17-августта Мамлекеттик Дума "Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну" ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.
Орус мыйзамына ылайык, мыйзам долбоору Думада жана Федерация Кеңешинде каралгандан кийин, президент кол койсо расмий жарыяланат.
Бул коопсуздук келишимине ылайык тараптар эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук, экономикалык кылмыш, баңгизаттарды сатуу, кылмыштуу кирешелер, мыйзамсыз миграция, аткезчилик жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташат. Ошондой эле келишим тараптардын аймагын башка тараптын коопсуздугун бузуу үчүн колдонууга жол бербейт.
Дагы караңыз Түркмөнстанда таштанды талаш күч алдыПрезидент Путин келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга 15-августта кол койгон, ал эми орус өкмөтү 5-августта эле мыйзам долбоорун колдой турганын, коопсуздук келишими Борбор Азияда жана Каспий аймагында коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөрүн жарыялаган.
Мамлекеттик Думанын сайтында жарыяланган мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул макулдашуу бүткүл дүйнө жүзүндө жана Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту жана тынчтыкты чыңдоо максатында эки өлкөнүн кызматташтыгын камсыз кылууга багытталганы жазылган.
Түркмөнстан менен Орусиянын ортосунда 17 жыл мурда кол коюлган коопсуздук келишими эмне үчүн эми гана күчүнө кирди?
Борбор Азия боюнча серепчи Брюс Панниер түркмөн тарап Орусиядан келишимди ратификациялоону өтүнүшү ыктымал деген ойдо. Ошондой эле серепчи өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын начарлап баратканына тынчсызданган түркмөн өкмөтү, айрыкча Беларустагы акыркы окуялардан кийин КМШда тышкы коопсуздукка кепилдик издеши мүмкүн деп божомолдойт.
"Келишимдин 17 жылдан кийин ратификация болгону күмөндүү. Эмнеге азыр? Көптөн бери Түркмөнстан Орусиянын эрежелери менен ойнобой калган жана аларды эч ким буга мажбурлаган эмес. Алар газ сатуудан пайда таап, тил табышып келген. Буга эч ким тынчсызданган эмес, анткени Түркмөнстан эч кимди коркуткан эмес. Бирок муну албетте Кремль байкап турган".
Брюс Панниер ошондой эле Кремлдин "орбитасынан" узак убакытка чыгып калган Ашхабад, азыр экономикалык кризистен улам элдин нааразылыгынан коркуп "Орусия жардам берет" деп үмүттөнөрүн да кошумчалады.
Дагы караңыз Коронавирус Аркадагдын жакындарын да тоорудуАл эми Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жана өлкөдө кол коюлган мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жарыялаган Юстиция министрлиги Москва 17 жыл мурдагы келишимди ратификация кылганын расмий билдире элек.
Эки өлкө ортосундагы коопсуздук боюнча кызматташуу жөнүндө тийиштүү келишимге 2003-жылы 10-апрелде президент Владимир Путин жана Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Сапармурат Ниязов Москвада кол коюшкан.
Орусия Борбор Азиянын беш мамлекетинин стратегиялык өнөктөшү. Ошондой эле Орусиянын Казакстанда жети ири аскердик курулушу бар. Тажикстандын аймагында №201 аскердик базасы турат. Анда 7 миңдей жоокер кызмат өтөйт.
Ал эми Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.