Инсульт - улут саламаттыгынын коркунучу

Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Ош шаары.

Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адам инсульт болот, анын дээрлик жарымы убагында сапаттуу жардам бере албай көз жумса, калганы сапаттуу калыбына келтирүү борборлору жок, жарым жан жашоого аргасыз. Өлкө инсульттан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда.

Кара-Балтадан Бишкекке карай узун жол

Айнуранын апасы 2016-жылы инсульт алган. Ал Бишкектен анча алыс эмес, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында турчу. Оор абалдагы бейтаптын дартын аныктоо, аны дарылоо үчүн Бишкекке алып келүү Айнуранын үй-бүлөсү үчүн чоң сыноого айланган.

"Апам эртең менен атам экөө таңкы чайга отуруп жатып эле эси ооп жыгылган. Атам аябай коркуп, апамды дароо Кара-Балтадагы ооруканага алып барып, бизге телефон чалды. "Эмне болгонун билбейм, дарыгерлер да билбей жатат" деди. Биз дароо жетип барсак, апама ооруканада тамчылатма дары куюп жатышыптыр. Дарыгерлер анын инсульт болгонун айтышты. Инсульттун ишемиялык жана геморрагиялык деген эки түрү болот го, бирок догдурлар кайсы инсульт экенин аныктап, кандай дарылоону биле алышпады. Себеби, компьютердик томографиядан эле билинет экен. Кара-Балтадагы бул жабдуу эртеси эле иштейт экен. Эртеси тарттырсак, гемморагиялык инсульт деген аныктама чыкты. Аны Кара-Балтада дарылай алышпайт экен, апамды Бишкекке жеткиргиле дешти. Ордунан кыймылдатпай, атайын жабдылган "Тез жардам" унаасы менен алып барбаса, кайра абалы оорлойт дешкенинен "Тез жардам" издедик. Аны Бишкектен чакыртууга аргасыз болдук. Эсимде жок, 10 миң сомдой төлөп бердик окшойт. Ал машинеде деле кыйраткан жабдуу жок экен, апамды чайкабай, башын силкилдетпей алып барыш керек болчу.

Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын чакырган унаа деле аңды-дөңдү карабай айдап алып келди. Улуттук госпиталдын нейрохирургиясына алып келерибиз менен дароо операция кылабыз дешти. Мээсине кан куюлуп, жабыркаган жерлери көбөйүп кеткенин айтышты. Тааныш салып отуруп, жакшы дарыгер издеп, атактуу нейрохирург Миталип Мамытовдон кийинки эле мыкты деген бир жаш дарыгер 7 саат операция жасады. Операция маалында үзүлүп кетсе "эч кандай доом жок" деген тилкат жаздырып алышты. Бул жакындары үчүн өтө чоң сокку экен. Мени аябай өкүндүргөнү, апамдын операциядан кийин оң жагы кыймылдабай калды. Ошондо бизге бир да адис келип, азыр мындай болду, мындан ары тигиндей болот, көнүгүүлөрдү аткаруу керек деген сыяктуу психологиялык, моралдык эч кандай маалымат айтышкан жок. Өз көйгөйүбүз менен өзүбүз жалгыз калдык, баарынан да соо туруп эле баспай калган апама кыйын болду".

Айнура апасын кийин өз күчү менен бутуна тургузуп, реабилитацияга он миңдеген акча коротуп, кайрадан бастырган. Бирок, дагы бир ирет инсульт болуп, жыгылгандан кийин азыр баса албай, майыптар коляскасында отурат. Коляска менен болсо да Айнура апасын элге аралаштыруу үчүн көчөгө алып чыгып, бирок Бишкекте коляскачан жүрүү мүмкүн эмес экенине кейийт.

Адистердин айтымында, инсульт болгон адамды куткарып калууда эң негизги ролду убакыт ойнойт. Адам бул ооруга чалдыкканда алгачкы 3-4 сааттын ичинде аны реанимациялык ооруканага алып барып, инсульттун түрү компьютердик томография менен аныкталып, дароо жардам берсе таптакыр майып болбой, бутка туруп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкекте инсульт алган адамдын жашап, кайра бутуна туруу мүмкүнчүлүгү аймактарга салыштырмалуу алда канча жогору. Бул коркунучтуу ооруга учураган адам өлкөдөгү инсультту дарылоо, ага биринчи жардам берүүдөгү бир топ тоскоолдук, кемчиликтерге туш болот. Аймактарда көп учурда инсульт болгон киши үйүндө эле көз жумуп, өлүмү деле расмий инсульт катары катталбаган учурлар көп экенин Саламаттык сактоо министрлигинин изилдөөсү далилдеген.

