Украинадагы жергиликтүү шайлоодо януковиччилер жеңди кейпи...

Луганск шаарындагы шайлоокана добуш берүү маалында. 31-октябрь, 2010

31-октябрда Украинада болгон жергиликтүү шайлоодо президент Виктор Януковичтин партиясы башка атаандаштарын ат чабым артта калтырганын алдын ала сурамжылоо көрсөттү.
Эл аралык GfK фирмасы өткөргөн экзит полго караганда, Региондор партиясы мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенконун партиясынан үч эседей көп добуш алган. Оппозиция шайлоо жыйынтыгы жарыяланганга чейинки 4-5 күндү бурмаланган добуштарды жокко чыгаруу үчүн пайдаланмак болууда.
Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бояркадагы шайлооканада бюллетень салынган үкөктөрдү бошотушууда. 1-ноябрь, 2010


Жекшемби күнкү жергиликтүү шайлоо сегиз ай мурда президенттик такка отурган Виктор Янукович үчүн чоң саясый сыноо. Бул күнү эл облкеңештердин депутаттарын жана шаар башчыларын шайлашты. Кээ бир талдоочулар жакында күйүүчү майга баанын жогорулашы, жаңы салык кодекси сыяктуу өкмөттүн жаңы демилгелери Януковичтин эл ичиндеги кадырына доо тийгизгенин белгилешет.

Анткен менен GfK эл аралык фирмасы добушканалардын босогосунда өткөргөн сурамжылоо Януковичтин Региондор партиясы 36 процент добуш алганын көрсөттү. Экс-премьер-министр Юлия Тимошенко жетектеген “Батькивщина” партиясы-13 процент, оппозициядагы дагы бир партия - “Фронт перемен” 7 процентке жетпеген добуш алган. Региончулар демейде Украинанын орус тилдүү чыгышы менен түштүгүндө популярдуу. Оппозиция өлкөнүн ортолук бөлүгү менен батышында колдоо алары болжолдонууда.

Шайлоочуларга көпчүлүк жерлерде добуш берүү үчүн узак кезек күтүүгө туура келди. 50дөн көп партиянын жана талапкерлердин ысмы жазылган байтабадай бюллетендер да көп оңтойсуздуктарды жаратты. Ал эми Киев облусундагы Боярка шаарынын жашоочусу Оксана деген аял ысмы тизмеде жок экенин айтып даттанат: "Бүгүн 50 жылда биринчи ирет менин укугум тепселди. Үй-бүлөм менен добуш бергени келип, бу жерде узактан бери жашап жатсам да, тизмеден өзүмдү таппадым".

Украинанын шайлоочулар комитетинин төрагасы Александр Черненко акыркы шайлоонун мурдакылардан өзгөчөлүгү тууралуу мындай дейт: "Бул шайлоонун буга чейинки президенттик же жергиликтүү шайлоолордон айырмасы бюллетенде. Узун кезек шайлооканаларда башаламандыкты жаратып, шайлоо атмосферасын чыңалтты".

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары Украинадагы шайлоо мыйзам бузуулары жок өткөнүн билдирди. Оппозициячыл партиялар болсо Региондор партиясын 33 миң регионалдык кеңештеги артыкчылыгына жамынып, добуштарды бурмалоону мурдатан пландаган деп күнөөлөдү. “Батькивщина” жана “Фронт перемен” партиялары түрдүү мыйзамсыздыктарды текшерүүнү сурап, парламенттик комиссияга кайрылды. Ошондой эле Одесса, Харьков, Житомир, Мариуполь жана Запорожьеде мэрлер үчүн берилген добуштарды кайра саноону талап кылышты. Премьер-министр Микола Азаровдун ырасташынча, шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурстар колдонулбаган.