28-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыктары бурмаланды деп нааразы болгон оппозиция жаңы парламентке бойкот жарыялашы мүмкүн экенин эскертти. Жумурияттын БШКсы шайлоонун акыркы жыйынтыктарын дале чыгара элек.
Оппозиция азыр өкмөт шайлоонун жыйынтыктарын бүт жерде бурмалап жатат деп ишенет. “Мунусун тез токтотпосо, парламенттин ишине катышпайбыз”, - деп эскертишти.
Бийликтер болсо дээрлик бир жарым апта мурда өткөн шайлоонун бюллетендерин азырга чейин толук эсептеп бүтүшө элек. Ушундан улам, “булар эптеп эле президент Виктор Януковичтин партиясына кошумча добуш жасап, жыйынтыкты бурмалап жатышат” деген өңдүү кооптонуу күчөп турган чагы.
Дүйшөмбүдө мурдагы премьер-министр, азыр түрмөдө жаткан Юлия Тимошенконун “Батькивщина” (Ата-Мекен) партиясы жаңы парламентти “алсыз” деп айыптай турганын, ошондуктан “өкмөт тезинен добушту бурмалоону, оппозициянын добуштарын уурдаганын токтотпосо”, парламентке шайлоону кайрадан өткөрүүнү, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланышын талап кылаарын билдирген.
Тимошенко жоктугунан азырынча коалицияны башкарып турган Арсений Яценюк Киевдеги митингде сүйлөгөн сөзүндө президенттин "Региондор" партиясы “өзүнүн талапкерлерине парламенттен орун бериш үчүн элдин добушун уурдап жатат” деп айыптады.
Оппозициядагы калган эки ири партия да – улутчулдардын “Эркиндик” кыймылы жана боксер Виталий Кличконун УДАР партиясы да – 450 орундуу Верховна Рададагы орундарынан баш тартышы мүмкүн экенин билдиришкен.
Эгер аталган оппозициялык партиялардын үчөө тең парламенттеги орундарынан баш тартышса, анда мыйзам чыгаруучу бул орган иштей албай калат. Анткени анын иши мыйзамдуу деп табылышы үчүн депутаттардын саны жок эле дегенде, 300 адамды түзүшү шарт. Оппозиция ушуну негиз кармап, парламент иштей албай калса шайлоону кайрадан өткөрүүгө жол ачылат деп үмүттөнөт.
Бирок кайра шайлоо өткөрүлүшүнө азыр чындап айтканда, ишеним өтө эле аз.
Парламенттеги Мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү башкаруу комиссиясынын жетекчиси, оппозициялык саясатчы Юрий Ключковский абалды мындайча комментарийледи.
- Буга жетиш чынында оор болот. Ал үчүн партиялык тизмедеги ар бир адам өзүнүн парламенттеги орунунан баш тартышы керек. Бирок бул да маселени чечпейт, анткени сөз парламенттеги орундардын жарымы жөнүндө эле болуп жатпайбы, - дейт Ключковский. - Партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдардан шайлангандар да орундарынан баш тарта алышат. Ошондо БШК кайра шайлоонун күнүн аныктайт, ал 60 күндүн ичинде өтүшү керек. Ал өткөнгө чейин парламент шайланды деп табылбайт.
Украинанын мыйзамдарына ылайык, кайра шайлоону өткөрүү-өткөрбөө тууралуу чечимди президент кабыл алат. Эксперттер президенттин партиясы басымдуулук кылган азыркы парламентти таркатууга да мамлекет башчысы оңой менен баргысы жок дешет.
Кайра шайлоого тоскоолдуктар
Олександр Задорожный Украинада Эл аралык мыйзамдар ассоциациясын жетектейт.
- Парламентке шайлоону кайра өткөрүү маселесин президент чечет. Непада жаңы тандалган парламент легитимсиз деп табылса, мурдагы Верховна Раданын курамы ишин уланта берет. Президент эмне, мурдагы парламентке ичи чыкпайт деп ойлойсуңарбы? Албетте, андай эмес. Ошондуктан президент аны таркатууга шашылбайт, - деди Задорожный.
28-октябрдагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда, Януковичтин "Региондор" партиясы добуштардын 30%тин алып жеңди. Партия, мындан сырткары, мурдатан берки союздашы коммунисттердин жана көз карандысыз талапкерлердин колдоосун аларына ишенет.
Экинчи орунда 25% добуш менен Тимошенконун “Батькивщина” партиясы, анын артынан 14% добушу менен УДАР партиясы турат. Ал эми коммунисттерге 13% добуш тийген.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинадагы соңку парламенттик шайлоону “демократиядан артка кетүү” деп баалады.