Убакыттын мааниси тууралуу неврологиялык "Веданта" менчик клиникасынын башкы дарыгери Гүлмира Биялиева айтып берди.

"Жалпысынан алганда, өлкөдө абал чындап эле оор. Аймактардагы бейтаптарга убагында жардам бермек мындай турсун, кээде Бишкекте инсульт болгондорду ары-бери сүйрөп, убагында туура жардам берилбей, эң баалуу убакыттан уттуруп коюп жатабыз. Мисалы, бүгүн бизге жаш эле жигит инсульт менен келди. Аны алгач бир ооруканага алып барса албай, башка жакка жиберет, ал жактан магниттик томографияга жолдошот. Бул аябай узакка созулган медициналык текшерүү да, анан кезек күтүп 5-6 саат жүрүп калат. Мына ушул учурда эң баалуу болгон убакыттан уттуруп, баш мээсинин көп бөлүгү кайра калыбына келгис болуп жабыркап калыптыр. Тилекке каршы, биз ал жигитти эми бутуна тургуза албай калдык. Инсульт болгон адамга алгачкы 3-4 сааттын ичинде өтө тез жардам берилсе, абдан көп адамдар майып болуп же өлүп калмак эмес. Кыргызстанда азыр медицина тармагы да, калктын инсульт боюнча билим деңгээли да буга жете элек".

"Өлкөдө ар бир адам инсульт болуу коркунучу менен жашайт"

Улуттук статистика комитетинин акыркы беш жылдагы маалыматын салыштырсак, өлкөдө кан айлануу ооруларынан көз жумгандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Маселен, 2016-жылы 17 миң киши кан айлануунун бузулушунан улам келип чыккан оорулардан каза тапса, 2020-жылы бул көрсөткүч 21 миңге чукулдап барган. Жүрөк, кан тамыр, кан басым оорулары жана инсульт өлкөдөгү өлүмдүн жарымынан көбүнө себеп болууда.

Азыркы тапта мамлекеттик, менчик ооруканалардын неврологиялык бөлүмдөрүндө бейтаптар толтура. 6,5 миллион калктуу өлкөдө инсультка чалдыккандарды дароо кабыл алып, токтоосуз жардам берген Улуттук госпиталда неврологиялык бөлүм гана иштейт.

Бул жалгыз мамлекеттик, акысыз бөлүмдө инсульттун түрүн аныктоочу компьютердик томограф, мээге уюган канды тез арада суюлтуучу ангиограф жабдуулар, заманбап дары-дармектер жок.

Неврологиялык чукул жардам берүүчү бөлүмдүн жетекчиси, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неврологу Жамалбек Тургунбаев Кыргызстанда башка ооруларга караганда инсульттан эң көп адам өлүп жана майып болуп жатса да мамлекеттик деңгээлде камсыздалбай, көңүл бурулбай жатканын бир нече жылдан бери айтып келет.

"Инсульт боюнча Кыргызстан акыркы жылдары жеке эле КМШ, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эле эмес, дүйнөдө алдыңкы катарда туруп жатат. Бул ооруга чалдыккан адамдардын саны, андан майып болуп калгандар, көз жумгандар деген үч фактор боюнча биз дүйнөнүн алдында келе жатабыз. Кыргызстанда бир жылда 13 миңден 15 миңге чейин адам инсульт болот, анын жарымынан көбү каза табууда. Бул коронавирустан да көп адам өлүп жатат дегенди түшүндүрөт. Тилекке каршы, инсультка мамлекет коронавирустай көңүл бурган жок. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен инсультка каршы күрөшүүдө биздин мамлекеттик медициналык мекемелерде мүмкүнчүлүк өтө чектелүү. Бизде айрым жеке менчик клиникалар ачылып, Европанын деңгээлинде дарылай баштады. Алар бардык жабдууларды алып келишип, керектүү дары-дармек менен камсыздап жатышат. Инсульт болгон адамга өз убагында жардам берилип, тамырын кеңейтүүчү стенддерди коюшуп, шунттарды тагышып, айтор, менчик ооруканалардын шарты азыр бизде мыкты. Бирок ооруган элдин баарынын капчыгы менчик клиникага жетпейт.

