Тимошенконун иши: кезек Европа сотунда

Тимошенконун тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышты.

Украинанын Жогорку Соту экс-премьер-министр Юлия Тимошенкого чыгарылган өкүмдү мыйзамдуу деп тапты.
Киевде 2011-жылдын октябрь айында сот Тимошенкону “газ маселеси” боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган болчу. Тимошенконун жактоочулары Жогорку Соттун акыркы чечимине макул эместигин айтып, Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга кам көрүп жатышат.

Юлия Тимошенкого 2009-жылы премьер-министр кезинде Орусия менен газ боюнча Украина үчүн пайдасыз макулдашууларга кол коюп жатканда ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып жиберген деген айып коюлуп, сот өткөн жылы күзүндө аны жети жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

2011-жылдын декабрь айынан тарта Харьковдогу колонияда жаткан Тимошенко ден соолугуна байланыштуу быйыл май айында Харьковдогу ооруканалардын бирине которулган.

Тимошенконун Жогорку Рададагы тарапкерлери

Бул жолку сот жараянында Тимошенконун адвокаттары анын ишинде кылмыштын белгиси жок болгондугун ырастап, өкүмдү жокко чыгарууга аракет кылышты. Бирок Украинанын Жогорку Соту өкүмдү күчүндө калтырып, кайра кароого жатпайт деген чечимге келди.

Эми Тимошенконун жактоочусу Сергей Власенко бул аптанын аягына чейин соттун бүгүнкү чечими боюнча доо арыз менен Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыларын билдирди.

- Бүгүн Виктор Янукович адам укуктарын, мыйзамды көзгө илбей турганын ачык көрсөттү. Бүгүнкү чечимди сот эмес, Янукович чыгарды. Ал Тимошенкону болушунча узак убакыт бою түрмөдө кармоого кызыкдар.

Сот жараяны учурунда имараттын алдына чогулган Тимошенконун жактоочулары, оппозициялык маанайдагы депутаттар өлкөдө акыйкаттык жок болгонун көрсөтүп, имараттын алдында чуңкур казып, табытты көмүп, үстүнө крест орнотушту. Брюсселдеги Европалык комиссиянын өкүлү Майкл Манн:

- Биз Жогорку Соттун чечимине терең кабатырбыз. Эки ири оппозиция өкүлүнүн алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай калышы өтө өкүнүчтүү. Соттун акыйкаттыктан тайып, эл аралык стандарттарды сыйлабай калганы бизди тынчсыздандырат.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы сот өкүмүн сындап, президент Януковичти бул ишке аралашууга, мурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн камалышы боюнча маселени оң жагына чечүүгө чакырышты.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу, прокурор Оксана Дрогобицкая соттун чечими туура болгонун, Тимошенконун айыбы толук далилденгенин белгиледи.

- Биз Тимошенкого байланыштуу иштин аягына чыкканына күбө болдук. Жогорку Сот буга чейинки сот инстанциясынын жана апелляциялык соттун чечими менен макул болду. Биздин ишенимибизде, Тимошенконун күнөөсү чогултулган материалдардын жыйынтыгы менен толук далилденди.

Ошентип Юлия Тимошенконун адвокаттары Европа сотуна үмүт артып турушат. Кечээ Европа соту Тимошенконун биринчи арызы - өткөн жылдын август айында анын камалышынын мыйзамдуулугу боюнча угуусун баштаган.

Октябрь айынын аягында Украинада Жогорку Радага шайлоо болот. Адам укуктары боюнча Европа соту шайлоодон кийин Тимошенконун иши боюнча чечим чыгарат деп болжолдонуп жатат.