«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө. «Журналисттик иликтөөлөр фонду» 2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны былтыр 12-февралда тапшырган. Жеңүүчүлөрдү фонд өз алдынча комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.