Маселен, калкты акысыз тейлеген биздин инсульттук борбор болгон Улуттук госпиталда бир да компьютердик томография жок. "Тез жардам" менен инсульт болуп келген адамдын дартын аныктоо үчүн аргасыз менчик клиникага жиберип, аны ордунан кыймылдатууга мажбурбуз. Алыс кетпей эле коңшу Казакстан, Өзбекстандын райондук ооруканасына кирсеңиз, бир нече томограф аппаратты колдонуп жатканын көрө аласыз. А бизде болсо Ош менен Нарында гана инсультка чукул жардам берчү неврологиялык чакан бөлүмдөр иштейт. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Таластын бейтаптары эмне болуп жатат? Алар инсульт болгондо кандай жардам берилүүдө, Бишкекке алып келүү маселеси кантип чечилет, ушунун баары ачык суроо бойдон турат. Болбосо биздин өлкөдө ар бир адам инсульт болуу коркунучу менен жашап жатканын акыркы статистикалар көрсөтүп жатпайбы".


Саламаттык сактоо министрлиги 2014-жылы кан тамыр ооруларынан каза болгон учурларды эсептеп, Кыргызстанда инсульттан көз жумгандар Европа аймагындагы өлкөлөр, Казакстан, Молдова, Орусиядагылардан 10 эсеге көп экенин аныктаган. Калктын аз жашоосуна себеп болгон эң негизги фактор - мээге кан куюлуп өлүү деген тыянак чыккан. Адистер буга жакырчылык, ашыкча салмак, өнөкөт оорулар, кан басым дарттары, туура эмес тамактануу, чылым чегүү сыяктуу бир нече факторлор себеп болорун айтышат.

"Инсульт болгон адам жана анын жакындары керексиз адамдарга айланат"

Инсульт болуп, өлүм босогосунда жаткан адамга карата социалдык кызматтар менен медициналык тейлөөнүн төмөндүгү да өлүм саны менен майыптыкка алып барууга чоң түрткү болгонун айткандар да бар.

Шотландиянын жараны Мурдо Маклауддун Кыргызстандагы кайын энеси 2019-жылы Бишкекте инсульттан көз жумду. Ага чейин ал өз мекениндеги атасынан да айрылган эле. Эки өлкөдөгү инсульт болуп, кыймылдай албай, өлүм алдында жаткан адамдарга болгон камкордукту ал мындайча салыштырды.

"Менин атам эки жыл мурда Эдинбургдагы ооруканада көз жумду. Албетте, чоң трагедия деңизчи, бирок Кыргызстанда инсульт болгон бейтапка карата түзүлгөн шарттарды көрүп, салыштырып, абдан зээним кейиди. Менимче, атама да, анын жакындарына да Шотландияда адамгерчилик менен мамиле кылышты. Бул жактагыдай дарыканаларга өзүбүз чуркап дары издеп, аны эптеп тапкандан кийин дарыгерлердин колуна берген жокпуз. Ал дарыларды кайненеме сайыштыбы, жокпу ал да белгисиз. Балким, таптакыр эле кереги жок дарылардыр. Бул жакта бейтапты кереги жок нерседей тез эле чыгарып коюшат экен. Анын жакындары кыйналып жатабы, карай алабы, жокпу эч кимдин иши да болбойт тура. Атамды болсо ооруканада жуунтуп, чачы-башын тарап, өлөрүнө аз калса да адамкерчилик менен узатышты. Бизге атайын психологдор жардам берди. "Кыргызстанда эмнеге адам өмүр бою өз өлкөсү үчүн иштеп берсе, ал өмүрүнүн аягында жакындарынан башка эч кимге кереги жок болуп калат" деп аябай кейип турам".

Дагы караңыз COVID-19 – инсульт менен инфаркттын шыкакчысы

Кыргызстанда кокус адам инсультка чалдыкса мамлекеттик ооруканалар 10-12 күн гана карап бере алышат. Андан кийин бейтаптын абалына карабай, ооруканадан чыгарышат. Кийинки түйшүк медициналык билими болбосо да аргасыздан анын жакындарына түшөт.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы инсульттан кийинки бейтапты багуу боюнча "Инсульт мектеби" деген атайын курс ачкан. Бирок ал Бишкекте гана бар. Аймактардагы бейтаптарды багуу, убагында дары берүү, тамак-ашын кароону ар ким өз алдынча жүргүзөт. Мындай учурда инсульт болгон адам биринчи кезекте, андан кийин үй-бүлө мүчөлөрү чоң стресске учурайт.

