"Тууга тийбе": Бишкекте желекти коргогондор митингге чыкты

Мурдагы айыл чарба министри, жарандык активист Тилек Токтогазиев. 

Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митингге 50дөй киши топтолду. Чогулгандар "Тууга тийбе" жана "Афтандилге боштондук" деп ураан чакырышты. 

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Судья Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.


29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазган.

Тууну коргогон митингге "Дордой" базарында курут сатып иштеген Мирлан Асанов аттуу Бишкектин тургуну да келген. Ал чогулгандарга өз акчасына алып келген желекти таратты.  

Туунун өзгөрүшүнө бир катар коомдук жана маданий ишмерлер да каршы чыгып, социалдык тармактарда пикирин билдирүүдө. 

Митингге Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын колдогондор да келди. 

Митинг тынч өттү, тартип бузуу байкалган жок. Милицияга чогулгандарга көз салып турду. 

Митингге келген Бишкектин тургуну. 

Жарандык активист Руслан Акматбек. 

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова. 

Журналист Канышай Мамыркулова. 

Митингге чыккандар активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылып, бийликти тууну өзгөртпөөгө чакырып, кайрылуу жасап, тарап кетишти.