Чектөө чылымдын баасын асмандатты

Ашхабаддагы дүкөндөгү "чылым жок" деген жазуу.

Түркмөнстан чылым чегүүнү азайтуу максатында аны сатууну чектеп келет. Мындан улам өлкөдөгү көмүскө базарларда анын баасы эселеп көтөрүлдү. Бийлик ушундай жол менен элди тамекиден оолактата алдыбы?

Түркмөнстанда кадимки эле тамеки мамлекеттик гана дүкөндөрдө сатылат. Быйыл марттан тарта ал дүкөндөрда да белгисиз себептер менен сатылбай калган. 12-октябрдан тарта өкмөттүк дүкөндөр кайрадан сата баштады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2015-жылдагы эсебинде Түркмөнстандагы калктын 8% тамеки тартат.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну такыр нөлгө түшүрүү үчүн шымаланган. Эркин соодага мүмкүндүк бербей, чылым сатууну монополиялаштыруу, анда да түшүнүксүз себептерден улам маал-маалы менен чылымды сатпай коюу президенттин үмүтүн актадыбы? Бул эл арасында кандай өзгөрүүлөргө алып келди?

"Азаттыктын" түркмөн редакциясы менен кызматташкан жергиликтүү жазуучу Аманмурат Бугаевди кепке тарттык.

"Азаттык": Аманмурат ага, бийлик тамекиге тыюу салуу менен ийгиликке жеттиби? Чылым чеккендер азайдыбы?

Аманмурат Бугаев: Жок, андай жыйынтык жок. Бул тыюудан көмүскө базардагы кызылкулактар эле жыргап жатат. Алар бааны бир нече эсе көтөрүп ийишти. Мисалы, бир жыл мурда бир даана тамеки 20 тыйын болчу. Азыр 5 манатка чыкты. Бул Түркмөнстандагы расмий курс менен эсептегенде 1,5 долларга жакын акча.

Мындан тамеки чеккендер азайбады. Айлалары гана куруп атат. Эки-үчөө чогулуп, 5 манатка бир тамеки алып, фронттоштор сыяктуу чеккендер бар. Чылым мамлекеттик дүкөндөрдө гана сатылат. Анда да бир кишиге күнүнө эки кутудан уруксат. Тамеки дүкөнгө келгиче кезекте туруп, анан талап кетишет. Анысы 40-45 адамга араң жетет. А көмүскө базарда беш эсе кымбат. Эмнеге тыюу салынса адам ошону татып көргүсү келет экен. Мурда анча-мынча гана түтөтүп жүрчүлөр эми көбүрөөк чеккиси келип калганын айтып атышат. Мындан мамлекет эч уткан жок.

"Азаттык": Колунда жоктор деле бар эмеспи. Алардын жагдайы кантип жатат?

Аманмурат Бугаев: Чынын айтканда, тамекиге беш-он манат сурап жакындарын тажатып бүткөндөр да бар. Буга окшогон башка мисалдар көп. Мисалы, курулуш бригадирлерине акча эмей эле эки-үч даана чылым үчүн жарым күн иштеп берейин дегендер бар.

"Азаттык": Эми канткен күндө да ушундан көрө деп биротоло таштагандар деле болсо керек?

Аманмурат Бугаев: Кайдагы таштаган? Мен өзүм көрбөдүм. Бирок, кимдир бирөөлөр кадимки эле кара чайдын чамасын чегип атыптыр деп уктум. А мамлекеттин колу анча жете бербеген айыл тарапта тамеки өстүрө башташыптыр деп да угуп атабыз. Кээ бири насыбайга өтүп атышат. Аны колдонгонго да, өстүргөнгө да таптакыр тыюу салынган. Анын да баасы өстү бирок. Болгону кызылкулактар гана утуп атышат.

"Азаттык": Чылымдан башка деле саламаттыкка зыяндуу товарлар бар эмеспи. Маселен, алкоголдук ичимдиктерге да чектөө барбы?

Аманмурат Бугаев: Менин бир таанышым колу жука киши. Бир тал тамекиге акча таба албай жүрөт эми. Ал “ырас тамекини тыйып жатышат, а эмнеге ичимдик күнү-түнү сатылат” деп таң калат. “Мас адам кандайдыр кылмышка барышы мүмкүн, а чылым чегип алып шоктук кылган бирөөнү көрдүң беле” деп жатпайбы. Ырас коомго зыян болсо алгач спирт ичимдиктерин тыйбайбы дегени да.

Анан да макул, коомдук жайда чегүүгө тыюу салсын. Бирок, өзүн чектебесин деп жатышат. Борбордук банкыбыздын эсебинде, түркмөндөрдүн орточо айлык кирешеси жан башына 250-300 доллар. Бир үйдө бир чылымчы болгондо деле азыркы шартта айлыгынын баары тамекиге короп жатпайбы.

"Азаттык": Эми, албетте, тамеки тартуу жакшы адат эмес. Бирок, андан арылуунун башкача жолун тапса болот беле?

Аманмурат Бугаев: Мүмкүн болчу. Бирок тамеки чеккендерге бизде такыр медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Чанда гана клиникаларда чылымчыларга жардам көрсөтүмүш болушат. Анда деле “чекпе, чексең өлөсүң” деген сыяктуу кеңештер менен кутулушат. Дарыканаларда атайын таблеткалар же электрондук чылымдар да жок. Мамлекеттин тыюу менен гана маселени чечкиси келгени чылым чеккен эл үчүн чоң жаза. Өкмөт мындай кадамга барар алдында элди даярдашы керек эле да.

Күрөшөм десең, элиңдин саламаттыгын ойлосоң, алгач жардам бер. Анан талап кыл. Андай болбосо кантип ташташмак эле. Бул эми талашсыз түрдө адамдын укугун бузуу да. Жалаң күч, жазалоо менен элди чылымдан баш тарттыргылары келишет. А көмүскө базардагы сооданы байкамаксан болуп жатышат.