24-августта Украина өзүнүн СССРден мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялаган күндү орусиялык баскынчыларга каршы согуш кырдаалында расмий белгилөөдө. Бул майрамдык окуя Чыгыш Европадагы жумурияттын жарандарынын эгемендик үчүн узак мөөнөттүк саясий күрөшүнүн натыйжасы болгон. Тарыхчынын блогу.
Айрым мурдагы совет жумурияттарынын элдери “мурда ким элек, ким болдук?” деген суроого жооп издеп жатып, кээде тарыхый үзөңгүлөштөрдүн баскан жолуна кылчаюу аркылуу айрым кошумча жоопторго ээ боло алышат.
Бүгүн, 24-августта, эгемен Украинанын эли өз жумуриятынын Советтер Биримдигинен көз каранды эмес деп жарыяланышынын 32 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
Дагы караңыз Украина менен Кыргызстандын эгемендиги – киндиктеш
Эгемендикке карай жол
Адатта, СССР кулаган жылдын окуяларын ар жумурият өз аймагы үчүн гана кылдат иликтешет эмеспи. Кыргызстанда дагы көбүнесе өлкөнүн Жогорку Кеңеши 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместиги тууралуу декларация кабыл алган күндү ардактап белгилешет. Бул – мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Бул – сыймыктандырган да окуя. Анткени Кыргызстан башка мурдагы советтик борбордук азиялык жумурияттардын ичинен дал ушул декларацияны кабыл алган алгачкы жумурият болуп калды.
Кыргызстандын 1990-жылы 15-декабрда кабыл алган эгемендик тууралуу декларациясы да толук көз каранды эместикке жол ачкандыгын, ошондо эле Кыргызстан жалпы СССР үчүн таңууланган “советтик” жана “социалисттик” деген сөздөрдү мамлекеттик расмий аталышынан чийип салгандыгын жамы журт билет.
(Караңыз: Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2021) / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин. – 2-бас, тол. ж-а оңд. – Бишкек, “Калем” басмасы, 2021. – 1040 бет, жадыбал., сүрөт., карталар.).
Арийне, 1991-жылдын 19–21-августундагы майнапсыз аяктаган эскичил коммунисттердин төңкөрүш далаалатынан (“ГКЧП”) көп узабастан эле, өзүн СССРден эгемен мамлекет катары алгачкылардан болуп жарыялаган жумурият – Украина болду.
Демек, Украинанын бул саясий демилгеси бир нече күндөн соң Кыргызстандын эгемендик жарыялашына кошумча өбөлгө болгондугун ар дайым калыс белгилөө зарыл.
Тасма. 1991-жылдагы ГКЧП окуяларын эскерүү.
Эгемендик “парады”
Албетте, чыныгы эгемендикке умтулуу жолунда советтик Украина деле саптын башында болгон эместигин айта кетүү абзел.
Маселен, Балтика боюндагы өлкөлөрдү көздөй сүңгүсөк, 1988-жылы 16-ноябрда Эстон ССРинин Жогорку Кеңеши Эстониянын мамлекеттик эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алган.
1989-жылы 26-майда Литва ССРинин парламенти, ошол эле жылы 28-июлда Латвия ССРинин парламенти эгемендик декларациясын кабыл алышты.
Кавказда да кыймыл башталган. Ошол эле 1989-жылы 23-сентябрда Азербайжан ССРинин Жогорку Кеңеши да эгемендик декларациясын кабыл алган.
(Айтмакчы, дал ошол күнү, 23-сентябрда, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тилин жападан жалгыз мамлекеттик тил деп жарыялаган; орус тили тек гана этностор аралык баарлашууда колдонулчу тил макамын алган. Бул мыйзам да эгемендик идеяларына түрткү берген).
Ал эми 1990-жылы 11-мартта Литва парламенти өз өлкөсүн СССРден толук чыкты деп жарыялап, 1938-жылдын 12-майында кабыл алынган Башмыйзамды калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Дагы караңыз Эгемендиктин наркы демократия менен да өлчөнөтОрусия да эгемендик күрөшүнөн четте калган эмес. 1990-жылы 12-июнда РСФСР эл депутаттарынын курултайы РСФСРдин мамлекеттик эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алган жана анда жумурияттын мыйзамдары СССРдин жалпы мыйзамдарынан жогору тураары тастыкталган.
