Бийликти басып алууга айыпталган 30дан ашуун адамдын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду. Алардын бири университетте сабак берген Чолпонбек Сыдыкбаев болсо, экинчиси “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков. Кармалгандардын катарында президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Роза Нурматова да бар. Аны орусиячыл активист катары да сыпаттап жатышат.
Бул окуяга Кремлдин басма сөз катчысы Песковдун үн катышы, айрым орус басылмаларына чыккан макалалар мунун айланасындагы талкууну ого бетер күчөтүүдө.
"Интернетке пикирин, макалаларын жарыялап турчу"
Атайын кызматтын операциясы боюнча 5-июнь күнү белгилүү болуп, бирок расмий маалымат жарыяланган жок. Бир күндөн кийин гана кармалгандардын арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев бар экени белгилүү болду.
Анын кесиптештери саясий илимдердин кандидаты Сыдыкбаев “бийликти күч менен басып алууга” айыпталганына таң калышууда. Чолпонбек Сыдыкбаев сабак берген факультеттин деканы Кундузгүл Базакеева "ал интернетке пикирин, макалаларын жарыялап турчу, мында башка шектүү эч нерсесин байкаган эмеспиз" дейт.
"Ал бийликти алмаштырууга катыштыгы бар дегенге ишене албай турам. Эми калганын тергөө аныктайт деңизчи. Биз анын шектүү аракеттерин байкачу эмеспиз. Бийликтин иши боюнча биз деле сүйлөшүп калабыз. Бул эми ар бир адамдын өзүнүн көз карашы да. Сыдыкбаев да интернетке пикирин, макалаларын жарыялап турчу".
Чолпонбек Сыдыкбаев Улуттук университетте 2010-жылдан бери сабак берип, коомчулукка саясат талдоочу катары таанымал эле. Фейсбуктагы баракчасына коомдогу айрым окуялар боюнча пикирин ачык жарыялачу.
Атайын кызматтын операциясы учурунда кармалгандардын дагы бири жарандык активист, “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков экени белгилүү болду. Ал 2019-жылы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине катышкандан кийин милиция анын ата-энесинин үйүнө барып, бир тууганын суракка чакырган. Гүлжигит Исаков азыркы бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Кемпир-Абад боюнча өз позициясын билдирип жүрчү.
“Мен үчүн бир чети түшүнүксүз, бир чети бүдөмүк болуп атат да. Гүлжигит көптөн бери бийликке сын айтып келатат. Бийлик аларга карата иш таба албай аткан. Табышы мүмкүн эмес эле. Анткени мамлекеттик кызматта иштебесе, коррупционер болбосо, шылуун болбосо. Эч нерсе таппай жүргөн бийлик ушул окуяга тиркеп кармап коюшу мүмкүн да”, -дейт аны менен иштешип калган Бекназар Айталиев.
Атайын кызматтын маалыматында УКМКга 30дан ашуун адам алынып келингени айтылат. Бирок алардын канчоосу кармалганы белгисиз болууда. Ичинен төрт адам күнөөсүн мойнуна алганы кабарланып, алардын инициалдары жарыяланды.
Дагы караңыз Равшан Жээнбековдун камоолор менен коштолгон саясий сапарыКремлдин күтүүсүз реакциясы, түрдүү божомолдор
Бул ишти тергеп жаткан УКМК бул топтун башында “Элдик кеңеш” партиясынын төрагасы турганын билдирди. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, "Элдик кеңеш" партиясын Роза Нурматова жетектейт. Ал 2010-жылдан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабын башкарып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болгон. Мындан тышкары кыргыз өкмөтүндө да иштеген.
“Аталган Н.Р.Стин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Тергөө аныктагандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Атайын кызматтын маалыматындагы "чет элдик булак" белгисиз болуп турат.
Бул окуяга Кремлдин басма сөз катчысы Песковдун үн катышы талкууну огобетер күчөтүүдө. УКМК атайын операция жүргүзгөн 5-июнь күнү Дмитрий Песков "Кыргызстандан тынчыздандырган жаңылыктар келип атканын айтып, ага дыкат көз салып турабыз" деген. Бул боюнча ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Буга удаа эле "Московский Комсомолец" басылмасы Роза Нурматова боюнча кенен макала жазды. Анда "Нурматова батыш баалуулуктарын кыргызстандыктарга таңуулоого каршы чыгып, жалпы советтик тарыхты эске салып жүргөнү" жазылган. Буга мисал катары 2023-жылы март айында Бишкекте өткөн жыйын айтылат. Ушундай окуялардан кийин "Нурматованын артында Орусия турганбы" деген божомол күчөй баштады. Бирок бул маалыматты анын адвокаты, же жакындарынан тактоо мүмкүн боло элек.