Мэрия түтүнгө ЖЭБ менен Кара-Кечени күнөөлөдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абанын булганышын ченеген эл аралык уюмдардын көрсөткүчүндө Бишкек шаары сап башынан түшө элек. Мэрия калааны каптаган түтүндөн арылуунун жолу катары Бишкек жылуулук электр борборун газга өткөрүү жана Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салууну сунуштап жатат. Бирок ЖЭБдин жетекчилиги электр борбордун түтүнү абанын булганышынын негизги себеби дегенге кошулбайт.