Украина Саакашвилини Варшавага өткөрүп берди

Михаил Саакашвилинин тарапкерлери Киевде президенттик администарциянын алдында, 12.02.2018

12-февралда Украинанын Чек ара кызматы Киевдин борборунда Грузиянын экс-президенти, украиналык “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” оппозициялык бирикмесинин лидери Михаил Саакашвилини кармап, Варшавага өткөрүп берди. Былтыр сентябрда Саакашвили Польша аркылуу Украинага кирген эле.

Михаил Саакашвили Польшанын аймагында туруп, украин бийлиги андан “жеңилгенин” айтып, президент Петро Порошенкону “Украинаны жок кылууга” баратат деп айыптады. Ал Киевдин борборунда кармалышын "адам уурдоо" деп атады.

"Мени Польша тарап жакшы тосуп алды. Украина тарап болсо өтө ырайымсыз мамиле жасады. Бул мыйзамга сыйбаган уурдоо болду. Польшаны жакшы көрөм, бирок күрөш Украина жана Грузияда", - деген Саакашвили аны Киевде кантип кармашканын айтып берди.

"Ресторанга бастырып кирип келишип, мени автобуска отургузушту. Көзүмдү таңып, колумду байлаганга аракеттеништи. Машинеге отургузуп алышып, Киевди бир топко айлантып жүрүштү. Анан Борисполго алып келип түшүрүп, колумду толгоп, өтө оройлук менен учакка киргизип отургузушту",-деди Саакашвили. Киевдеги телеканалдардын бирине курган маегинде аны менчик учак менен Варшавага жеткиришкенин, поляктар болсо жылуу маанайда тосуп алышканын айтып берди.

Украин коопсуздук күчтөрү Саакашвилини экинчи жолку аракетинде кармашты. 9-февралда Киевдеги мейманканалардын биринен колго түшүрө албай калышкан.

Киевдеги "Сулугуни" ресторанында саясатчы менен сүйлөшүп отурган саясий технолог Сергей Гайдай окуяны мындайча сүрөттөдү:

- Атайын аскерий формачан, беткапчан адамдар ресторанга чуркап кирип келишип, жансакчыларды жерге басып жыгылып, отургандарга кыйкыра башташты. Адегенде кимди издеп жатканы белгисиз болду. Алар экинчи кабатта отурган Саакашвилини издеп жүрүшкөн экен. Камуфляж кийген адамдар эч кандай документтерин көрсөтүшкөн жок, адвокаттардын келишин да күтүшкөн жок. Мунун бардыгы адам уурдоодой эле көрүндү. Аны машинеге отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишти.

Польшанын Чек ара кызматы "Саакашвилинин жубайы Евробиримдикке кирген мамлекеттин жараны болгондуктан, Украинанын кайрылуусун кабыл алдык", - деп, саясатчынын өлкө аймагына келгенин бышыктады.

Украина "Саакашвили келген өлкөсүнө" кайтарылганын, ал өлкө аймагына мыйзамсыз киргенин белгиледи.

5-февралда Киевдин соту Саакашвилинин башпаанек сураган апелляциялык арызын четке каккан. Андан кийин адвокаттар саясатчыны Грузияга экстрадициялоого жол ачылганын белгилешип, чечимди Конституциялык сотко арызданарын билдиришкен.

Былтыр июль айында Саакашвили украин жарандыгынан ажыратылган. Сентябрь айында качкын макамын сурап, Украинанын миграция кызматына кайрылган.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.

3-январда Киев соту Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Андан эки күндөн кийин Тбилиси соту Саакашвили Грузиянын президенти болуп турганда кызматтык абалынан ашыкча пайдаланган деп, үч жылга сыртынан кескен.

Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен былтыр октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.