Херсондо калган кыргыздар унутулбайт

Элчи жана Украинадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү. Крестовка. 4-октябрь 2013

Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары "кулак", "эл душманы" деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине тургузулган эстеликтин жанында жергиликтүү адамдар иштешүүдө. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500 чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды дале "Кыргыз мазар" деп аташат. Херсон облусу. Сентябрь, 2013

"Кыргыз мазардын" жанында маркумдардын урматына Виноградово айылдык кеңешинин колдоосу менен ак кайыңдардын көчөттөрү тигилди. "Чырпык тал болор, дарак бак болор".

Кыргызстандын элчиси У. Чыналиев башындагы чакан топту Цюрупинск районунун чек арасында Херсон облусунун жана аталган райондун жетекчилери, Виноградово айылынын эли эзелки салт боюнча нан, туз менен тосуп алышууда. 28-сентябрь

Виноградово кыштагынын четиндеги "Кыргыз мазарда" көмүлгөн кыргыздарга тургузулган эстеликтин ачылыш салтанатына чогулган жергиликтүү эл.

Адам боюнан бийик гранит эстеликтин бетине "XX кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык репрессияда айдалып келген күнөөсүз кыргыздардын бейити. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги, Цюрупинск райондук администрациясы. Сентябрь, 2013-жыл" деп кыргыз жана украин тилдеринде чегилген. Кыргыз орнаменти да түшүрүлгөн.

Эстелик ачуу салтанаты башталар алдында. (Солдон оңго) Виноградово айылдык өкмөтүнүн төрагасы С. Шматенко, Цюрупинск райондук мамадминистрация башчысы В. Котенков, элчи У. Чыналиев, Херсон облмамадминистрация төрагасынын орун басары В. Михайлов, Цюрупинск райкеңешинин төрайымы Л. Снегур, Херсон облус имамы, шейх Казим.

Кыргызстандын элчиси Чалбасыда (азыркы Виноградово) сүргүндө жүрүп өлгөн кыргыздарды эскерип тургузулган эстеликти ачууда.

Эстелик сүрөт: (солдон оңго) КРнын Соода палатасынын Украинадагы өкүлү А. Исмаилов, Кыргызстандын Украинадагы элчиси У. Чыналиев, Кыргызстандын Украинадагы консулу Б. Кадыркулов.

У. Чыналиев байбичелер менен баарлашууда.

Мартабалуу коноктордун эстелик алдындагы эстелик сүрөтү.

Элчи жана имам пикир алмашууда

Виноградовонун тургундары жана Кыргызстандын элчисинин эстелик үчүн сүрөтү

Кыргызстандын элчисин Чаплинск районундагы тосуп алуу каадасынан кийин.

Кыргыз элчиси 1930-жылдардын башында Украинада болгон ачкачылыкта-Голодомордо апаат кеткендерди эскерип коюлган эстеликке гүл коюуда. Чаплинка.

Чаплинкадагы мемориалдык комплекске орнотулган эскертме: "XX кылымдын 30-жылдарындагы репрессияда сүргүнгө айдалып келген жазыксыз кыргыздардын сөөгү көмүлгөндүгүн эскерткен эстелик мындан үч чакырым жерде орнотулган". Чаплинск району.

1930-жылдары сүргүндө жүрүп каза болгон кыргыздарга тургузулган эстеликти ачуу аземи алдында. Крестовка кыштагынын чети. 4-октябрь 2013

Кыргыз орнаменти чегилген гранит эстеликтин бетинде "Ак кепиндеп көмүлбөгөн, ысмы белгисиз маркумдар… Бул жерде XX кылымдын 30-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөгү жатат. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги, Чаплинск райондук администрациясы, сентябрь, 2013-жыл" деп кыргыз жана украин тилдеринде чегилген.

Эстеликке гүл коюу. Крестовка. 4-октябрь 2013

Эстеликтин жанында Кыргызстандын элсиси У. Чыналиев (солдо) жана Херсон облмамадминистрациясынын төрага орун басары М. Мельник. Виноградово (Чалбасы) жана Крестовкадагы эки гранит эстеликти Киевден Таврия жерине жеткирүүгө Херсон облустук бийлиги жардамдашкан.