Түркмөнстанда чылым чегүү опурталдуу

Иллюстративдик фото

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов тамеки тартууга каршы. Андыктан аткаминерлер чылым чегүүнү тыйган эрежени бекем сактап, баш ийбегендер менен катуу күрөшө баштады.

Мамлекет башчынын “2015-жылга чейин тамеки тарткан адам калбасын!” деген ураанын тургундардын көбү катаал чара катары сыпатташууда. Бирок муну ачык айтууга жүрөктөрү даабай турган кези.

Тамеки тартууга каршы жаңы эреже тууралуу ар кандай маалыматтар бар. Жыл башында Ирандагы айрым агенттиктер “январь айынын соңунда Түркмөнстанда чылым чегүүгө тыюу салынды” деп жазышты. Тактай кетчү нерсе, катаал тартипте тыюу салынбаганы менен, тамекиге көз каранды адамдар бир топ кыйынчылыктарга туш боло баштады.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы мунун күңгөй-тескейин талдоого аракет жасады. Бирок кайдан... Түркмөн өкмөтү “Азаттыкты” жактырбайт. Ошондуктан жарандар бул радиого сүйлөп берүүдөн коркушат. Анын себеби түшүнүктүү...

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Түркмөнстанга жүк ташып иштеген түркиялык Мурат аттуу жаранды кезиктирип, аны кепке тартты. Ал Түркмөнстанда жүргөн кезинде чылымдын айынан полицияга сурак бергенин айтып берди:

- Мен Каспий боюндагы Аваза калаасында кафеде чай ичтим. Ал жерден түнкү саат он жарымдарда чыгып, жакын жердеги базарга жол алдым. Колумда тамеки бар эле. Базарга кирер алдында чылымды өчүрдүм. Ошол маалда ары жакта турган полиция кызматкери мени чакырды.

Дүкөндөгу "тамеки жок" деген жазуу

Ошентип, полиция кызматкери Муратты аймактык таяныч пунктуна алып келип суракка алат. Мурат Түркиядагы үй-бүлөсүнө телефон чалып алууну суранат, бирок жакындарына абалды толук түшүндүрө электе уюлдук аппараттагы бирдиги түгөнөт.

- Мен полиция бөлүмүндө отурдум. Тартип сакчылары акт толтурушту. Мен алардан “Кандай күнөө иш кылдым? Бирөөнү өлтүрүп койдумбу?” деп сурадым. Алар “Сиз тамеки тарттыңыз!” деп жооп беришти,- дейт өткөн күндү эскерген Мурат.

Мураттын үй-бүлөсү түрк консулдугуна кабарлап, консулдук кызматкерлери полиция бөлүмүндө отурган Муратка телефон чалышат. Ал жагдайды түшүндүрүп берет.

“Сиз эл арасында тамеки тарттыңыз” деп улам күнөө коюп жаткан полиция кызматкерлерине жинденген Мурат “Кайдагы эл? Айлананы баары чөл болсо. Адамдардын арасында тамеки тарткан жокмун. Түнкү он жарымда көчөдө эл жок болчу”,- деп сүйлөнөт. Анын бул суроосуна полиция кызматкерлери “Сиз көчөдө чектиңиз. Көчө эмес, автоунааңызды айдап баратып тамеки тартсаңыз да сизди колго тушүрмөкпүз. Себеби, жүрүп бараткан унаада тамеки тартпаш керек”,- деп жооп берет. Мындай сурактан башы ооруп чыккан Мурат сыртка чыгып келүүнү сурайт. Анын аябай тамеки тарткысы келген эле...

Административдик мекеменин жанындагы чылымга тыюу салган жазуу

Консулдук кызматкерлери бийлик өкүлдөрү менен бул маселеде сүйлөшкөн соң түркчө сүйлөгөн полиция кызматкери таяныч пунктуна келип, анысын суракка ала баштайт:

“Сиз эмне үчүн Түркмөнстан президентинин чылым чекпөө жөнүндөгү буйругуна баш ийбедиңиз?” - деп сурайт. Мурат бүтпөгөн суроодон тажаганда “Ал буйрук силер үчүн! Менин президентим Түркияда!” - деп жооп узатат. Анын артынан Түркиядагы тамеки тартуу эркиндиги, адам укуктарына болгон мамиле тууралуу сүйлөйт.

Ошентип, кыйлага созулган талаштан соң түркмөн полициясы акт толтурбай, суракты токтотот. Эгер Мурат түркмөн жараны болгондо, 70 манат же 18 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилмек.

Мураттын айтымында, башка мамлекеттин жараны Түркмөнстанга кирип баратканда чек арадан эки куту гана тамеки алып кирүүгө акылуу экен. Андан көп болсо, жоопко тартылат.

Баса, кээде жол кайгуул кызматкерлери Мураттан бир куту тамеки сураган учурлар да кездешет экен. Бирок Мурат бир-эки даана чылым берип гана тим болот. Ага карабай, Түркмөнстанда чылым кымбат эмес.

Быйыл январь айында президент Бердимухаммедовдун “бийлик тамеки тартууга каршы катаал чара көрүшү керек” деген пикирин аткаминерлер өтө “терең” түшүнүп алып, тартип сакчылары “чара көрүү” ыкмаларын күчөткөн...

Макаланын автору Брюс Паннер. Кыргызчалаган Санжар Эралиев.