Түркмөнстанда ун тартыштыгынан улам башталган акция токтотулду

Түркмөнстанда дүкөндүн алдында кезекке тургандар. 5-июнь, 2019-жыл.

Түркмөнстандын Мары аймагында отуз чакты аял ун жана өсүмдүк майынын тартыштыгына байланыштуу нааразылык акциясына чыгып, Ашхабадга барчу жолду тосуп, көп өтпөй жергиликтүү администрацияны көздөй жөнөштү. Аларга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып акциянын ар бир катышуучусуна эки кило ун убада кылды.

Түркмөнстанда үч жылдан бери азык-түлүк тартыш. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр каатчылыкты ого бетер күчөттү. Илдеттин жайылышынан улам өлкөдө чек аралар жабылып, сырттан товар импорттоого тыюу салынган.

Түркмөнстанда коронавируска чалдыккандар каттала элек. Бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынды.