Үү Өө Миң: Жаштарга

«Азаттыктын» окурманы Үү Өө Миң (U Ming) жиберген сатиралык ыр

1
Кечээ мага космос жактан факс келди.
Андан кийин e-mail менен кат келди.
Кырк байталга саткан сыяк Кордойду,
Кытайларга саткан оң деп Баткенди.

Чынындале ичиң жаман ачышат:
Кайтпас жакка балдар качып жатышат.
Чалдар деле - виза берсе, менимче,
Эртең эле Римге кетип калышат.

2
Түндө менин Манас кирди түшүмө.
Буудай салып, көө сүйкөдү жүзүмө.
Саталсаңар кырк триллион долларга
Кыргыз ,балким , кирет деди күчүнө.

Бирок кытай ээлеп калса жеримди,
Сакташ кыйын болот деди элимди.
Өзбек менен тажигиңе кошоктоп,
Сенин дагы сыйрыйт деди териңди.

3
Бүгүн кыдыр жолдош болду өзүмө.
Ушунчалык ишендирди сөзүнө.
Коргойт деди Эштегиңдин укугун,
Коңшу болсоң Вашиңтондун өзүнө.

Эркин сүйлөп, эркин жашап Эшматың,
Эдисондой болмок деди Ташматың,
Ата-бабаң тобокел деп түзгөндө
Акышынын Нью-Сох деген ыштатын.

4
Ар бир улут көрсө дагы өз күнүн,
Бир айылга айланууда Жер бүгүн.
Гансидеги учкучтарга тийишип,
Кээ бир кыздар багып жатат төркүнүн.

Аралашып, бара-бара адамзат,
Билимдүүлөр бирдигине баратат.
«Тойотанын» болтун ойлоп тапкансып,
Аксакалдар кыйынбыз деп келатат.

Андай экен - көрсөтпөйбү билимин,
«Нокиадан»* ашып түшкөн илимин.
Үркүндөрдөн сактады деп укпапмын,
«Үү»сү менен «Өө»сү кыргыз тилимин.

Элибизди мифке бөлөп ар кайсы,
Билимсиздик тешип жатат маңдайды.
Исфанадан чөлгө айдалып кыргыздар,
Индейлердин кейпин кийип калбайбы?!

Эл өнүгөт Эркиндикти коргогон,
Билл Гейтс өңдүү мээнеткечин колдогон,
Буштун деле уулу эмес экен ал,
Дөөлөттөрүн көрчү бирок топтогон.

Кыргыз үчүн кара жанын карч уруп,
Бар байлыгын элге чачкан барбы улук?
Таппасаңар - пааша да эмес, эл да эмес,
Бу дүйнөдө адам гана эң улук!

Бийлик үчүн элди окко айдашат,
Ресурстарга көз артышып, сайрашат.
Эл үчүн деп, жер үчүн деп калп эле,
Элди дайым башчылары алдашат.

Ак сүйлөшүп, арам ишин жүргүзөт,
Ак шумкарча - бири жулса, бири «үзөт».
Атасынан калган мүлктү саткансып,
Нур жамал да элди жаман күйгүзөт.

* * * * *

Түшүндүрмө.
* Нокиа» - 5,5 миллион эли бар Финляндиянын эл аралык ишканасы; 2008-жылы анын таза кирешеси 4 млрд. евро болгон.


Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы.