Унутта калган музейдеги кене, жылан жана сүлөөсүн

Музейдин кызматкери Сырга Аманалиева.

Бишкекте көпчүлүк биле бербеген Зоология музейи бар. Анын тарыхы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Википедиядагы маалыматта Чөлкөм жана жаратылыш таануу борбордук музейи болуп 1926-жылы 30-майда негизделгени, жетекчиси Саул Абрамзон болгону жазылган.

1943-жылы Табият жана Тарых музейи болуп экиге бөлүнгөн. 1946-жылы Табият музейи Зоология музейи болуп өзгөртүлүп, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын карамагына берилген.

2004-жылы Зоология музейи Элдердин достугу үйүнөн кетип, Улуттук илимдер академиясынын борбордук китепканасынын имаратына көчүп барган. Музей жана андагы адистер тууралуу фотобаянды сунуштайбыз.

Киши кирбеген зоомузейдеги байлык

Сырга Аманалиева Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейде 13 жылдан бери эмгектенет. Кесиби-биолог, Кыргызстандагы кенелердин түрүн изилдейт.

Сырга музейдин жетекчиси Сейитказы Сагынбаев менен экспонаттарды карап жатат.

"Университетти аяктагандан кийин эле дароо зоомузейге жумушка орноштум. Мите курттарды, кенелерди изилдейм. Кыргызстанда кенелердин түрү аябай көп. Биз алардын жаңы түрлөрүн таап, кандай шартта жашарын, кантип бул аймакка келип калганын изилдейбиз. Кээде кенелердин жаңы түрлөрүн таап калабыз. Мындай учурда дароо санитардык-эпидемиологиялык кызматка кабар беребиз. Кенелер көбүнчө үй жаныбарларынын жүнүндө жашайт. Изилдөөлөрдөн сырткары музейдеги экспонаттарды карап, келген көрүүчүлөргө экскурсия өткөрөбүз. Жыл сайын мындагы жаныбарлардын кебин атайын химиялык тазалоодон өткөрүп турабыз", - деди ал.

Биолог Сырга Аманалиева кене тууралуу жасаган изилдөөлөрдүн мал менен оокат кылган жарандарга пайдалуу деп ишенет.

Илимий изилдөө үчүн алынган тоо кенелеринин түрү.

Биолог, таксидермист Сейитказы Сагынбаев Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейди төрт жылдан бери жетектейт. Ал музейге баш баккан кишиге мындагы ар бир экспонат тууралуу сааттап айтып бергенге даяр.

Таксидермист - жаныбарлардын, куштардын кебин жасаган кызматкер.

"Бул Бишкектеги жалгыз зоологиялык музей. Анын түзүлгөнүнө 100 жылга жакындап калды. Мында негизинен Кыргызстандын аймагында жашаган сүт эмүүчү жаныбарлардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын, балыктардын, сойлоп жүрүүчүлөрдүн кеби коюлган", - деди ал музейдин ичи менен тааныштырып жатып.

Айрым экспонаттар музей жаңы түзүлгөн жылдары жасалган.

"Бул жаныбарлардын айрымдарынын кептери 70-80 жыл мурда жасалган. Бул жаныбарлардын көпчүлүгү азыр кызыл китепке кирген. Айрымдары жок болуп кетүү коркунучунда".

Аркар менен жейрендин кеби. Жейрен Кыргызстандагы жок болуп бара жаткан жаныбар.

Эреже боюнча музейдеги жаныбарлардын кеби айнек менен тосулуп турушу керек. Бирок айрым жаныбарлар ачык жерде турат. Илимий кызматкерлердин айтымында, мындай шартта кармалган экспонаттарга күбө түшүп, сапатын жоготот.

Музейге көбүнчө ата-энелер балдарын алып келишет.

"Жаратылыштын мыйзамына баш ийип, жашоо чынжырын үзбөшүбүз керек. Бир жаныбардын түрүн кырып жок кылсак, башка жаныбарлар жок болуп кетиши мүмкүн. Мисалы бугу, аркар-кулжаны атып түгөтсөк, ак илбирсти да жоготуп алабыз. Анткени алар илбирстин жеми", - деди Сагынбаев.

