УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-июнда Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек "Саймаити журналисттерге 100 миң доллар бергенин" тергөөдөгү эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып билдирди. Ал ошол эле маалда журналисттердин акча алгандыгы тууралуу далил жоктугун кошмчалады.