Гүлжамал Шерипканова, инсульттан апасынан айрылган.

Мурдо Маклауддун жубайы Гүлжамал Шерипканова апасынын өлүмүнөн кийин бул теманы өтө терең изилдеп жүрөт. Анын айтымында, инсульт болгон адамдын жакындары кайсы өлкөдө болбосун баары бир депрессияга учурап, жакынынын өмүрүнөн коркот. Өнүккөн өлкөлөрдө атайын медициналык билими бар, социалдык кызматкерлер мындай үй-бүлөлөргө акысыз жардам берет экен:

"Биринчи кезекте бейтап аябай депрессия болот, көңүлү чөгүп, өзүнө болгон ишенимин жоготуп, өзүн жакшы карабай калат. Ал кыймылдабай жатып калат эмеспи. Мындай абал мурда чуркап, басып, активдүү жашап жүргөн адам үчүн чоң сокку да. Ал мурда өзүн кыйын, акылдуу адам катары билсе, инсульттан кийин олдоксон, өзүн карай албаган же басып кетип үйдү таппай калган адамга айланат. Анын мындай абалы үй-бүлөсүнө да терс таасир этет. Алардын да көңүлү чөгөт, кыйналышат. Инсультту реабилитациалоодо физикалык, эмоционалдык, когнитивдик интервенция керек. Бул жеке эле бейтапка эмес, анын үй-бүлөсүнө толук кандуу жардам берүү дегендик. Бир үйдө бир киши инсульт болсо, ал үй-бүлөнүн социалдык, психологиялык абалы өтө оор болорун коом аңдап, түшүнүп, мамлекеттик кызматтар ошого жараша иштесе жакшы болмок. Кыргызстанда баары тескерисинче, инсульт алган кишиге ал тургай биринчи жардам, аны ооруканага алып баруу, жакындарына туура маалымат берүү таптакыр жолго коюлган эмес.

Менин апам экинчи ирет жыгылганда, Улуттук госпиталдын реанимациясындагы дааратканада шарт жок экенин көрдүм. Кичине кыймылдап, бирок реанимацияда жаткан бейтап үчүн ал тургай дааратканага баруу да бизде кыйын экен. Медициналык кызматкерлер жакын адамың тууралуу маалымат бербейт, кайсы дарыны ичип жатат, эмне процедуралар болду, түшүндүрүп айтышпайт. Ошол госпиталдын эшигинин алдында Lexus унаалары батпайт а бирок жакыны инсульт болуп жыгылган, эшигинин алдында операцияны, же балким эң жакын адамынын сөөгүн күтүп отурган жарандар үчүн олтурганга отургуч жок".


Оор түйшүккө айланган кайра калыбына келүү

Бишкектин 70 жаштагы тургуну Ашым Мамашев өмүрүнүн 50 жылга чукул убактысын шаар курууга жумшаган. Ал Бишкектеги өкмөт үйү, ооруканалар, цирктин имараты, улуттук филармониянын кооз имараты сыяктуу эң маанилүү курулуштарда иштеген. Быйыл март айында инсульт болуп, азыр кыймылдай албайт. Учурда менчик клиникалардын биринде дарыланууда. Беш балалуу ардагер инсульттан кийин түшү өзгөргөнүн айтып кейиди.

"Баш мээнин оң жагынан инсульт болдум, сол капталым толук иштебей калды. Азыр менчик клиникада дарыланып жатам, жакшы жылыш бар. Буга кандын коюуланып кетиши себеп болуптур. Мурда дарыгерлер мага көп эле жолу кан басымым жогору экенин айтышып, аны улам түшүрүп туруңуз деп эскертип эле келишкен. Кыргызчылык да... Аларды укпай, тоготпой жүрүп ушуну көрүп отурам. Бул оору менин жашоомду аңтар-теңтер кылганы аз келгенсип, уктаганда көргөн түшүмдү да өзгөртүп ийди. Түшүмдө бийик-бийик имараттарда кыш коюп, кадимкидей эле иштеп жүргөн болом. Ойгонсом эле кыймылдабай жатам, зээним кейийт. Мен курулушта иштегенди аябай сагындым, ал жакта балдарды дайыма этият болгула деп коруп турчумун да".

