Америкалыктар кийинки төрт жылга президентин тандашты. Дээрлик бардык штаттарда добуш берүү аяктады.
Америкалыктар бүгүнкү шайлоодо өлкөнү алдыдагы төрт жылда ким башкараарын тандоосу керек. Шайлоого Демократиялык партиядан азыркы президент Барак Обама кайрадан көрсөтүлгөн. Анын атаандашы катары Республикалык партиядан Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни ат салышууда.
Шайлоочулар коллегиясы кандай добуш берип жатканын атайын картадан карап турсаңыз болот.
Шайлоодо өзгөчө көңүл “арсар" штаттарга көбүрөөк бурулганы да бекеринен эмес, анткени бул штаттарда адатта ким жеңээрин алдын ала болжош кыйын.
Республикалык партиядан талапкер Ромни Питсбургдан Бостонго учак менен бараткан чакта журналисттерге буларды айтты: "Биз аягына чейин күрөштүк, ошондуктан биз ийгиликке жетебиз. Мен азыр эле жеңишке жеткенде сүйлөй турган сөзүмдү жазып бүттүм, - деди ал. - Ал 1118 сөздөн турат. Бирок ал өзгөрөт, анткени мен ойлорун билиш үчүн аны үй-бүлөмө, досторума жана кеңешчилериме бердим. Бирок мен азырынча бир эле жолу сңйлөй турган сөзүмдү жаздым".
Ромни кечээ добушун мурда өзү губернатор болуп иштеген Массачусетс штатында берди. Президент Обама болсо добушун эрте эле Чикагодо берген жана АКШнын тарыхында эрте добуш берген алгачкы президент болуп калды.
Шайлоого чейинки алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоолордо эки талапкердин тең жеңишке мүмкүнчүлүгү дээрлик бирдей деп айтылып келген.
АКШда бул ирет шайлоого эл активдүү катышканы байкалды. Бул тууралуу бир нече мүнөт мурдараак бизде “Азаттыктын” Вашингтондогу бюросунун башчысы Хизер Махер айтты.
"Бир топ штаттарда шайлооканаларга эл аябай көп келди, адамдар айрым жерлерде узак кезектерге туруп, 2-3 саат күтүп калган учурлар болду. 2008-жылкы президенттик шайлоо элдин активдүүлүгү боюнча рекорд койгон эле, бирок, добуш берүү боюнча айрым расмий адамдардын айтымында, бул жылкы шайлоо аны да ашып өттү", - деди биздин Вашингтондогу кабарчыбыз Махер.

АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны - 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек.