Украинадан 200дөй кыргыз жараны чыгарылды

Украинадан эвакуацияланып жаткан кыргызстандыктар Украина-Венгрия чек арасын өткөнү жатат. 1-март, 2022-жыл

Кыргызстан Украинада согуш башталган бир жумадан бери 200дөй жаранын чыгарып кетти. Дагы ондогон жаран эвакуация болууга даяр экенин айткан, бирок аларды өлкөдөн алып кетүү оор болууда. Өз алдынча чыгып кетип жаткандар да бар.

2-мартка карата кыргыз бийлиги 112 кыргыз жаранын Венгрияга, 42син Молдовага жана дагы 47 адамды Польшага, ал эми сегиз жаранды Румынияга чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин 3-катчысы Эрмек Каныбеков билдирди:

“Биз өнөктөштөрүбүз аркылуу жарандарыбызды чыгарып кетели деп атабыз. Бизге автобус же башка транспорт табуу кыйла кыйын болуп турат. Азыр Киевден жарандарды чыгарып кетүүгө экинчи автобусту даярдап атабыз. Бирок көбү “биздин коопсуздугубуз үчүн кепилдик бересиңерби” деп сурап, үйүнөн чыгуудан кооптонуп турат. Тилекке каршы, биз андай кепилдик бере албайбыз. Себеби украин бийлиги коштоо үчүн бизге милиция же аскер кызматкерлерин бөлүп бере албайт, алар такыр жок. Биз дагы өзүбүздү тобокелге салып, чек арага чейин коштоп баруудан башка айла көрбөй турабыз”, - деди Каныбеков.

Дагы караңыз Байден: Путин чоң ката кетирди

Коопсуздук маселесинен улам бир катар кыргызстандыктар Киевден Украинанын батышындагы бир аз коопсуз экени айтылган Львов шаарына чыгып кеткен. Аларды да Европа өлкөлөрү аркылуу чыгаруу аракети көрүлүүдө. Киевде калган башка да адамдарды чыгарып кетүү көйгөй болуп турат. Украинада саат сайын өзгөрүп жаткан кырдаалдан улам азыр элчиликке кайрылган дагы 200дөн ашык жарандын тизмеси бар.

Кыргызстандыктарды Украинадан алып чыккан автобус. 1-март, 2022-жыл

Украинадагы кыргыз элчилигинин көмөгү менен жалпы 209 жаран өлкөдөн чыккан. Бирок бул сан кыйла жогору болушу ыктымал. Себеби айрымдар өз алдынча Молдова жана башка мамлекеттерге чыгып кетүүгө үлгүргөн. Азыр кыргыз жарандарынын көбү эки күндөн бери орус армиясынын аткылоосуна кабылган Киев, Харьков жана Одесса шаарларында. Бул үч шаарда жана Львовдо кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 2-марттын таңында Фейсбуктагы баракчасына балалуу энелерди чыгаруу аракеттери жүрүп жатканын жазды.

Идрис Кадыркулов. Кыргызстандын Украинадагы элчиси

"Дагы бир жакшы кабарды айткым келет. Днепр суусунун чыгыш жээгинде чыга албай турган наристелүү аялды эвакуацияладык. Ага биз үч күндөн бери жете албай, убара тартканбыз. Азыр эне-бала Польшага жетип, аларга эч коркунуч жок. Ошондой эле кечээ кагылышуу жүрүп жаткан Ирпен шаарынан жаш балалуу эки үй-бүлөнү чыгарып кетүүгө украин аскерлери жардам берди. Алар да азыр коопсуз жерге жеткирилген".

Украинадагы айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан, маселе жаралган учурлар да бар. Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин 3-катчысы Эрмек Каныбеков мындай маселелерди элчиликтин кызматкерлери жеринде чечкенге аракет кылып жатканын айтты.

“Бул жердеги кыргыз жарандарынын көбүнүн документи жок. Алар балдарына паспорт алган эмес, туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жүрөт. Көпчүлүгүнүн паспортунун мөөнөтү бүтүп калган. Азыр Молдова жана Польша паспортторунун мөөнөтү бүткөнүнө карабай жарандарыбызды киргизип жатат. Бирок, Польшада Кыргызстандын элчилиги жок, ошого бизге кайра байланышып, документ маселесин айтууда. Аралыкта туруп мындай маселелерди чечүү өтө оор. Себеби Киевден документти жасаганыбыз менен аны берип жиберүү кыйын, бардык жерде блокпосттор коюлуп, атышуулар болуп жатат”, - деди ал.

Дагы караңыз Украинадагы кыргыздар: Сыртка чыкпай жашынып отурабыз

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги 1-мартта Киевден 112 адамды украин – венгер чек арасына жеткирген.

Коопсуз аймакка жетүүдө кыргызстандыктар жардыруу болгон жерлерди айланып өтүп келген. Жолдун оордугунан Венгрияга 21 саат дегенде араң жеткен. Алардын бири, атын атагысы келбеген кыргыз жараны беш күн бункерде баш калкалаганга аргасыз болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

“Мен азыр эч нерсе айта албайм. Психологиялык абалым да ага жол бербей турат. Эң башкысы - биздин элчиликке ыраазымын”.

