Чет өлкөдө каржалган түркмөн студенттери

Архивдик сүрөт.

Тажикстанда билим алган 4 миңден ашык түркмөнстандык студенттер оор абалда калды. Анткени алар колдонгон эл аралык банк карталары убактылуу жабылып, Түркмөнстандан акча которулбай калды. Бул Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу болуп жатканы кабарланды.

Тажикстандагы түркмөнстандык студенттердин көпчүлүгү Садриддин Айни атындагы мамлекеттик педагогикалык университетте билим алышат. Банк карталарындагы эл аралык акча которуунун "Visa” системасынын токтотулушу аларды кыйын кырдаалга алып келди. Университеттерде экинчи жарым жылдыктагы окуу аяктап, жайкы сесия башталганы менен түркмөн студенттери окуу акысын төлөй элек.

- Биз бул жакта колдонгон VISA карталарына акча которуу токтотулганына бир топ эле убакыт болду. Акыркы бир айдан бери Түркмөнстандагы ата-энебизден каражат которулбай жатат. Окуу акысы мында турсун, күнүмдүк керектөөбүзгө, тамак-ашка да каражат жок, - деди аты-жөнүн атагысы келбеген түркмөн студенти.

Педагогикалык окуу жайы.

Садриддин Айни атындагы мамлекеттик педагогикалык университет түркмөн студенттери үчүн өзүнчө чечим кабыл алды. Алар окуу акысын кыйынчылыктан улам төлөй албаса да алардын экзамендерге катышуусуна уруксат берилди. Университеттин ректору Насиржан Салими мындай деди:

- Биздин окуу жайыбызда азыр экинчи жарым жылдыктагы сессиялар өтүп жатат. Түкмөнстандагы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, сынактарды тапшыруусуна уруксат бердик. Ошол эле маалда ал жактан келип окуган студенттердин ата-энелеринин өтүнүчү менен университетте атайын өзүнчө валютадагы эсеп ачтык. Анткени алар Түркмөнстандын Улуттук банкынан уруксат алып, биз үчүн Дүйшөмбү шаарына окуу акысын кыйынчылыксыз которо алышат.

Дүйшөмбү шаарындагы бул педагогикалык университетте эки миңдей түркмөн жаштары келишимдик негизде окуйт. Түркмөнстандагы жогорку окуу жайларына салыштырмалуу Тажикстанда окуу акысы бир топ төмөн болгондуктан көпчүлүк түркмөн жаштары ушул жакты тандашкан.

Насиржан Салими.

​- Түркмөн студенттеринин басымдуусу англис жана орус кафедраларында жана химия факультетинде билим алышат. Жылдык окуу акысы бизде 500 АКШ долларын түзөт. Бул Түркмөнстанга салыштырмалуу бир топ эсе арзан, - дедиректор Насиржан Салими.

Ушул тапта Тажикстанда окуп жаткан 300дөн ашык түркмөн студенттери окуу акысын убагында төлөбөгөндүктөн окуу жайынан четтетилген. Күнүмдүк тамак-ашка акча жоктугунан студенттер жалданма жумуштарда иштеп, кээ бир кыздар сойкулук менен алектенүүгө өтүшкөнүн айрым маалыматтар каражаттары жазып чыгышты.

Азыр Түркмөнстандын өзүндө чет элдик валютанын тартыштыгы күчөп жатканы байкалат. Ошол себептүү түркмөн бийлиги ар кандай жолдор менен эл аралык акча которууга азырынча убактылуу тыюу салды. Бул ириде чет жактарда окуп жаткан түркмөн студенттерине таасир тийгизүүдө. Өлкөдө түзүлгөн бул кырдаалды “Азаттыктын” түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсуф жаратылыш газынын экспорту менен байланыштырат:

- Өлкөнүн казынасындагы кирешенин азайышы газ өндүрүүдөгү чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу. Анткени газды экспорттоо жана сатуу азайганы менен чыгымдар кыскарбай жатат. Ошондуктан чет элдик валюталардын киргизилиши да азайып кетти.

Түркмөнстандагы бул кырдаал 2015-жылы Азия оюндарын Ашхабадда өткөргөн соң башталды. Анткени спорттук имараттарды, шаарчаны курууга жана спортчуларга деп 5 млрд. долларга жакын каражат сарпталган.

- Азия оюндарын өткөрүү жайындагы шаарчанын инфраструктурасын оңдоого түркмөн бийлиги өз каржы булактарын колдонгон. Спорттук иш-чара өткөн соң курулган мейманканалар азыр бош турат жана казынага эч кандай пайда алып келбей калды. Ушундан улам өлкөдө чет элдик валютага болгон таңкыстык күчөп, банк карталары аркылуу сыртка доллар которууга тыюу салынган, – деди Фарух Юсуф.

Ашхабад.

Түркмөнстандын ички экономикасында ушул жылдын башында дагы бир өзгөчөлүк киргизилген. Ага ылайык, жарандар чет элдик валюта менен күнүнө 50 доллар накталай жана банк карталары аркылуу 200 доллар гана соода-сатык жүргүзө алышат.

- Эгерде сен чет өлкөгө чыгып баратып банк карточкаңдан акча алгың келсе Улуттук банкка барып, биометрикалык паспортунду көрсөтүү менен чет өлкөгө чыгып жатканынды далилдешиң керек, - деди аты-жөнүн атагысы келбеген түркмөн студенти.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына ылайык учурда Түркмөнстандын өзүндө "Western Union" акча которуу системасы иштеп, ал аркылуу болгону 50-100 гана доллар алууга болот. Ал да бир топ кезек күтүү менен коштолууда.

2016-жылдын январь айынан тартып Түркмөнстандын Улуттук банкы чет элдик валюталарды накталай сатып алууга тыюу салган. Кардарлар банк карточкалары аркылуу гана (расмий курс менен) бир долларды 3,5 манатка алмаштырып турушкан.

Бирок ага карабай өлкөнүн ички базарларында доллардын баасы болуп көрбөгөндөй чекке, 30 манатка чейин көтөрүлүп кетти. 12-июнга карата бир доллар 21-22 манатка сатылып алынса, базарга 25 манаттан чыгарылууда. Белгидей кетсек, 2017-жылдын декабрь айынан тартып түркмөн банктары тарабынан берилген эл аралык төлөм системасындагы карточкаларды колдонууга чектөө киргизилген. Ал эми өлкөдөгү VISA системасы токтотулган.

Америкадагы университеттин профессору Стивен Хейнке 9-июнда "Твиттердеги" баракчасына мындай деп жазды.

- Азыркы учурда Түркмөнстан инфляциясы улам жогорулап жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. 295% жогорулаган көрсөткүчү менен ал азыр дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Буга чейин бул өлкө 1992-1993-жылдары жана 1995-1996-жылдары эки ирет гиперинфляцияны баштап өткөргөн.

Ашхабаддын тамак-аш саткан дүкөнүндөгү кезек күтүү.

Байкоочулардын баамында, Түркмөнстан экономикалык каатчылыкты эгемендик алган жылдардан бери баштан кечирип жатат. Өлкөнүн жарандары тамак-аш тартыштыгын 1990-жылдардагы абал менен салыштырып жатышат. Анткени азыр өлкөнүн борбору Ашхабаддын дүкөндөрүндө нанга кезек күткөндөр көбөйүп, нан паспорт менен гана сатылып жатканы айтылат. Ал эми ун сатып алууга жашоочулар бир ай мурда жазылышы керек.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт