АКШ-Ооганстан стратегиялык келишим боюнча мунаса тапты

Стратегиялык өнөктөштүк келишимине президенттер Барак Обама жана Хамид Карзай кол коюшат.

АКШ менен Ооганстан бир жылдан ашуун созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин стратегиялык өнөктөштүк келишиминин долбоору боюнча мунасага жетишти. Келишим расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШнын Ооганстанга 2014-жылдан кийин аскерлер чыгарылып кеткен соң жардам көргөзүүсүнө укуктук негиз түзөт.
Мазмуну азырынча жарыялана элек келишим расмий өкүлдөр белгилегендей, АКШнын Ооганстанга экономикалык өнүгүү, коопсуздукту бекемдөө, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жаатындагы жардамына негиз болуп берет.

Ал эки өлкөнүн президенттери тарабынан кол коюлганга чейин долбоор ооган парламенти жана АКШнын коопсуздук мекемелери тарабынан каралып, талкуулануусу керек.

АКШнын Кабулдагы элчилигинин басма сөз өкүлү Гэвин Сандвал “Азаттыктын” ооган кызматына мындай деди:

- Ар бир тарап: ооган тарап да, америкалык тарап да эми келишимдин тексти боюнча ички кеңешүүлөргө киришет. АКШ үчүн бул мекемелердин карап чыгуусу, зарылчылык болсо Конгресс менен кеңешүү жана акыр аягында президенттин кароосу дегенди туюндурат.

Ал эми ооган президентинин басма сөз өкүлү Аймал Файзинин айтымында, эки тарап келишимди май айынын соңунда Чикагодо өтчү НАТОнун саммитине чейин бышырууну мерчемдөөдө:

- Ооган президенти Хамид Карзай стратегиялык келишимди түрдүү саясатчылар, диний жана жихад лидерлери менен ушул апта ичинде талкуулайт. Аларга макулдашуунун түрдүү аспектилери боюнча маалымат берет. Мындай жолугушуулар эки өлкөдө соңку ички кеңешмелердин алкагында өткөрүлөт.

Ооган расмий өкүлдөрү дүйшөмбүдөн тарта парламентке АКШ менен түзүлүүчү келишим боюнча маалымат бере баштады.

Президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Рангин Дадфар Спанта дүйшөмбүдө парламентте буларды белгиледи:

- Келишим жыйынтыкталып, кол коюлганда Ооганстанда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого жардам берет. Ал биздин чөлкөмдө тынчтыктын сакталуусуна, эл аралык жана биздин өлкөдөгү терроризм менен күрөшүүгө көмөктөшөт. Биз коопсуздук жана башкаруу чөйрөсүндө ирденүүбүз үчүн Ооганстандын институттарын түзүүдө жана бекемдөөдө жардам көргөзүүнү сурап, кайрылдык.

Ооганстан жалгыз калбашына кепилдик

Коопсуздук демекчи өзү стратегиялык өнөктөштүк келишимдин долбоорунда НАТО 2014-жылы аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Ооганстанда канча америкалык аскер же машыктыруучу калаары жана алар кандай иштер менен алектенери көргөзүлгөн эмес. Бул маселе “Күчтөрдүн макамы жөнүндөгү” (SOFA) өзүнчө келишимде чагылдырылары күтүлүүдө.

АКШ күчтөрүнүн түнкү жортуулдары, башкы аскерий түрмөнүн макамы өңдүү талаштуу маселелерден улам аталган келишим боюнча эки тарап мунаса табалбай келген. Бирок жакында АКШ түнкү рейддерге жетекчилик кылууну жана аскерий түрмөгө көзөмөлдү оогандардын өзүнө өткөрүп берүүгө макул болду.

2014-жылдан кийин Ооганстанда АКШнын канча аскери калары белгисиз.

Стратегиялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө аскерий түрмөдө Куран китептердин өрттөлүшү, америкалык сержанттын он алты ооганды атып салышы, АКШ аскерлеринин өлтүрүлгөн ооган согушкерлеринин сөөктөрү менен түшкөн фотосүрөттөрүнүн жарыяланышы өңдүү фактылар да көлөкө түшүрбөй койгон жок.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, макулдашылган келишим долбоорунда АКШнын 2014-жылдан кийин Ооганстанга жылына канча жардам берери так көргөзүлгөн эмес.

Бирок көптөр чоочулагандай, ал АКШнын Ооганстандагы ролу капыстан аяктап калбасына кепилдик берет. Документте АКШнын Ооганстанга 2024-жылга чейин каржылык колдоосу убада кылынган. Жардамдын көлөмү жылына Конгресстин бекитүүсүн талап кылат.

Талибандын туруму

Оогандардын жалпы улуттук жыйыны – Лоя Жырга президет Хамид Карзайды былтыр күздө эле АКШ менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин түзүүгө чакырган. Талиптер болсо буга каршылыгын билдирип келген.

Андыктан келишим боюнча мунаса табылганы жөнүндөгү кабардын артынан талиптер өз билдирүүсүн дароо таратты.

Анда “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, талиптер жаңы келишим Батыштын кызыкчылыктарын коргоону, Каспий менен Борбор Азиянын мунай кендерине алып баруучу жолго ээлик кылууну, Ооганстанга либерализм жана секуляризмди алып келүүнү, нукура исламчыл өкмөттү көздөй кыймылга, Ооганстандын аймактагы ислам өлкөлөрү менен саясий жана аскерий байланыштарына жол бербөөнү көздөйт деген баа берген.