Түркмөнстан: кабатырлануу коштогон майрам

Ашхабаддагы эгемендик күнүнө арналган майрамдык иш-чара, 27-октябрь.

Түркмөнстанда эгемендиктин 26 жылдыгы азык-түлүк баалары кымбаттайт деген кабатырлануулар менен коштолду. Бул аптада түркмөн манатынын долларга карата курсу төмөндөп кетти.

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда 27-октябрдагы эгемендик күнү адаттагыдай чоң салтанат, оюн-зоок менен белгиленди. Кыдырата, кынтыксыз тизилип, окшош кийинген окуучулар жана артисттердин катышуусундагы майрамдык программа көрүүчүнү канчалык шанга бөлөбөсүн, өлкөдөгү калктын жашоо-шартты мурдагыдай эмес.

Бул аптада Түркмөнстандын улуттук валютасы - манаттын "кара базардагы" куну кескин төмөндөп кетти. Өткөн айда бир доллар 7,5 манат болсо, 23-октябрда 9 манатты түздү.

Мындай жагдай Түркмөнстандагы экономикалык жана каржылык каатчылыктын соңку ишарасы болуп калды. Өлкөдөгү бийликти бир колдо кармаган президент Гурбангулы Бердымухаммедов жана мамлекеттик телеканалдар канчалык четке какпасын өлкөдө баалар кымбаттайт деген кабатырлануу күч.

- Бизге өлкөнүн түрдүү аймактарынан кабарлар келип жатат. Эл кооптонуп жатат. Алар суу май, күрүч сыяктуу күнүмдүк жашоого керектүү азыктарды топтоп алууга ашыгууда. Алар баалар жакында кымбаттайт деп коркуп жатышат. Мындай тынчсызданууга башка да себептер бар. Түндүктөгү Дашогуз шаарында жергиликтүү аялдар бала бакчанын баасы эмне себептен он эсе көбөйгөнүн, тагыраак айтканда, 8 манаттан 80 манатка көтөрүлгөнүн түшүндүрүүнү талап кылып, жергиликтүү администрациянын алдына чогулганы белгилүү болду, - дейт "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсупов.

Бердимухаммедов 11-октябрда орус президенти менен Сочиде жолугуп, ага алабай күчүгүн белек кылды.

Быйыл жайында президент Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. 1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген болчу. Маркум президент Сапармурад Ниязовдун буйругунда мындай жеңилдиктер 2030-жылга чейин уланат деп белгиленген эле.

Түркмөн өкмөтүнүн октябрь айынын башындагы дагы бир чечимине ылайык, 1-ноябрдан тарта жарандар ичүүчү сууга 25 эсе көп акча төлөй турган болушту. Президент Бердымухаммедов өкмөттүк колдоо бара-бара дагы азаярын айтып, баалар көтөрүлөт деген жоромолдорду ого бетер күчөттү.

Адистер өлкөдөгү мындай каатчылыкты энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы жана кулач жайган коррупция менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле өлкө экономикасынын негизин түзгөн газдын дүйнөдөгү баасынын төмөндөшү да мамлекеттик казынаны бөксөрткөнү белгиленип жатат.

Азия оюндарынын жабылыш салтанаты

Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу, доктор Лука Ансесчи өлкөдө экономикалык саясат өзгөрөт деген белгини көрө албай жатканын айтты:

- Биз газ саясатын өзгөртүү демилгесин уккан жокпуз. Түркмөнстандын бюджети өтө жашыруун. Бирок экономикасы жөнөкөй, бир гана булактан түзүлөт. Андыктан газ соодасы кандай жүрүп жатканын карап, бюджетти жоромолдосо болот. Өлкө режими мурдагы долбоорлорду гана алга сүрөп жатат.

Каатчылыкка карабастан Түркмөнстан быйыл сентябрь айында кеминде 7 миллиард доллар жумшап, имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарын өткөрдү. Өткөн жылы Ашхабадда 2,2 млрд долларлык эл аралык аэропорт курулду. Ошондой эле өкмөт Аваза курорттук шаарынын жээгинде жасалма арал куруу планын да жарыялаган.

- Өкмөт баары жакшы, биз бул акчаларды кайра кайтарып алабыз дегени менен, ал долбоорлор акылга сыйгыс. Ал үчүн акча жок, долбоорлор киреше алып келбейт. Балким мурда Кытайга газ куурун салуу сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу оңоюраак болмок. Эки жылдан кийин эл газ куурларына, мунай өндүрүшүнө делген акчалар кайда деп суроо салышы мүмкүн. Акыры ал долбоордун бири да чындыкка жакын эмес экени белгилүү болот,- деди Борбор Азия боюнча талдоочу Брюс Панниер.

60 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери түркмөн элин башкарып келет. Ал экономика туура эмес башкарылат деген айыптарды четке кагат. Маселен, июль айында ал “глобалдык экономика солгундаганы менен түркмөн экономикасы туруктуу” деп айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.