Уландын "Азаттыктагы" иши уланат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттыктын” изилдөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө быйыл беш жыл болот. Ал 12-февралда 33 жашка чыкмак.Улан Эгизбаев 2013-жылы "Азаттыкка" кабыл алынып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин берилип иштеди. Чындыкка болгон ишеним аны бийиктиктерге жетелеп, журналистикада өчпөгөн жылдызга айлантты.