1990-жылы 23-июнда Молдованын (ал кезде Молдавия ССРинин) парламенти да өз жумуриятынын эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алган жана мурдагы Молдавия ССРин түзүү чечими мыйзамсыз болгонун баса белгилеген. (Азыркы тапта Молдованын Днестр бою аймагындагы маскөөчүл жикчилдер дал ушул декларацияга таянуу менен өздөрүн эгемен Молдованын сыртындагы мамлекет катары көрсөтүүгө далаалат кылышууда, бирок 1991-жылы ыдыраган СССРдин картасында жана дүйнө коомчулугунда Днестр бою аймагы Молдованын бөлүгү катары тастыкталган).
1990-жылы 23-августта Армян ССРинин Жогорку Кеңеши Армениянын көз каранды эместиги жөнүндө декларация кабыл алган. (1991-жылы 1-мартта парламент күзүндө мамлекеттик көз каранды эместик жаатында атайын референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алып, 1991-жылдын 21-сентябрында Армениядагы референдумга катышкандардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн көз каранды эместик алышы туурлуу сунушту колдогон).
1991-жылы 31-мартта Грузиянын элинин референдумга катышкан бөлүгүнүн 98,93 пайызы өлкөнүн мамлекттик көз каранды эместигин жактап чыккан жана 9-апрелде Грузиянын парламенти жумурияттын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө Актты кабыл алган.
Ошентип, айтылуу ГКЧПга чейинки мезгилде эле өздөрүн СССРден толук көз каранды эмес деп мурдагы советтик 5 жумурият (Литва, Латвия, Эстония, Армения жана Грузия) бир тараптуу жарыя кылышкан.
ГКЧПдан кийинки алгачкы аптадагы окуяларга келсек, Украинанын парламентинин 1991-жылдын 24-августундагы чечимине үндөш чечимди үч күндөн соң, 27-августта, Молдавия ССРинин Жогорку Кеңеши да кабыл алып, Молдованы СССРдин курамынан чыкты деп шардана кылган.
Дагы караңыз Доор ураганда: түрмөккө бет ачарУкраина жана көз карандысыздык декларациясы
XX кылымдын башында Украинанын аймагында ал өлкө 1922-жылы декабрда СССРге киргенге чейин эле улуттук мамлекет түрлөрү түзүлгөндүгү маалым.
Алардын арасында Украина Элдик Республикасы (1917–1921), Украина мамлекети (Українська держава; гетман Павел Скоропадский жетектеген жана кайзердик Германияга таянган бул жеке бийликти “Экинчи гетманат” – “Другий Гетьманат” деп да аташчу; апрелден декабрга чейин, 1918), Батыш Украина Элдик Республикасы (1918–1919) жана Украина Совет Республикасы бар болчу.
Ал эми СССРдеги “Кайра куруулар” доорунун соңку жылдарына келсек, 1990-жылы 16-июлда Украина ССРинин Жогорку Кеңеши “Украинанын мамлекеттик эгемендиги жөнүндө декларация” (“Декларація про державний суверенітет України”) деген маанилүү документти кабыл алган.
Анда Украина өзөктүк куралды эч колдонбойт, мындан ары кошумча өндүрбөйт жана жаңыдан (сатып) албайт, деген коопсуздук жобосу да камтылган.
Бирок анын акыркы жоболорунун биринде бул декларация СССРдин ордуна жарала турган болочокку жаңы биримдиктин келишимин түзүү үчүн колдонулат деген “элдештиргич” аныктама дагы берилген.
Ошол 1990-жылдын күзүндө Украинада эгеменчил жана антикоммунисттик кыймылдар күч алды.
1990-жылы октябрда Киевдин Крещатик аянтында демократиячыл күчтөр саясий ачкачылык жарыялашып, КПССтин жана анын бөлүгү болгон Украина Компартиясынын жеке басар саясий партия катары макамын алып салууну, көп партиялуу башкаруу системасын киргизүүнү, Украинанын толук эгемендигин талап кылып жатышты.
