Ачылыш аземде адегенде түркмөн тарыхы, маданияты, баалуулуктары, анын ичинде ахалтекин аргымагы көрсөтүлдү. Аргымакчан уландар ат жалында ойноп, өнөрүн тартуулашты. Албетте түркмөн президенти – аркадагды даңктоо да унутта калган жок. Мындан тышкары Азиадада болчу спорттук таймаштар визуалдаштырылып көрсөтүлдү. Шоу эки жарым саатка созулуп, кишилерди, жаныбарларды кошкондо сегиз миңдей аткаруучу катышты.
Расмий делегациялардан ачылыш аземге Армения, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан президенттери жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын президенти Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына кете турган болгондуктан, ордуна делегацияны вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жетектеп барды.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Азиадага 62 өлкөдөн 5500 чамалуу спортчу жана атайын түзүлгөн качкындар командасы катышууда. Алар 21 спорттун түрүнөн, анын ичинде теннис, бильярд, жиу-житсу, велоспорт, оор атлетика, ат оюндары ж.б. түрлөрү боюнча күч сынашат.
Азия Олимпиада кеңешинин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан оюндарда Азия оюндарында жана дүйнөлүк Олимпиадага камтылбай калган спорт түрлөрү боюнча таймаштар жүрөт.
Оюндардын айрымдары ачылыштан мурда эле старт алган. Расмий сайтындагы акыркы маалыматка караганда, медалдык эсепте Түркмөнстан 37 медалы менен башкалардан оголе алдыда келатат. 13 медалы менен Өзбекстан экинчи. Кыргызстандын эсебинде азырынча бир коло бар.
Газ ресурсуна бай Түркмөнстан буга узак даярданды. 2,2 млрд долларга Ашхабадда жаңы аэропорт курулду. Ал эми ордо калаанын четиндеги 150 гектар жерге салынган олимпиадалык комплексти президенти Гурбангулы Бердымухамедов 5 млрд долларга бүттү деди. Мындан тышкары көптөгөн спорттук жайлар, 45 миң кишилик олимпиадалык стадион салынган.
Түрдүү эсеп боюнча бул иш-чарага жалпысы 10-15 млрд доллар коротулган делет.
Расмий сайты аркылуу түз эфирде жаркыраган түнкү Ашхабадды, андагы жапжаңы жана кооз имараттарды байма-бай көрсөтүп турушту.
Демейде чет элдик туристтер үчүн жабык Түркмөнстан Азиада үчүн чек арасын ачты. Оюндар учурунда оң миңдеген конок келет деп болжолдонууда.
Элин былк эттирбей башкарып келаткан Бердымухамедов бул иш-чараны дүйнөлүк коомчулукка чөлкөмдөгү чоң ийгилик катары көрсөтүп, өлкөсүн спорттук борбор катары тааныткысы келет деп да белгилешет.
Түркмөн расмийлеринин башка дагы спорттук ири майрамдарды, анын негизгиси Олимпиада оюндарын өткөрөбүз деген деми да ушул ойго түртөт.
А болбосо экономикалык эсептер боюнча азыр Түркмөнстанда каатчылык өкүм сүрүүдө. Азык-түлүк, акча тартыштыгы, Азиаданы өткөрүү үчүн каражат карызга алынганы тууралуу көз карандысыз маалымат булактары жазып эле келатышат.
Муну менен катар укук коргоочулар спорттук комплекс куруш үчүн Ашхабаддын четиндеги үйлөр сүрдүрүлүп, андагы жашоочулар куулганын баса белгилешет.
Маселен, Венадагы "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" тобу жана Human Rights Watch акыркы ирет 4-сентябрда эле мажбур көчүрүлгөндөр кыйратылган үйлөрүнө тең компенсация алалбай калышканын билдирип чыгышкан.
Ошондой эле чет элдиктер алдында үлгүлүү, жакшы көрүнүү үчүн оюндар учурунда Ашхабадда алкогол ичимдиктерин сатууга тыюу салынганы, айыл-кыштактардагы жашоочулардын борборго келүүсүнө чектөө киргизилгени, мурда соттолгондорго оюн өтүүчү аймактан алыс болуу буйрулганы, ордо калаа кайырчылардан, жолбун иттер менен мышыктардан тазаланганы кабарланды.