Ашым Мамашевди азыр күнүгө реабилитолог-дарыгерлер укалап, ар түрдүү жабдууларга салып, колу-бутунун кайра иштеп кетүүсүнө аракет кылышууда. Мындай калыбына келтирүүчү борборлор өлкөдө өтө аз, болсо да көбү менчик ооруканаларда жайгашкан. Же баасы кымбат, калың элдин чөнтөгүнө ылайыктуу эмес.

Дагы караңыз Адамдын мээсин башкаруу мүмкүнбү?

Физиотерапевт, инсульттан кийинки бейтаптарды калыбына келтирүүчү реабилитологдор өлкөдө жетишсиз. Заманбап аппаратуралар бирин-экин эле менчик клиникаларда бар. Менчик клиникалардын биринде иштеген физиотерапевт Күлмира Багышбекованын айтымында, туура эмес кам көрүүнүн айынан оорусу өтүшүп кеткендер да болот.

"Негизи эле реабилитация үчүн ар тараптан жабдылган, адистери да даяр болгон бир чоң команда керек. Бейтап реанимацияга түшкөндөн тарта эле реабилитациялык иш-чаралар башталышы керек. Невролог, кардиолог, реабилитолог сыяктуу бир нече дарыгер бейтап эс учун билбей жатса да жанында туруп иштөөсү зарыл. Андан кийин ал өзүнө келип, палатага которулганда дарыгерлердин саны дагы көбөйөт. Инсульт булгон адамдын тамактануусу да өзгөчө мааниге ээ. Ооруп калган адам тамакты кантип ичиши керек, кандай диета нормаларын сактоосу зарыл, баарын кайра башынан үйрөтүүгө туура келет. Дарыны да ичүү сааты болорун, аны кандай ичерин, айтор өзүнүн акыл-эси ордунда болсо өзүнө, болбосо жакындарына үйрөтүү дарыгерлердин милдети болуп саналат. Ушундай эрежелердин баары көп учурда аткарылбай калат, анан бейтап үйүнө чыккандан кийин кайра эле бир нече айдан соң жылыш жок болуп, ооруканага түшүүдө. Инсульт алган киши эгер эс-акылы ордунда болсо анда өзү да тынбай аракет кылуусу өтө маанилүү. Тилекке каршы, бизде сабаттуу реабилитологдор, физиотерапевттер, сурдолог, логопеддер, психологдор жетишсиз. Буту-колу иштебей калган адамдардын кыймылын калыбына келтирчү атайын жабдуулар менчик эле клиникаларда болбосо, башкаларда абал оор эле".

Саламаттык сактоо министрлиги мындан бир нече жыл мурда Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылында жайгашкан курортология жана калыбына келтирүү институтунда инсульттан кийинки реабилитацияны ишке ашырууну баштаган. Тоолуу климаттын айынан бейтаптардын каны тез коюлуп кеткендиктен, бул иш-чаралар токтоп калган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улут саламаттыгын талкалаган инсульт

Туура кам көрүлсө жиксиз айыккандар да болот

Журналист Жеңишгүл Тоголокова 11 жыл мурда инсульт болгон. Анда ал Талас шаарында иштеп жүрүп, өзүн начар сезип, Бишкекке ооруканага келет. Биринчи башы катуу ооруп, бейтапканада кезек күтүп турган жеринен абалы начарлайт.

"Кардиологиялык борборго көрүнүү үчүн кезек күтүп, дарыгерге жазылуу керек эле. Башым катуу ооруп, дем алуум начарлап турду. Тааныштарым Түштүк Кореядан келип, жеке клиника ачкан дарыгерди сунушташты. Эртең менен турсам, оозум кыйшайып, бир капталым жай кыймылдап калыптыр. Анан менчик клиникага бардым, кореялык дарыгер мени дароо кабыл алып, массаж, ийне-терапиясынан өттүм. Кыйшайган бетимден атайын кээ бир жерлерин ийне менен сайып, кан чыгарып, басаңдап калган кан айлануу процессин тездетти. Ошентсе да эки күндөн кийин төшөктөн тура албай калдым. "Тез жардамды" чакырып, дароо эле реанимация бөлүмүнө жеткиришти. Ал жакта эки апта тамчылатма дары сайгандан кийин үйгө чыгарып коюшту. Ошол учурда эч ким мага күзгү бербейт, мен бетимди күзгүдөн карай албайм. Сол жагым кыймылдабай калды. "Ишемиялык инсульт" деген диагноз коюлду. Жакшы басып жүрүп эле бир учурда кыймылдай албай жатып калган мен үчүн кыйын болду. Бирок ичимен дайыма Кудайдан мурдагыдай басып, өзүм кыймылдаган учур келсе экен деп тиленип жаттым.