32 жаштагы Алишер Батырканов акыркы эки күндө катуу соккуга алынган Харьков шаарында жашайт. Ал кичинекей баласы, кайненеси жана эжеси болуп үйдөн чыкпай, абалдын тынчышын күтүп жатат.

“Азыр көчөдө абал тынч, кечээ жардыруулар болуп аткан. Бул күнгө чейин жашап жаткан көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө кирип, коргонуп жатканбыз. Бирок бул дагы кооптуу экенин түшүнгөндөн кийин кайра эле үйлөрүбүзгө кайттык. Таң эрте көчөгө чыгып азык-түлүк алып келдим, дүкөндөр кадимкидей иштеп жатат. Мага кыргыз элчилигинин байланыш телефондорун беришкен, бирок биз Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликке кайрылганыбыз жок, себеби өзүмдүн жана жакындарымдын коопсуздугу үчүн эч кепилдик беришпейт. Мындай учурда өзүңө гана ишенгениң туура болот. Ошол себептен биз эмнеси болсо да Харьковдо калууну чечтик”.

Алишер Батырканов аялы менен

Алишер Украинадагы акыркы окуяларга чейин түрк компаниясында иштеп келген. Быйыл Украинанын жарандыгын алам деп турган.

Кыргызстандын дагы бир жараны Азамат Борбиев батыш Украинанын Трускавец шаарына үй-бүлөсү менен Киевден барган. Алар бир нече күн бул шаарда баш калкалап, андан кийин Польша аркылуу чыгып кетүүнү пландаштырууда.

“Бүгүн Киев убактысы менен түшкү саат 14:00дө Кыргызстандын 104 жаранын алып кетет деди. Харьковдо, Одессада жана Киевде түндө катуу жарылуулар болду. Негизи, Украинанын бардык шаарларында блокпосттор турат, улам токтотуп текшерип жатты. Европага чыгып кетүүгө аракет кылган элдин көптүгүнөн кезек аябай узун. Ошондуктан биз жети сааттык жолду араңдан зорго 16 саатта гана өттүк. Биз турган шаарда да азыр “коопсуз жерге жашынгыла” деген сирена болгон, бирок жалпысынан тынч. Дүкөндөрдө узун кезек бар. Украинадан башка жерге кетүүнү каалагандардын арасында жолго жөө чыккандар да бар, кээ бири өз автоунаасы менен, айрымдары поезд менен кетип атканын көрдүк”.

Дагы караңыз Кармаштын чордонунда калган Харьков

Кыргызстандык Юрий Ким да Киевдеги элчилик аркылуу эвакуация болгон. Азыр Венгриянын борбор калаасы Будапештте. Ал Киевге өткөн жылдын сентябрь айында көчүп барган экен.

Юрий Ким

“Мен эшикке көп чыкпаганга аракет кылып жаттым. Алгачкы күндөрү атышуулар, жардыруулар көп болуп жатты. Биздин жарандарыбызды алып кетүү үчүн эл чогулуп аткан жерге баратып талкаланган көп аскер техникасын көрдүм. Асфальт канга боёлгон. Автобуска отургандан тартып, чек арадан чыккыча элдин көбү сүйлөгөн жок. Коопсуз жерге жеткенде гана мекенине кайтууга жолдор ачылганын айтып жатышты. Албетте кимдир бирөө үчүн Украина иштеп, каражат табуу үчүн келген жер болду. Бирок көпчүлүгүбүз үчүн Украина экинчи үйүбүз болуп калган”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: жер төлөдө көз жарган энелер

Кыргыз жарандарын Украинадан эвакуациялоо үчүн чыгымдарды ар бир жаран өз чөнтөгүнөн төлөй турганын Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымдаган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Киевден Венгрияга эвакуациялоо акысыз болгон. Атын атагысы келбеген кыргызстандык мындайча баяндап берди.

“Элчиликке абдан ыраазыбыз. Алар Будапешт - Стамбул - Бишкек жана Будапешт - Стамбул - Ош авиа каттамы менен Кыргызстанга кайтуу жолдорун сунуштап, бизге авиабилеттерди алууга көмөк кылышты. Мен 3-мартка деп билетти өзүм таап алгам, калганы 5-6-мартта учуп келет. Бизди дипломатиялык номурлары бар жеңил машине коштоп баратты. Мындан улам ар бир блокпостто катуу текшерүү болгон жок. Жолдо карата дүкөндөр иштебейт деп айтылган. Ар бирибизде жегенге тамак, ичкенге суусундук бар болчу. Винница шаарын өтүп бара жатканыбызда эскертүү сиренасы жаңырып, бир аз коркуу сезими болду”, - деди ал.

Украина-Венгрия чек арасы. 1-март, 2022-жыл

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болуп жатат. Бул өлкөдөн чыгарылган кыргызстандыктардын алгачкы бөлүгү 5-6-мартта Бишкекке учуп келет.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.