Документ ушул жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.
11-мартта жарыяланган мыйзамда митинг, демонстрация сыяктуу массалык иш-чараларды Түркмөнстандын өлкөдө туруктуу жашаган, жаш курагы он сегизден өткөн жарандары жана саясий партиялар, коомдук бирикмелер, диний уюмдар уюштура алары көрсөтүлгөн.
Бирок андай акцияларды өлкөдө тыюу салынган саясий партиялар, коомдук бирикмелер жана диний уюмдар уюштура албайт, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын же уюмдардын колдоосу менен өткөрүүгө болбойт.
Түркмөнстан эгемендикке жеткен 1991-жылдан бери мындай мыйзам алгачкы ирет кабыл алынып отурат. Борбор Азиянын бул жабык өлкөсүндөгү окуяларды чагылдырган “Түркмөнстан хроникасы” интернет басылмасынын башкы редактору Фарид Тохбатулиндин пикиринде, бул мыйзамдын кабыл алынышына өткөн жылдын соңунда Ашхабадда өткөн нааразылык акциялар түрткү болду. Анда баш калаанын Парахат-7 микрорайонунун 50гө чукул тургуну шаар бийликтеринин көп кабаттуу үйлөрүндөгү кондиционерлерди алуу буйругуна каршы чыгышкан эле. Бул акция күч ала баштаганда, шаар мэри өзү келип тургундар менен сүйлөшүүгө мажбур болгон:
- Бул акция тууралуу кабарлар эл аралык маалымат каражаттарына чыгып кетип, сүрөт, видеолоруна чейин жарыяланган. Ошондо бийлик өзүн коргоо үчүн чара көрүүнү чечип, ушундай мыйзам кабыл алууну чечкендей. Муну менен бийлик митингдерди токтотуу боюнча өз аракеттерин мыйзамдаштыра алат, - деди Фарид Тохбатулин.
Мыйзамга ылайык, массалык иш-чаралар Түркмөнстанда таңкы саат жетиден эрте эмес башталып, түнкү саат онго чейин аякташ керек. Анын катышуучуларына өз жүздөрүн жашырып, беткап кийип же башка буюмдарды колдонуусуна тыюу салынат. Ошондой эле жанына курал же куралга окшошкон буюмдарды алып жүрүүгө болбойт.
Эң негизгиси митинг, демонстрациялар түркмөн президентинин резиденциясынан, парламент жана өкмөт имараттарынан, мамлекеттик телевидение жана радионун имаратынан, дипломаттык өкүлүчүлүктөрдөн жана консулдуктардан, аскерий имараттардан бери дегенде 200 метр алыс жерде өтүш керек.
Акциянын уюштуруучулары алдыдагы иш-чара тууралуу жергиликтүү бийликке күн мурунтан маалымдоосу да талап кылынат.
Ашхабаддык активист Нурберди Нурмухаммад “Азаттык” менен маегинде бул мыйзамдын кеч болсо да кабыл алынганы жакшы жышаан экенин белгилегени менен, башка бир катар байкоочулардай эле анын иштеп кетээринен күмөн санайт:
- Бул мыйзам тыш дүйнө үчүн, Түркмөнстан тууралуу эл аралык коомчулуктун оюн өзгөртүүгө багытталып, кабыл алынгандай. Бул мыйзам менен жакшы, демократиялуу мамлекет көрүнүп, өлкө ичиндеги адам укуктары, бейөкмөт уюмдар боюнча абалды жаап-жашырууну көздөшкөндөй. Бирок эми кабыл алынгандан кийин жакшы багытта иштейт деп үмүттөнүп туралы.
Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда нааразылык акциялары абдан эле сейрек көрүнүш.
Билгендердин айтымында, өлкөдө антиөкмөттүк демонстрация акыркы ирет мындан жыйырма жылча мурун болуп, анын катышуучуларынын көбү баңгилер жана аракечтер катары түрмөгө салынган.
Түркмөн бийликтеринин саясатына, аракетине жеке-жарым каршылык билдиргендер психиатриялык ооруканага күч менен жаткырылган учурлар кездешет.