Советтик Украинанын парламентинин акыркы чакырылышындагы жигердүү депутат, оппозициячыл саясатчы Степан Хмара да саясий ачкачылыкка катышты жана өз жумуриятынын толук эгемендигин талап кылып чыкты. Совет доорунда ал диссидент катары абакта да отурган.
Кийинчерээк С.Хмара “СССРдеги украиндерге каршы этноцид” (“Этноцид украинцев в СССР”) деген аталыштагы китебин жарыялаган. 2006-жылы ага “Украинанын Баатыры” жогорку наамы ыйгарылган.
Дал ошол 1990-жылдын октябрынын алгачкы күндөрү Киевде “СССРдеги кулдандырылган элдердин конференциясы” аттуу оппозициячыл жыйын өткөрүлдү. Ага Кыргызстандан КДКнын өкүлү, Балтика боюндагы жумурияттардан, Түштүк Кавказдан, ошондой эле Татарстан сыяктуу айрым орусиялык аймактардан да бир катар демократ саясатчылар жана айдыңдар катышты.
Дагы караңыз Саясий ачкачылык: Тынч ыңкылаптын башатына 30 жылОшол эле айдын акыркы апталарында Бишкекте да КДК өзүнүн антикоммунисттик саясий ачкачылык иш-чарасын уюштурган.
Бул сыяктуу саясий шеринелер жана иш-чаралар эгеменчил күчтөр (анын ичинде орусиялык антикоммунисттик прогрессчил күчтөр дагы) бүткүл СССР аймагы боюнча өз ара байланыш түзүп, бири-бирине тилектештик кылып жатышкандыгын айгинеледи.
Ошентип, 1991-жылдын августундагы майнапсыз аяктаган ГКЧП кутумунан соң, Украинадагы эгеменчил саясатчылар өз өлкөсүн мыйзамдуу түрдө СССРдин торунан чыгарууга укуктук кадам коюшту.
Ушул жерден дароо айтуу керек: Кыргызстандагыдай эле, Украинада дагы алдыңкы көз караштагы мекенчил коммунист депутаттар өз жумуриятынын эгемендигин жактап жатышкан.
Ал эми 1991-жылдын 19–21-августундагы майнапсыз аяктаган ГКЧП окуясынан соң бул алдыңкы көз караштагы коммунисттер өздөрүн КПСС менен байланыштыруудан “шайтандын жанынан качкандай” жаа бою качкандай маанайда качып жатышты.
Дал ушундай жаңы кырдаалда, 1991-жылдын 24-августунда, советтик Украинанын Жогорку Кеңеши “Украинанын көз карандысыздыгын жарыялоо Актын” салтанаттуу түрдө кабыл алды.
Ал кездеги Украина Жогорку Кеңешинин төрагасы Леонид Кравчук (Леонід Макарович Кравчук; 10.1.1934 – 10.5.2022) кийинчерээк (1991-жылы 1-декабрда) эгемен Украинанын туңгуч президенти болуп шайланды. Ал 1994-жылдагы президенттик шайлоону эч кандай бурмалоолорсуз уюштуруп, атаандашы Леонид Кучмага жеңилип калды.
(1995-жылы, балким, Кыргызстанда дагы шайлоолор эч бурмалоосуз өткөн болсо, анда президент Аскар Акаев негизги атаандашы Абсамат Масалиевге жеңилмек болчу, дешет. Андай болгондо ААкаев азыр дагы Бишкектеги төрдө аксакал катары сыйлуу конок болуп отурмак. 2001-жылы, Леонид Кучманын президенттигинин тушунда, мурдагы президент Леонид Кравчук мырза “Украинанын Баатыры” жогорку наамына ээ болгон).
Украинанын Жогорку Кеңешинин 450 депутатынын 363ү парламенттин 24-августтагы чукул чакырылган отурумуна келип катышты. Алар ГКЧП кутуму маалында набыт кеткен үч маскөөлүктү жана Украинада 55 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эл депутаты Богдан Котикти эскерип тунжурап турган соң, отурумдун ишин улантышты.
