Көз жоосун алган жоогазындар

Түркиянын тарыхында жоогазын гүлүнүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхчылар Осмон империясынын символу катары белгилүү болгон жоогазын гүлү Голландияга Стамбулдан жеткирилгенин айтышат.

Фестивалдын алкагында шаардын сейил бактарында жана тарыхый аймактарында отуз миллион түп жоогазын тигилди.

Жоогазындарды Түркиянын бир канча облустарындагы дыйкандар өстүрүшкөн.

Гүлхане сейил багы.

Стамбул шаарындагы жоогазын фестивалына миңдеген жергиликтүү тургундар жана чет өлкөлүк туристтер келишет. 

Жоогазындарды бир ай бою шаардык мэриянын кызматкерлери сугарып, тазалап турушат.

Стамбул шаарында жыл сайын апрель айында жоогазын фестивалы өтөт.