Таксидермист Николай Васильевдин "Ак илбирстин аркарга аң уулоосу" аттуу экспонаты. Бул жаныбарлардын кеби өткөн кылымдын 50-жылдары жасалган.

Музейде 1392 жаныбар, курт-кумурска, балык, жөргөмүш, кене жана көпөлөктөрдүн кеби бар.

Көпөлөктөрдүн түрлөрү.

Музейде учурда беш киши эмгектенет. Алардын орточо маянасы 5000-8000 сомго чейин.

"Таксидермист - жаныбарлардын, куштардын кебин жасаган кызматкер. Биздин таксидермист айлык аздыгынан жакында эле жумуштан кетип калды. Анын ордуна башка таксидермист таба албай убарабыз. Адистерди табуу өтө кыйын. Анын үстүнө бул кесипке университеттерде окутпайт. Ар бир экспонатты реставрация кылуу үчүн музейде сөзсүз таксидермист болушу керек. Азыр бизге студенттер келип жардам берип жатат", - деди музейдин жетекчиси.

Студенттер бүркүттөрдү реставрация кылып жатышат.

Музейде башка жактан алып келинген жаныбарлар да бар.

Крокодил.

Музейге кирүү акысы балдар үчүн 10, студенттер үчүн 20, башка көрүүчүлөр үчүн 30 сом. Тилекке каршы, бул жерге көрүүчүлөр өтө аз келет.

Ракыя Сыдыкова зоомузейдин көрүүчүлөрүнө ак илбирс тууралуу айтып берип жатат.

"Музейге киши аябай аз келет. Бишкекте зоология музейи бар экенин билгендер саналуу. Азыр жаз келип күнүнө үч-төрт киши келип калды. Кээ күндөрү такыр киши кирбейт", - деди Ракыя Сыдыкова.

Он жылдан бери музейде экскурсовод болуп иштеген Ракыя Сыдыкова музейде кассирдин да милдетин аткарат. Ал мамлекет зоомузейге көңүл бурушу зарыл экенин белгиледи.

"Музей адамдын акыл-эсин өстүрөт. Айрыкча балдар музей аркылуу дүйнөнү жакындан тааныганга үйрөнөт. Андыктан мамлекет биздин музейге көңүл бурса жакшы болмок. Мындагы ар бир жаныбардын экспонаты - биздин тарыхыбыз. Аларды сактап калышыбыз керек".

Сынып калган айнектин ичинде турган жандыктар.

Зоология музейи буга чейин борбордук аянтта иштеп турган. Илимдер академиясына көчүп келгенине 17 жыл болду. Ошондон бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек.

Мамлекеттен бөлүнгөн каражат кызматкерлердин айлык акысына гана жетет. Көрүүчүлөрдөн түшкөн каражат Улуттук илимдер академиясынын бюджетине кетет.

Кыргызстандагы жападан жалгыз Зоология музейи бүгүн ушундай кейиштүү абалда.

Баса, биз барганда зоомузейге Нарын шаарынын ички иштер бөлүмү броконьерлер аткан сүлөөсүндүн калдыктарын алып келишкен экен.

Сейитказы Сагынбаев терини текшерип, сүлөөсүндүн жашын, эркек же ургаачы экенин аныктап, тактама жазып бере турганын айтты. Анын негизинде сүлөөсүндү аткан адам тийиштүү жазага тартылат.

Сүлөөсүн - Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбар. Анын терисин мыйзамсыз колдонгон кишиге 50 миң сом айып салынат. Аткан киши эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Зоомузей Кыргызстанда байырлаган жан-жаныбар тууралуу маалыматтарды топтоп эле тим болбостон, аларды коргоого, мыйзамсыз аңчылыкка чыккан адамдарды жазага тартууга дагы жардам берет", - деди Сейитказы Сагынбаев.

Сейитказы Сагынбаев сүлөөсүндүн терисин карап жатат.