Киевдеги парламент имаратынын алдына 50 миңге жакын демонстрант келип, көк жана саргылт кош түстөгү желектерди булгалап, мезгил-мезгил менен “Көз карандысыздык!” (“Незалежність!”) деп ураан чакырып турушту.
Парламент спикери Леонид Кравчук өз сөзүндө Украинаны чыныгы көз карандысыз, эгемен мамлекетке айлантуунун кечиктирилгис чараларын иштеп чыгууга үндөдү.
Ал эми парламенттеги коммунисттик көпчүлүктүн өкүлү катары сүйлөгөн Александр Мороз болсо көз карандысыздыкка карай нуктан эч тайбоо керектигин айтып, Украинада армияны реформалоо, өз алдынча бажы кызматын жана өз алдынча улуттук валюта киргизүү, эгемен мамлекетке таандык атрибуттарды кабыл алуу сыяктуу иштиктүү кадамдарды жүзөгө ашырууну сунуш кылды.
Александр Мороз трибунадан Украина Компартиясынын жетекчилигине кайрылып, “бул жумурияттык уюмду КПССтен бөлүп чыккыла” деген талабын айтып, антпесеңер мен өзүм эле Украинанын өз алдынча Коммунисттик партиясын негиздөөгө барам, деп коркутту.
Украинанын улутчул демократтарынын өкүлү, академик, физика-математика илимдеринин доктору, депутат Игорь Юхновский (Ігор Рафаïлович Юхновський) өз сөзүндө “Элдик Рада” оппозициячыл блогу демократияга умтулган орусиялык элди жана Орусиянын президенти Борис Ельцинди колдоорун айтып, эгерде демократиячыл Орусия Маскөө шаарында ГКПЧ кутумуна каршы айбаттуу турбаса, анда Украинадагы демократиялык болочок да күмөндүү болмок, деп эскертти.
Юхновский жумурияттын тагдырын референдум аркылуу чечүүнү сунуштады. Бирок анын дароо эле көз карандысыздыкты жарыялоодон алыс болуу сунушу колдоо тапкан жок.
Айрым депутаттар парламенттеги талкуу маалында КПССке тыюу салуу, ГКЧПны ачык колдогондорду жазалоо тууралуу чакырык таштап жатышты.
Акыры алдыңкы украин коммунисттери дагы демократтар менен кошо “Украинанын көз карандысыздыгын жарыялоо Актын” колдоп добуш беришти.
Дагы караңыз Ежов: Орусиялыктар Путиндин баскынчыл согушуна каршы
Залдагы 363 депутаттын 346сы Украинанын көз карандысыздыгын жарыялоо тууралуу Актты жактырып добуш беришти, бир гана депутат ачык каршы болду, калганы арсар добуш беришти.
Ошол эле күнү Украинанын парламенти Коргоо министрлигин түзүү, өз Куралдуу күчтөрүн түптөй баштоо, укук коргоо органдарын эч бир саясий партияга баш ийдирбөө, улуттук акчаны киргизүү камылгаларын баштоо сыяктуу кадамдарга жол ачкан маанилүү токтомдорду кабыл алды.
Кечкурун сырттагы оппозициялык топтор көтөрүп турган көк–саргылт түстөгү улуттук желек салтанаттуу түрдө парламент залына киргизилди.
Сүйүнгөн жана майрамдык эйфорияга баткан депутаттар “Украина азыр да эч кыйраган жок” ("Ще не вмерла Україна") ырын чогуу ырдап чыгышты.
Андан соң парламенттеги депутаттардын калың тобу мурдагы “Запорожье Сечинин” гимни болгон “Ой-ий, шалбаадагы кызыл калина [дарагы]!” ("Ой, у лузі червона калина") ырын ырдай башташты эле, парламент имаратынын сыртында котолоп жыйылып тургандар дагы бул ырды андан ары чогуу шаңдуу ырдап кетишти.
Фейсбук. Гагауз ырчысы Натали Деңиз "Ой-ий, шалбаадагы кызыл калина [дарагы]!" деп аталган украин ырын өз эне тилинде - гагаузча аткарууда. 2022.