Мындай кыйын учурда жакындардын колдоосу абдан маанилүү экен. Апам, бир туугандарым мени абдан колдоп, кам көрүп, мени карап, жалгызсыраткан жок. Мен оорумду жалгыз көтөргөн жокмун. Апам ар дайым жанымда болуп, кыймылдабаган колу-бутумду укалап жатты. Жакындарым, мага эч нерсе болбогондой эле мамиле жасап, жашоого үмүт берип жатышты. Аймактык дарыгерлер, абалымды сурап, көзөмөлдөп турушту. Дарыгерим Гүлсара Имангазиева ар бир дарынын таасирин реакциясына көңүл буруп, дыкат дарылады. Барган сайын ичимде кайрадан бутума турам деген ишеним күч алды. Алты айдан ашык кыймылдабай жаттым. Бирок дайыма сол колу-бутумду оң колум менен укалап, массаж жасап жаттым. Акырындап, бир туугандарымдын жардамы менен бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө басып, кирип турдум.

Жаңы жылга саналуу күндөр калган эле. Апама жаңы жылдык белекти өзүм дасторконго басып келип бергим келди. Ал күн үчүн аябай даярдандым, 31-декабрь келип, жакындарым дасторкон даярдап, тамактанууга чогулганда өзүмдүн бөлмөмдөн туруп, апама жаңы жылдык белегимди өз колум менен бергим келип, басып бардым. Менин басканымды көргөн апам, бир туугандарым кубанычтан буркурап ыйлашты. Ошол күндөн баштап, бардык күч-аракетимди жакшы кыймылдап, басууга жумшадым. Азыр мени көргөн киши "инсульт болгом" десем эч ишенбейт. Себеби, кемтиксиз калыбыма келдим".

Инсультту жеңген журналист Жеңишгүл Тоголокова.

Азыркы тапта Тоголокова кадимки жашоосун улантып, майыптыгы бар адамдардын тагдыры, ден соолук жаатында макала-баяндарды жазып келет.

Дарыгерлер инсульт коркунучу бар тобокел топту тынымсыз көзөмөлгө алуу менен оорунун санын азайтса болорун айтышат. Маселен, кан басымы жогору адамдар, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандарда инсульт болуу коркунучу жогору болгондуктан, тобокел топко киришет.

Киши инсульт болгондо аныктоочу СОКУ тести деген медициналык протокол да кабыл алынган. Бул англисче FAST деген сөздөн алынган. Ага ылайык С тамгасы сүйлөө дегенди билдирет, инсульт болгон кишинин сүйлөө речи бузулат, тили булдуруктайт. Экинчиси О тамгасы - адамдын оозу, бетинин бир жагы кыйшайып калат. К - тамгасы кол жана кыймылды билдирет. Эгер бир жак колу же капталы кыймылдабай жатса да инсульт экенин билсе болот. Эң негизги У тамгасы - убакытты билдирет. Инсульттун кайсы түрү болбосун, канчалык дарыгерге эрте кайрылуу менен ошончо сапаттуу жардам алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Адистер бир жылда Кыргызстанда инсульттан каза болгондор коронавирус баштаган жугуштуу оорулардан өлгөндөргө салыштырмалуу 2-3 эсе көп экенин, бирок мамлекеттик деңгээлде ал илдетке олуттуу көңүл бурулбай жатканын бир ооздон айтышат.

Дүйнөдө жылына 101 миллиондон ашуун адам инсультка чалдыгат. 3,5 миллиондой киши бул оорудан көз жумат. Жакыр өлкөлөрдө инсульт болуу коркунучу жогору. Кыргызстанда акыркы жылдары оору улам жашарууда.

Жалпы инсульт болгондордун 59% пенсия жашындагылар, калган 41% 18 жаштан жогорку жарандар түзөт.