Жети санын жактырган түркмөн башчы

Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөн президенти күлүк ат же машине минсе адатта жетинчи номердегисин тандайт. Бул жети санын өлкөдөгү кээ бир иш-чаралар учурунда же кабыл алынган чечимдерден да байкоого болот.

27-сентябрда Ашхабадда имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча оюндар жыйынтыкталды. Анда Дүйнөлүк олимпиада же Азия оюндарына камтылбаган спорт түрлөрүнөн мелдештер болгон. Ошентсе да түркмөн бийлиги аны дүйнөлүк чемпионаттардан кем эмес уюштурганы көрүндү. Бирок анда бардык спорттук кызыктар, шоу программадан тышкары да бир өзгөчөлүк көзгө урунду.

Бешинчи Азиада 17-сентябрда кечки сегизден 17 мүнөт өткөндө ачылган болчу. Кайра жабылышы кечки 7ден 17 мүнөт өткөндө башталары билетте көрсөтүлгөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматына ачылыш-жабылыш аземди уюштуруу иши менен тааныш булактар жети саны менен «ойноо» түркмөн президентинин бул санга өзгөчө мамилесине байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.

Түркмөнстандагы мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин бири дагы Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетиге жакындыгын танбайт.

- Президент жети санын өзү үчүн ийгиликтүү деп эсептегенин баары билишет. Негизи түркмөндөр 3, 7, 9, 40 сандарына ырымчыл. Бирок 2007-жылы бийликке келген Аркадагдын жетиге сүйүүсү андан ашып кетсе керек. Байкап көрсөңөр, ал жарыш унааларын, күлүктөрдү мингенде дайыма жетинчи номердегисин тандайт, - дейт атын атагысы келбеген мурдагы бийлик адамы.

Белгилүү орусиялык психолог, Илимдер академиясынын психология институтунун илимий кызматкери Ольга Маховская «Азаттыкка» муну чечмеледи:

- Сандарды жакшы көрүү демейде татаал маселелерди чечүүнү жөнөкөйлөтүү далалаты менен байланыштуу. Бул кандайдыр туура чечимди көрсөткөн төлгө сыяктуу кабыл алынат. Кандай болбосун мунун артында жетилбеген аң-сезим жашырылып турат. Мисалы, балада өзүнүн жоругу менен анын натыйжасынын чыныгы себеп-байланышын талдоо мүмкүнчүлүгү жок болгондо сөз же тамгалар эмес, сандар үстөмдүк кыла баштайт. Сандар аныктык жаратып, сооротуп, чечим так чыккандай сезим калтырат.

Маховская адамдар негизинен жуп эмес, так сандарды жактырышарын, анткени дал так сандар ийгилик алып келет деген түшүнүк барын белгилейт:

- Жети санында кандайдыр ачыктык бар. Сыягы Түркмөнстандын президенти маанайы жакшы кезинде же каалоосуна төп келген бир нерсе болгондо эмнегедир жети саны көзүнө түшүп, жылуу көрүнөт деп өзүнчө жыйынтык чыгарган болушу мүмкүн.

"Жетинин бири кыдыр" деп кыргыздарда да илгертен эле бул санга өзүнчө урмат бар. Бирок түркмөн президенти андан да көбүрөөк урматтайт сыяктуу же балким жөн гана дал келүүдүр?

Ошентсе да быйыл, 2017-жылы Бердымухаммедов кайра шайланганын, иш мөөнөтү бештен жети жылга узартылганын белгилей кетели.

Түркмөн президенти мындан тышкары ак, кызыл жана жашыл түстү өзгөчө жактырары белгилүү. Көбүнчө мына ушул түстөр айкалышкан кийимдерди кийип, музыкалык аспаптарды, унааларды колдонот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.