Бабий Ярдагы кыргын

Киевдеги нацисттердин кароолу. 19-сентябрь, 1941-жыл. Бул жылы июнь айында Германия менен СССРдин эки жылдык бейтараптык келишими бузулган. Советтик территорияга нацисттик армия бастырып кирип, Украинаны оккупациялаган.

 

Украинанын чыгышы. Еврей улутундагы адамга жаалданган топ кол салууда. Нацисттик пропаганда айрым советтик лидерлердин түбү еврей экенин айтып, антисемитизмге май чачкан.

 

"Еврейлик-большевиктик эпидемияга өлүм" деген жазуусу бар плакат. Украиналыктар Сталиндик НКВДнын колунан эле эмес, ачарчылыктан да өлгөн. Нацисттик пропаганда муну бетке кармап, украиналык улутчулдарды антисемитизмге бура алган. 
 

Нацисттердин колдоосу менен украиналык еврейлерге каршы террор башталган. Бул аял Львовдогу топтон качып баратат. Миңдеген еврейлер Борбордук жана Чыгыш Европадагы кол салуудан өлгөн.
 

Киевде советтик күчтөр калтырган бир нече бомба жарылган. "Бул үчүн еврейлерди күнөөлөштү" деп эскерет Бабий Ярдагы кыргынды көргөн адам. Нацисттер еврейлерди маскаралап чакырууга жана аларга Давиддин жылдызын тагынып жүрүүгө буйрук берген. Бир нече күндөн кийин "Киевдеги бардык еврейлер 29-сентябрда, таңкы саат сегизде Мельников жана Доктериев көчөсүнүн бурчуна келсин. Документтерди, баалуу буюмдарды жана жылуу кийимиңерди жаныңарга алгыла. Буйрукка баш ийбегендер атылат" деген жарыя пайда болгон.


 

29-сентябрда 30 миңдей еврей буйрукка баш ийген. Эки жылдык келишим түзүлгөн учурда советтик тарап нацизм тууралуу эч нерсе айткан эмес. Мындан улам Киевдеги еврейлер аларды кандай коркунуч күтүп турганын байкабаган.
 

Бир немис аскери "СССРдеги еврейлердин биздин аларга кандай мамиледе экенибизди билбегени таң калтырды" деп эскерген.
 

Бабий Ярда өлгөн балдар. Солдон оңго карай: Анна Глинберг, Мальвина жана Полина Бабат, Валентин Пинкерт. Өлүмгө айдалган досторун узатып келген украиндер да атылып кеткен.

 

Еврейлерден кийин кезек советтик туткундарга жеткен. Нацисттер Бабий Ярды колго түшкөндөрдү жана жакпаган адамдарды жазалаган жер катары пайдаланган.
 

Бабий Яр тууралуу маалымат согуш бүткөндөн кийин көпкө айтылган эмес. Өткөн кылымдын 60-жылдарында гана еврейлер маркумдарды эскерүүгө чогула баштаган. 1976-жылы Бабий Ярга эстелик коюлган. Негизги фигура советтик жоокер болгон. Еврейлер эске алынбай калган.
 

Трагедиядан 50 жыл өткөндөн кийин, 1991-жылы Украина эгемендик алган. Ошондо гана Бабий Ярда нацисттердин колунан өлгөн киевдик еврейлердин эстелиги пайда болгон.