Түркия: кыз-келиндер ден соолугуна кайдыгер

Стамбулдагы ооруканалардын бири.

Түркиянын миграция департаментинде 20 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Айрымдары ден соолугун тобокелге салып бала багуучу болуп же кары жана оорукчал кишилерди карап эмгектенишет. Аптасына бир жолу гана эс алууга чыккандыктан оорулары болсо дагы көрүнө албай кыйналышат.

57 жаштагы Жипариза Ажималиева учурда Анкара шаарындагы мамлекеттик "Нумуне" ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Жипариза 6-сентябрда Анкара шаарында эс-учун жоготуп койгон. Жипаризага алгачкы медициналык жардамды жанында турган Рысгүл Аширапкулова көрсөткөн.

- Мурун эже астма оорусу менен ооручу. Анан "Кыргызстанга акча жөнөтөм" деп барып кеңседен чыкканда эле өзүн жаман сезе баштады. Суу берсек деле өзүнө келе албай койду. Сумкасында оозуна сепкен балончиги деле бар экен, ал да ишке жарабады. Тез жардам чакырып чурулдап эле жатып калдык. Ошол жерде көчөдө өтүп бараткан бир түрк кыз "мунун жүрөгү токтоп калыптыр" деп массаж жасай баштады. Көрсө ал медайым экен. Кийин тез жардам келип, аны ооруканага алып кетишти.

Анкарадагы "Нумуне" ооруканасы менен байланышып Жипаризанын абалын сураганыбызда, маалымат туугандарына гана берилээрин айтышты. Анкарага Кыргызстандан Жипаризанын кызы жана сиңдиси келген. Алар менен Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү сүйлөшүп, ооруканага тийиштүү каттарды жөнөтүшкөн.

Ибрагим Жунусов.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусoв Жипаризанын ооруканадагы төлөмдөрү боюнча буларды айтты:

- Кечээ бейтаптын сиңдиси жана кызы элчиликке келип кетишти. Элчиликтен ооруканага барып бейтаптын абалын доктурлардан сурашты. Догдурлар так маалымат бере алышкан жок. Бирок абалы оор экенин айтышты. Оорукана күнүнө 400 доллар сураптыр. Мен расмий кат жөнөттүм. Төлөмдөрдү жок дегенде жарымына азайтып берүүсүн өтүндүм.

Ооруканадагы Жипариза Ажималиеванын жакындары социалдык тармактан жардам сурап эсеп ачтырышкан. Анткени ал оорукана мамлекеттик болгону менен, кыргыз бейтаптын визасы болбогондуктан төлөмдөр толугу менен төлөнөөрүн билдиришкен.

Түркияда чет өлкөлүк эмгек мигранттары эмгек визасы менен иштегенде гана акысы төмөндөтүлгөн медициналык камсыздандырууну пайдалана алат. 2017-жылы Түркияда эки миңге жакын гана кыргызстандык эмгек визасын алган. Кыргызстандыктар негизинен бир жылдык туристтик виза менен эмгектенишет. Ал визаны алууда талап кылынган медициналык камсыздандыруунун төлөмдөрү аз болгондуктан мамлекеттик ооруканаларда кабыл алынбайт.

Перизат Асаналиева.

Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдар" коомунун жетекчиси Перизат Асаналиева кыз-келиндердин саламаттыгы ойго салаарын айтты.

- Акыркы бир жылда кыргыз кыз-келиндердин арасынан бөйрөк жана гинекологиялык оорулар менен кыйналгандар көбөйдү. Албетте бул жакка жыргаганынан деле келишкен жок. Тапкандарын үй-бүлөсүнө салышат. Акчасын аяп отуруп ден соолугун унутуп коюшат. Оорулары өтүшүп кеткенде гана айла жок догдурга барышат. Жакында эле 31 жаштагы бир мекендеш келинибиз оорудан каза болду. Чет жакта соо киши араң жашайт, ал эми оорулуу киши ого бетер кыйналаарын көрүп отурабыз.

Түркияда мамлекеттик ооруканаларда дарылануу бекер. Бирок ал үчүн өлкөнүн Социалдык фондунда эсеп болушу керек. Ал эсеп чет өлкөлүк мигранттар үчүн эмгек визасы менен мыйзамдуу иштегенде гана ачылат.

Маликага жардам издеген түрк жигит

Маликага жардам издеген түрк жигит

Катуу сабалып, өзүнө келе албай жаткан Маликага Түркиянын социалдык тармактарында акчалай жардам чогулуп жатат.

Анталия шаарында жеке менчик бейтапкана иштеткен, медициналык илимдердин доктору, гинеколог Айла Үчкуйу ага келген кыргыз кыз-келиндердин саламаттыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

- Аялдар ар дайым өз саламаттыгын көзөмөлдөп туруш керек. Өзгөчө жакындары, үй-бүлөсү жанында болбосо бул жоопкерчилик аялдын өзүндө болот. Түркияда мамлекеттик ооруканалардагы догдурлар иш күндөрү гана кабыл алгандыктан мигрант кыз-келиндер бара алышпайт. Мен, тескерисинче, дем алыш күндөрү иштегенге аракет кылам. Бирок мен жеке менчик бейтапкана иштеткендиктен кээде мага көрүнгөнү келип акчасын төлөй албагандар дагы болот. Эгер мигрант кыз-келиндердин тубаса оорулары болсо Түркияга келгенде догдурларга көрүнүп койсо өзүнө эле жакшы болот. Анткени бул жакта медициналык терминдер, дары-дармек да башкача.

Түркиянын Миграция департаментинде 20 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Алар Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда эмгектенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.