Пандемия эски украин заводун эске салды

Бул Киев шаарындагы эски «Буревестник» заводу. Убагында бул жерде совет-ооган согушунда жарадар болгон аскерлер үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар чыгарылып турган. Завод коргоо жаатындагы «Укроборонпром» мамлекеттик конгломератына таандык.

Заводдун ички көрүнүшү. (Сүрөт ушул жылдын 26-мартында тартылып, «Reuters» агенттиги аны 30-мартта жарыялады.) Завод өзүнүн акыркы эң чоң буюртмасын 2008-жылы мамлекеттик бийликтен алган. Бирок буюртманын акысы төлөнбөй, көп өтпөй завод жабылган. 
 

Иштен чыккан бул эски заводду пандемия украин бийлигинин эсине салды. Коронавирус инфекциясын жугузуп алгандар Украинанын өзүндө да, дүйнө жүзүндө да көбөйүп жатат. СOVID-19 илдети ооруга чалдыккан кишинин өпкөсүн жабыркатып, дем алуусун кыйындатат. Оору күчөгөндө адам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратсыз жашай албай калат. 
 

Заводдун директорунун милдетин аткаруучу Виталий Ходзицкий жасалма дем алдыруучу аппараттардын сүрөтүн карап жатат. Өлкөдөгү кырдаалдан улам айрым ишкерлер өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды башка өлкөлөрдөн алып келип жатышат. Бирок коргоо кызматкерлери мындай аппараттарды ​«Буревестник» заводунда иштелип чыккан технология менен Украинанын өзүндө эле ​өндүрүүнү талап кылышууда.

Комбинаттын өндүрүш цехи. Дубалдагы жазуу: «Илим менен өндүрүштүн биримдигин бекемде!»​

 

Заводдун директорунун милдетин аткаруучу эски чиймелерди жана документтерди карап жатат. Ал «Reuters» агенттигине техникалык маалыматты камтыган компьютер жоголуп, вентиляторду иштеп чыккан инженерлер иштеп кетип же пенсияга чыгып, айрымдары каза болгонун билдирди. 

Дат жана чаң баскан аппарат.
Акыр аягы бийлик өкүлдөрү чиймелер менен документтер кайда сакталганын билген адамды издеп табышкан. Ал жергиликтүү соода түйүндөрүнүн биринде иштеп жатканы белгилүү болду. 

«Укроборонпромдун» башкы директорунун орун басары Мустафа Найем «Буревестник» заводунда чыгарылган, учурда кайра калыбына келтирилген аппараттардын дизайны түшүрүлгөн материалдарды карап жатат. 

 

Мустафа Найем завод өтө эскиргендиктен ишин кайра жандантышы кыйын экенин айтып, мындай кризис учурунда чиймелер менен документтер колдонууну каалагандар үчүн ачык болорун билдирди. 
13-апрелге карата Украинада СOVID-19 илдетине чалдыккандар үч миңден ашып, оорудан 93 адам каза тапты. 

Коронавирус пандемиясы Украинадагы совет доорунан калган өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарган заводду көпчүлүктүн эсине салды. Бул завод көп жылдан бери иштебей турат.