Түркмөнстан уят тасмаларга бөгөт койду

Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөн бийлиги теледен эротиканы жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салынды.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кинодон жана телеберүүлөрдөн жыныстык катнашты, зордук-зомбулукту жана жаман адаттарды көрсөтүүнү тыйган мыйзамга кол койду. Бул чечим өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүү аракети катары сыпатталып келет.

Экинчиден бул мыйзам өспүрүмдөрдүн “дене-бой, акыл-эс жана адеп-ахлак жагынан өсүшүнө терс таасир эткен маалыматтардан коргоо” катары мүнөздөлүүдө. Эң башкысы - мыйзам улуттук кызыкчылыкты коргоого багытталганы белгиленип жаткан кези.

Түркмөнстанда маалымат каражаттарынын баары мамлекеттин карамагында жана катуу көзөмөлдөнөт. Кабелдик телеканалардын берүүлөрү жана кинолор катаал электен өтүп, “ылайыксыз” деп табылган кадрлар кесилет. Бир гана жандооч каналдары аркылуу мамлекеттин көзөмөлүн айланып өтсө болот. Бирок акыркы убакта бийлик жандоочтук антеналарга да тыюу салып жатат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жоокердик өнөрүн көрсөтүп жаткан учур

Түркмөн каналдарында негизинен президент Бердымухаммедовду мактап-жактаган же анын “кубаттуу жана бактылуу доору” тууралуу баяндар жайнайт. Анын жазган китептери көркөм окулуп, мамлекет башчысы машыгып же башкаларды машыктырып жаткан учурлары экранга көп чыгат. Ошондой эле президенттин аскер полигонуна жолтандабасты алкынта айдап келип бута атканы, бычак ыргытмай өнөрү көрсөтүлүп турат. Бирок жаңы мыйзамга ылайык зомбулукту жайылткан көрүнүш катары эми ага да тыюу салынабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Телеберүү тууралуу мыйзам Түркмөнстандын кадыр-баркын көтөрүп, анын жаркын элесин жараткан теле-радиоберүүлөрдү даярдоого чакырат. Ошол эле учурда аткаминерлер президентке жүгүнгөн бойдон жүгүрүп барып, колун өбүш үчүн катар-катар тизилгенин көрсөтүү мамлекетке кандай бедел алып келери күмөн.

Түркмөнстандагы жыйындардын бири.

Мыйзамда ошондой эле “телеберүү боюнча мамлекеттик саясат жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндик принциптерине, цензурага жана маалымат каражаттарынын ишине кийлигишүүгө жол бербөөгө таянат” деп жазылган. "Бирок бул жобо биздин журналистиканы канчалык эркин кылары да бүдөмүк" деп жазат “Азаттыктын” түркмөн кызматы.

Түркмөнстан сөз эркиндиги боюнча эл аралык эсептерде дайыма акыркы орундарда. Маселен, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун акыркы рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн арасынан 178-орунга илинген. Ал эми “Фридом Хаус” эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик - 2018” аттуу жылдык баяндамасында түркмөн мамлекети “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында көрсөтүлгөн. Бул сапта анын Борбор Азиядагы коңшулары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.