Азыркы Украинадагы майрам
Бүгүнкү Украинанын эли мамлекеттик көз карандысыздык майрамын баскынчыларга каршы айыгышкан согуш кырдаалында белгилеп жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2023-жылы 24-августта сыналгы, интернет (анын ичинде “Твиттер”) аркылуу калкка жолдогон куттуктоосунда бул күн "эркин, кубаттуу жана ар-намыстуулардын” күнү экендигин, тең укуктуу кишилердин, украин эркектери менен аялдарынын орток майрам күнү экенин, бул майрам жалпы өлкөгө таандыктыгын баса айтты.
Көз карандысыз Украина үчүн күрөштө ар бир жарандын орду бар, анткени бул күрөш ар бир жаран үчүн маанилүү, деп президент Зеленский белгиледи.
Президент В.Зеленский украиндердин эрктүүлүгүнө жогорку баа берип, жалпы украин коомунун ынтымагынын зор маанисин айрыкча баса айтты.
“Кимдер далилдей алышса, алардын бардыгы керек: баары тең – кишилер дагы, иш-аракеттер дагы, сөздөр дагы керек, баары тең маанилүү. Анткени биз бардыгыбыз кайсы бир киши: “Украинага даңк!” деп салам айтчу болсо, бүткүл дүйнө жүзү: “Баатырларга даңк!” деп алик кылып жооп бере тургандай кылдык”, – деп президент Зеленский кошумчалады.
Мында азыркы саясий турум камтылган сөз оюну жатат.
Азыркы тапта Украинанын көз каранды эместиги үчүн баскынчыларга каршы согуш жүрүп жаткан маалда саламдашуунун бир жаңы расмий түрү пайда болду.
Аны мусулмандардын жамааттарындагы арап тилиндеги “Ас-саламу алейкум” (“Сизге тынчтык [тилейм]”) деген саламга “Алейкума ас-салам” (Сизге да тынчтык [тилейм]”) деген түрдө жооп узатып, учурашчу жүрүм-турумдук жөрөлгөгө салыштырууга болот.
Кайсы бир эгеменчил украин киши “Слава Україні!” (“[Эгемен] Украинага даңк”) дечү болсо, ага жооп кылып: “Героям слава!” (“[Эгемендик үчүн күрөшүп жаткан] баатырларга даңк!”) деп жооп узатып жаткандарды сыналгыдан да, интернеттен да көп учураттым.
Украин эли өзүнүн 1991-жылдагы Советтер Биримдиги толук ыдырагандагы мамлекеттик чек арасын путинчил баскынчылардан толугу менен кайтарып алуу үчүн атамекендик согушту 2014-жылдан бери улантып келет.
Дагы караңыз Бахмут, эгеменчил Бахмут!
2022-жылдын 24-февралында путиндик режим согушту алда канча кеңири өлчөмдө улантууга өттү. Бирок орусиялык бакынчылардын "Киевди 3 же 5 эле күндө тизелетебиз" деген "чагылгандай тез согуштук" тилегин таш каап, украин аскерлери өлкө чыгышында убактылуу каратылып алган аймактардан улам жаңы шаар-кыштакты баскынчылардан бошотуп алууда.
Дагы караңыз Финляндия: Бейтарап турум жана НАТОго кирүү
Дүйнөдөгү коомчулук, – анын ичинде көп этностуу Орусиянын прогрессчил күчтөрү дагы, – азыркы Кремлдин баскынчыл саясатын ачык айыпташып, орусиялык баскынчы аскерлердин Украинадагы убактылуу басып алынган аймактардан (анын ичинде Кырым жарым аралынан дагы) дароо чыгып кетишин талап кылышууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тасма. Гаагада Орусиянын Украинадагы кылмыштарын иликтөө үчүн эл аралык борбор түзүлдү.
Ал эми украиндер 1991-жылдын 24-августундагы парламенттик маанилүү документ аркылуу мамлекеттик көз каранды эместиги таасын шардана кылынган өз өлкөсүнүн аймагынын бүтүндүгүн камсыз кылууга толук жетишүү – өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгынын азыркы орчун милдети экендигин, ансыз тынчтыкка жетишүүгө мүмкүн эместигин баса айтып келишет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.