч күнгө уланышы мүмкүн деп айтып жатышат. Ушул нерсе биздин маанайыбызды чөктүрүп атат.

Бороондон кийин. Техас

"Азаттык": Учурда Хьюстондогу кырдаал кандай? Бороондун күчү кайттыбы? Кырдаалды сүрөттөп берсеңиз. Шаардагы бардык мекеме-ишканалар, дүкөндөр, аэропорттор да жабылганы айтылып жатат?

Мирланбек Нурматов: Катуу шамал менен кошо жаан келген. Шамалдын күчү анда-санда басаңдап жатканы менен нөшөр токтогон жок. Айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Суу алдында калып кеткен кишилер да болуп жатат. Бул шаарда кичине көлмөлөр, каналдар бар экен. Ал жактагы суулар көтөрүлүп, бир аз коркунуч туудурду. Бирок мамлекет аябай катуу иштеп атат. Башка штаттардан да куткаруучулар жардамга келип, үй-жайы жабыркагандарды утурумдук коопсуз жайларга көчүрүшүүдө.

"Азаттык": Буга чейин мындай бороон бул аймакта болгон эмес деп айтылып жатат. Сиз жергиликтүүлөр менен да сүйлөшүп жатсаңыз керек. Хьюстондун тургундары арасындагы маанай кандай?

Хьюстон, Техас

Мирланбек Нурматов: Албетте, биз бул тууралуу кошуна-колоңдор менен сүйлөштүк. Алар мындай нерсени биринчи көргөнүн айтышты. Буга чейин деле катуу куюн болуп, нөшөрлөгөн жаан жаачу, бирок мынчалыкка жеткен эмес деп жатышат.

Негизи Хьюстон шаары Мексика кысыгына жакын болгондуктан жылына ушундай катуу жаан жаайт. Бирок бир-эки күндөн ашпай басылчу. Бул жактагы эки чакан аэропорт мурда эле жабылган, континенттер аралык дагы бир чоң аэропорт жабылды.

Дагы бир жолу Кыргызстандагы жакындарыбызга айтып кетейин, бизде баары жакшы. Мекендештер арасында жабыркагандар жок. Биз бири- бирибиз менен, жергиликтүүлөр менен түз байланыштабыз. Ошондой бул жактагы Кыргызстандын элчилиги, консулдугу да биздин ал- акыбалыбыздан кабар алып, ар дайым байланышта болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.