Мамкатчынын сапары Түркмөнстанда жыйынтыкталды

АКШ мамкатчысы Жон Керри жана түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азиядагы иш сапарын түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуудан кийин жыйынтыктады.

1992-жылы Жеймс Бейкердин иш сапарынан кийин АКШнын мамлекеттик катчыларынын баары Ашхабадды кыйгап өтүшчү. Керри алардан айырмаланып, 23 жылдан бери алгач ирет Түркмөнстандын босогосун аттаган мамкатчы болду. Ушундан улам ал Борбор Азиядагы эң жабык өлкөлөрдүн бири, эл аралык укук коргоочулардын кескин сындарынын бутасы болгон Түркмөнстанда анын лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен кайсы маселелерди талкуулаганы дүйнө коомчулугун кызыктырды. Жолугушуудан кийин Бердымухамедов буларды айтты:

- Эң эле негизгиси, соода-экономикалык тармагыбызда АКШ менен кызматташтыкта жакшы тажрыйбабыз бар. Биринчиден, америкалык ири компаниялар бизде көп жылдан бери эффективдүү иш алып барышууда. Мунун алкагында түркмөн-америкалык ишкерлер кеңеши да түзүлгөн. Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШ соода, инвестициялык тармактарда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койгон. Муну менен бирге мен биздин өлкөлөр арасында экономикалык, соода-сатык байланышын өнүктүрүү потенциалыбыз бар деп ойлойм.

Бирок жолугушууда соода, экономикалык мамилелер кандай деңгээлде болгону, АКШнын кайсы ири фирмалары Түркмөнстандын кайсы тармактарында иш алып барып жатканы маалымдалган жок.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Бердымухамедов менен энергетика темасында сүйлөшүүнү каалап жатканын, ошондой эле эки өлкөнүн атуулдарынын потенциалын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкка басым жасаларын айтты:

- Биз адамдарды өнүктүрүү жаатында биргелешип иш алып баруубуз керек. Менимче, ушул заманбап экономика жана тынымсыз өнүккөн дүйнөдө татыктуу жашап кете ала тургандай атуулдарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн жана талантын чогуу арттырышыбыз зарыл. Мына ушундай багытта байланышыбыз өнүгөт деген үмүттөмүн.

Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Түркмөнстандагы адам укугунун абалын эл аралык укук коргоочу уюмдар кескин сындап келишет. "Бердымухамедов 2006-жылы бийликке келгенден бери бул өлкөдөгү адам укугу темир тордон чыккан жок" деп жазат The Daily Observer гезити. Ушундан улам укук коргоочулар Жон Керри бул өлкөдө адам укугу маселесин көтөрөт деп күтүп жатышкан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Йохан Бир Жон Керринин Түркмөнстанга сапарынын алдында “Азаттыкка” буларды айткан:

- Эгерде сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнү карасак, Түркмөнстан 178-орунда турат. Ушундан улам Жон Керри өз сапарында сөз эркиндигине өзгөчө көңүл бурушу керек эле деп ойлойм. Бирок Жон Керри Борбор Азияга иш сапарында бир да өлкөдө адам укугу же сөз эркиндиги тууралуу үн каткан жок. Маселен, Өзбекстанда өзүн кандай алып жүргөнү бизди аябай таң калтырды. Бирок Казакстанда Назарбаев атындагы университетте "террорчулукту шылтоолоп, адам укугун бузууну токтотуу керек" дегени туура болду. Түркмөнстанда да ушундай позициясын билдириш керек.

The Washington Post гезити “Вашингтон Борбор Азиядагы мунай жана табигый газга бай бул өлкө менен байланышын бекемдегиси келет. Бирок андагы коррупция, адамдарды кыйноо жана саясий репрессиялар Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң авторитардуу өлкөгө айланткан. Гурбангулы Бердымухамедовдун дымагы менен азыр Ашхабаддагы эски үйлөр бузулуп, жалтылдаган ак мармарлуу жаңы имараттар пайда болууда. Чөлкөмдөгү Түндүк Кореяга окшош бул өлкө менен эми Керри кантип тил табышары табышмак”, - деп жазган.