Жикчилер Путинден аскер жөнөтүүнү суранышты

Орусиячыл протестчилер (солдо) Украинанын бүтүндүгүн жактаган активисттер менен мушташууда. Харьков, 6-7-апрель.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 7-апрелде өлкө калкына кайрылуу жасады.
Александр Турчинов Орусия бир күн мурда Украинадагы “абалды бейстабилдештирүү, украин бийлигин кулатуу, шайлоону болтурбоо жана өлкөнү бөлүп-жарууга багытталган операциянын экинчи этабын баштады деди. Расмий Москва Украинадагы кырдаал үчүн өлкөнүн жаңы жетекчилигин күнөөлөп, региондордун бийлигин кеңейткен конституциялык реформа жүргүзүүгө үндөдү.

7-апрелде орусиячыл активисттердин чоң тобу Донецк Элдик республикасы түзүлгөнүн жарыялап, 11-майда аймактын болочогу жөнүндө референдум өткөрүлөрүн билдиришти жана президент Путинге кайрылып, Донецкке убактылуу тынчтык күчтөрүн жөнөтүүнү сурашты:

- Биз Владимир Владимирович, сизге болочогубуздун жана балдарыбыздын болочогунун акыркы үмүтү катары кайрылабыз. Орус дүйнөсүнүн маданиятынын жалгыз коргоочусу - Орусия. Орус армиясынын тынчтык күчтөрү гана бийликке курал жана кандын жардамы менен келген Киевдеги хунтага ишенимдүү сигнал жибере алат. Биз өз идеалыбыз жана ишенимибиз үчүн өлгөнгө даярбыз. Бирок сиздин жана Орусиянын жардамысыз бизге кыйын болот.

6-апрелде жикчилер Харьковдо обладминистрациянын, Донецкте обладминистрация менен коопсуздук кызматынын, Луганскта облустук коопсуздук кызматынын имараттарын басып алышып, региондордун төбөлсүздүгү боюнча референдум өткөрүүгө чакырышкан.

Украина президенттигине талапкер, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко дүйшөмбү күнү Донецктеги маалымат жыйынында жикчилерди мындай сыпаттады:

- Бул адамдарды экиге бөлүү мүмкүн. Биринчиси - Орусия Федерациясынын атайын күчтөрүнүн мүчөлөрү жана өкүлдөрү. Экинчиси - алар жалдаган адамдар. Алар өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүрүүдө.

АКШ өкмөтү москвачыл протесчилерге акча төлөнгөнүн жана алар жергиликтүү тургундар эместигин тастыктаган айныгыс далилдер бар экенин билдирди. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни Украинадагы акыркы окуяларды “Орусиянын кысымынын натыйжасы” деп мүнөздөдү.

Москва Украинанын жаңы өкмөтүн бийликке мыйзамсыз келди, орус тилдүү калкка коркунуч туулууда деп, өткөн айда Крымды аннексиялап алган. Бул Орусия-Батыш ортосунда Кансыз согуштан кийинки эң чоң тирешти жаратты.

Жекшемби күнү Крымда үйүнө кайтканы жаткан украин офицерди атып кетишти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич Украинадагы кырдаал үчүн азыркы жетекчиликти күнөөлөдү жана өлкө чыгышындагы элдин талабын угууга чакырды:

- Эгер Украинанын бийлигибиз деген саясий күчтөр өлкө тагдырына, өз элинин тагдырына жоопкерчиликсиз мамиле кылууну уланта берсе, Украина сөзсүз жаңы кыйынчылыктарга жана кризистерге дуушар болот. Украинадагы бүгүнкү бардык жамандыктарды Орусияга жүктөгөндү токтоткула. Украин эли бардык суроолорго Киевдин ачык-айкын жообун уккусу келет. Мыйзамдуу талаптарды укчу убакыт келди.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон тараптарды кырдаалды деэскалациялоого жана жагдайды зомбулуксуз чечкенге чакырды. Биримдик 25-майда Украинада болчу президенттик шайлоого талапкерлердин бардык фракциялардан жана региондордон катышып жатканы ал үчүн жакшы жышаана деп эсептейт.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинадагы саясий кризистен чыгуу үчүн атайын байланыш тобун ыкчам түзүү зарылдыгын маалымдады:

- Биз Украинаны саясий жана экономикалык жактан стабилдештирүүгө умтулганыбызды баарыңыздар билесиздер. Өлкө саясий бөлүнүүнү карай багыт алса, ал иш мүмкүн болбойт. Ошондуктан, биз андай кырдаалга жол бербешибиз керек. Эл аралык байланыш тобун түзгөнгө аракет кылып жатканыбызды сиздер көрө аласыздар. Ал иш али жасала элек.

Штайнмайер, ошондой эле, Москваны ар кандай комментарий жасабай же жикчилерди колдобой турууга да чакырды. Анын айтымында, Евробиримдик Украинага экономикалык жардам сунуш кылынгандан мурда, Киев конституциялык реформаны жана коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү баштоосу абзел.